
(16-БӨЛҮМҮ)
============
-Эрке,калганын айтпай эле койсомчу? Сени көрүп жүрөгүм ооруп кетти.
-Улант,-дедим көзүмдүн жашын аарчып. Мен башка нерсени күтсөм дагы,бүгүн мындай ачуу чындыктын көзү ачылаарын күтпөгөм. Артыман бирөө суу куйгандай,жок, суу да эмес. Миң канжар менен сайгандай туюлду. Андан ары угууга алым келбей,жүрөгүм чыдабай турса дагы,мен кандай адамды сүйгөм,ал адам мага кандай кыянат жасаганын билүүгө ынтызарланып турдум. Анын үстүнө Адилет сөзүн баштап алган. Андан көрө мунун баарын билбей койсом болмок...
-Эртеси күнү Бека көңүлсүз келде үйгө. Мени менен дагы сүйлөшпөдү. Потолокту тиктеп көпкө жатты,сурасам унчуккан жок. Анан эки күн өтпөй эле айылга акча салды. Мен ал акчаны тиги Малика бергенин досум айтпаса дагы, айдан ачык билип турдум. Анан шашпай отурган соң,өзү эле "Мен Эркени башкага алмаштырдым" деди башын жерге салып. Анын бул нерсеге айласыздан барганы,болгонго миң ирээт өкүнүп турганы кебетесинен көрүнүп атты. Аяп кеттим досумду,бир чети сени ойлодум. Сенин кандай сагынып,сенин кандай күтүп жатканыңды айтып ал, өзү жүрөгү сыздап кетчү. Кийин айтып берди,ошол күнү Малика акча берерин айтып сунуштаптыр. Бирок,албетте, ал акчаны кайра башка нерсеге алмаштырмак. Беканын үйдө түнөбөй,түштө келген себеби да ошол экен,Малика менен түн өткөрүптүр. "Андай кыздар келет,кетет. Эркеге бирин айтпасаң,билбей жүрө берет. Жүрөгүң тандаган адам мн бол!"деп экөөбүз сырдашып калганда кеңеш бердим. Бирок,кайдан? Ал Малика да жөн эмес экен. Каалаган учурунда берген акчасын милдет кылып Беканы алып кетет,биздин, үйдөгү эжелердин көзүнчө бир ийменип койбой Беканы айланчыктап эле калды. Ал эми Бека болсо сени ойлоп эле жүрдү, сыягы кыя албаса керек. Малика анын жанында көздөрү жайнап,бактылуу болуп, колунан келген нерсесин берип жүргөнү менен,Бекназар анын жанында бактысыз болчу. Өтө бактысыз...-деди ал да кейиген түр көрсөтүп. Менин оюма эмнегедир баягы түшүмдө көргөн боюнда бар кыз келди. Денемди муздак калтырак басып, жада калса сүйлөөгө тилим келбей калды.
-Ал... ал кыз... челкасы бар...
-Ооба,кара тору кыз болчу. Ата-энесине машина алып бергенин билсең керек?-башымды араң көтөрүп, кайра шылкыйтып алап буркурап ыйлап кирдим. Андан аркысын уга албайм,жок! Мага бул адамдын кыянаттыгы тургай,жалгыз таштап кеткени эле жетишет! Ал машинаны бир туугандары алып беришпеди беле? Акча чогултуп алдык дебеди беле? Мага салган акчаларычы? Ошол бузукунун акчасын салган эккн да? Мен сагынычтан чыдабай,түнү бою көз жашымды жаздыкка төгүп жатканда,ал тигиниси менен бир төшөктө жаткан экен да? Биздин үйлөнүү тууралуу кыялдарыбызчы? Биринчи түндү элестетип,анан шашпай туралы деп өзүбүздү кармаганыбызчы? Мендее өтүп,ал бекемирээк эмес беле? Айтор,ойлорум түбү жок санаага салды мени. Биринин артынан бир суроо жаралып, ага жооп таппай Адилеттин алдында жалдырап эле отуруп калдым. Ушунчалык бир убакта чын дилимен берилип сүйгөн,мен суктанган, мен ага бой түзөп үлгү алган адамым оюмда өтө пас,өтө кир,өтө жийиркеничтүү адам көрүнүп кетти. Менин ишенимимди, менин ыйга толгон күткөн күндөрүмдү, кыялдарымды, максаттарымды көз алдымда тебелеп жатты. Ага болгон аруу махабатымды ошол акчага,ошол кызга,ошол машинага алмаштырып кетти. Чогуу чечет элек го? Мага айтса мен деле колуман берген жардамымды берет элес го? Ак сүйүүмдү булгады! Биз сүйлөшүп жүргөн убактагы күндөрдү талдап,анын мага орой мамилесин, ар убак жоголуп жүргөн кездерин,анан кез-кезде "түшүнбөйсүң да,түшүнсөң кана?"деген сыяктуу сөздөрүн эстеп,бирде өзүмдү,бирде аны жемелеп жаттым.
