Араларынан кыл өтпөгөн таттуу экен. Бир күнү улуусунун аялы:
- Силердин чогуу жүргөнүңөр биздин аркабыздан десе:
- Бизди эч ким ажырата албайт, биз темирдей бекембиз - деп күйөөсү көкүрөгүн ургулайт.
- Убагы келгенде көрөбүз,- деп аялы сөз талашпаптыр.
Күндөрдүн бир күнүндө кой союлуп, баш, шыйрагы менен эт асылат. Эт желип бүткөндөн кийин иниси менен келини өз үйүнө кетишет.
- Эмнени байкадың? – дейт аял күйөөсүнө кумсарган өңүн көргөзүп.
- Эмнени байкашым керек эле. Тынччылык элеби?! - деп жалтактады.
- Эми ук. Бир көзүң бир көзүңө душман деп далай айткам сага. Кулагыңа илдиңби?
- Жайчылыкпы, эй?
– Тигил сенин келиниң, эки алдыңкы шыйракты өз балдарына берип, эки арткы шыйракты биздин балдарга үңүрөйүп туруп кармата салды. Өз балдары алдыда, биздин балдар артта жүрсүн деп ырымдаганы окшойт аның деп буркан-шаркан болду.
Күйөөсү: «Туура айтып жатат, мунун сөзүнүн да жаны бар» деп ойлойт ичинен.
- Аялына алы жетпеген тиги сөлдүрөгөн итти чакыр, көзүн ойуп, кечирим суратып, алдыңа түшүрөйүн, дейт ачууланып.
Ошондо аял иче-карды эзилгенче каткырып күлүп:
- Ой, баатыр, сен бөлүнгүс темир эмес белең? Башкасын мындай кой, бир сөз үчүн өңүң кумсарып, берекең качты. Аялдын сынына чыдабай сыр алдырттың, колуңдан келбегенден кийин эмнеге күпүлдөдүң башында, - дептир.
Эркекти эл менен катыштырган дагы, атыштырган дагы аял!
"Аялдан амал качып кутулбайт."


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев