Свернуть поиск
Правая колонка
Кызды төргө өткөзүп отургузса эле, кээ бир кыздар төрдөн түшпөйбүз деп ойлошот экен. Эмесе кыздардын эсине:
Илгери Нух пайгамбардын Хам, Сам, Жаппес деген үч уулу, Уэсила деген бир кызы болгон экен.
Пайгамбар дайыма кызын эркелетип, сыйлап эч убакта үнүн көтөрчү эмес экен. Уэсила да атасын урматтап, сыйлап, атасынын айтар сөзүн кабак кашынан түшүнгөн акылдуу кыз болуп өстү.
Нух дасторкон жайылганда дайыма кызын үч уулунан жогору чыгарып, төргө олтургузчу экен. Эң чоң уулу Сам, эмне үчүн бизден жаш карындашыбызды бизден жогору чыгарып отургузуп, бизди алакчылап атат деп ойлоп, кыйтыйып калат. Бир күнү дагы тамактанууга олтурганда минтип сурады:
— Ата Уэсила кичүү болсо да, эмнеге бизден жогору олтурат. Уулдун кадыры кыздан бийик эмеспи?- деди.
Биздин ырыс кешигибиздин көп болушу Уэсилага байланыштуу. Кут кызды жакалап жүрөт. Кызды босогого олтургузсаң кейийт, кут качат. Төргө чыгарсаң кубанат,кут даарыйт. Кыздын олтурган орду жайлуу болсо, дасторкон ырыскыга толо болот. Турмушуңар оңолот дептир. Ошол күндөн баштап, Нухтун үч уулу карындашын кадырлап, сыйлап төрдөн оорун беришчү экен.
Үч уулдан калган урпактар Бул жөрөлгөнү дайыма сактап келет. Казак элинде кызды төргө олтургуз, босогого олтургузба деген ырым жырым ушундан чыккан экен. Аялдарыбыз кыз төрөдү деп иренжибегиле, аталардын берекеси ушул кыздарда.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5