-Бирок,ал Малика менен жүргөнү менен сени чын дилинен сүйдү. Ал Маликаны ээрчип кеткен сайын өкүнгөнүн байкачумун. Бир күнү сени үмүттөнүп жүрө бербесин, мамилеңди бүтүр десем,сенин жүрөгүңдү оорута албашын айтты. Анан сен... таблетка ичип алганда... ал артыңан кошо кетейин деди. Ушундай кабатырланды дейсиң,уктабай чыкты. Кетип калайын деп аз калды,бирок ал учурда Малика биротоло өзүнө байлап алган. Өзүнүн машинасын Бекага берип,Бека убактысынын баарын эле ошонусу мн өткөрүп калган. Башында унчукпай жүрүп,кийинчерээк сени айтып,аны менен бүтүр деп баштады. Бека кетип калайын десе эбак аяш апама чалып анын башын айлантып сүйлөшүп коюптур. Анын үстүнө үй бүлөсү анын кредит жаап бергенин билишчү экен. Сени ичимен аячумун. Сени менен сүйлөшпөй калгандан кийин да аябай кыйналды. Бирок ал эбак эле башка жолду тандап алган. Сенин жолуңду тосуп, бактыңды кармай албайт болчу. Айла жок,бошотту сени. Ошол учурларда баары кеч боло электе сага айтайын десем сен мага жооп бербей койдуң. Издейин деп,издеш оор болду. Баягы күндөн бери айтып берейин десем,артыман Бекназар аңдып туруп алды. Ал үйдөгү балдардын да жаагын басып жүрдү. Сени көрүп,муну билишиң керек деп ойлодум. Билем, мен досумдун сырын ачып,чоң күнөө кылдым. Бирок сенде да жүрөк бар. Сен сүйгөн адам кандай экенин билишиң керек болчу.
-Анысы каякта?
-Жакында келет деп атышат.
-Ушунун баарын баарыңар билип туруп,жалгыз мен эми билип атамбы?-дедим дагы деле көзүмдүн жашы токтобой агып. Андан да жаманы жүрөгүм канап жаткан. Жек көрүүм күчөп кетти,аны азыр барып эле жанын сууруп алгым келди,качандыр бир убакта менин жүрөгүмдү жулуп кеткендей. Сезимдеримди, ишеничимди,махабатымды тепселеди. Кандай сонун бактылуу түгөй болор элек? Биз кыялдангандай мен ак жоолугумду салына,тамагымды даярдап аны жумуштан күтүп алмакмын. Ал мени келер замат кучагына кысып,көтөрүп алып айлантмак. Эки жүрөк, бир сүйүү болуп баардык жакта чогуу жүрүп,эч ажырабайт элек. Кандай ажарлуу,акылдуу балдардын бактылуу ата-энеси болуп тарбия берет элек? Кандай өлкөлөрдү кыдырып,жашоонун жыргалына батмак элек? Бизди кандай жаркын келечек күтүп турган. Баарын бир заматта талкалады. Үмүтүмдүн баарын өчүрдү. Жүрөгүмдү музга айлантты. Менин аруу сезимдеримди өзү сүйбөгөн кызга,убактылуу акчага,убактылуу ырахатка алмаштырып кетти. Сүйүп туруп,сүйбөгөн адамын тандап кетти,бактысызым менин. Мен элестеткен аны менен бактылуулук дагы көз алдымда урап түштү. Менин дагы,өзүнүн да бактысына балта чапты. Аны сүйгөнүмө өкүнүп кеттим. Ал сезимдерди эч качан сөз менен айтып жеткире албайм. Адилет андан ары бирдемелерди айтып сооротуп жаткансыды, же алардын бири кулагыма кирсечи? Кулагым тунжурап,көздөрүм тумандап барып өзүмө келдим. Машинадан түшө калып,жерге шыпырылып отуруп калдым. Дале тиги Адилет сооротуп жатат. Ал телефонун алып ары жакка сүйлөшүп кетти,сыягы бирөл мн урушуп жаткандай. Келип менин колумдан алды. Мени мындай абалга жеткирип,ошол чындыктын бетин ачкан Адилетти да жек көрүп кеттим. Селт эттирип колумду тартып алдым. Мени арткы орундукка отургузуп,машинаны өзү башкарып айылды көздөй жөнөдү. Кеч кирип, караңгы түшүп калган. Мемиреген асман, сансыз жылдыздар жана жапжарык болуп тийип турган Ай. Машинаны токтотуп мени чыгарып дарбазадан киргизди. Анан ал бурулуп кеткен соң ал бирөө мн ызылдашып жаткандай дабыштар угулду. Ал үн мага өтө тааныш үн эле. Аны топураган адамдардын үнүнүн арасынан дагы тааныйт болчумун. Көчөгө чыгып ары бассам Бекназар менен Адилет жакалашып туруптур. Мени көргөн Бекназар тиги досун кое берип жаныма басып келди. Жаныма басып келди да карап туруп калды. Сөз айтып,үн чыгарууга ал тургай менин алдымда мынтип жалооруган көздөрү менен кароого да акысы жок эле. Адилет жаныма басып келип ийнимен алып:
-Жүрү,Эрке,сен эс алышың керек,-дегенинде колун жулкуп алып салдым ийнимден. Мен жөн гана тиги маңдайымда жалооруп карап турган көздөрдү,көөнүм толгон жек көрүү,жийиркенич, ыза жана жан дүйнөмдөгү кыйкырык менен карап турдум. Акыры анын чыдамы жетпей көздөрүн ала качты. Үчөөбүздүн бирибиз да унчукпай туруп калдык,ортодо тынчтык.
-Эрке...-деди анан араң үнүн чыгарып. Ошондо да башын жерге салып алып,көзумө кароого эрки жетпеди. Кантип жетсин? Жетсе дагы менин жек көрүүгө толгон көздөрүмдү тиктөөгө анын өкүнүчтү алган көздөрү туруштук бере албайт болчу.
Уландысы бар
Урматтуу окурмандар чыгарма кызыктуу болсо комментарий жазып класс басып колдоп кетиңиздер


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6