Свернуть поиск
Правая колонка
(15-БӨЛҮМҮ)
============
-Бека сени бир көрүп жактырып калган. Анан ал күнү тагдырдын тамашасы болуп,Алик тайкен чалып калды бизге,карындашымды айылга жеткирип койгула деп. Анан Бека дароо өзү жөнөдү баарыбызды калтырып коюп,мындай мүмкүнчүлүк баарына эле берилбесе керек. Ал кеткенден кийин сага көз кырын салган балдар болду,бирок Бекага эч ким сүйлөйт албайт болчу. Кийинчерээк сени менен сүйлөшүп жүргөнүн угуп,билип баштадык. Бека сени аябай катуу сүйдү,анын өзгөрүп баштаганына таң калгам. Өзү дагы сен жөнүндө көп айтып,телефондоруна сүрөттөрүңдү коюп алчу. Анан биз чогуу Москвага кетмей болдук, ал жерде тааныш дос балдар бар болчу. Алар менен чогуу жашап,чогуу иштешип калдык. Башында баары жакшы болчу. Сени сагынганын айтып,кээде айтпаса да байкап калар элем. Көңүлү жок жүрүп сени менен сүйлөшкөндөн кийин кадимкидей көңүлү көтөрүлүп калчу. Анан сен ага жакын арада үй-бүлө курбашыңды айтыптырсың, -деп баштады узун сөзүн Адилет. Анан Бекназар "үйлөнөбүз " дегенинде,мен окууну бүткүчө кое туралы,бутка туралы деп койгон элем. Биздин кыялдар,аткарылбай калган ой тилектер эсиме түштү.
-Бирок,ал Кыргызстанга баргандан кийин сен мектепти бүтсөң,сага үйлөнөм дечү. Мурда Айдай мн сүйлөшүп жүргөндө аны мындай көргөн эмесмин. Шашпай үйлөнөм дей берчү. Бека тапкан акчасын аяш атамдардын кредитин жапканга жумшачу. Өзүнө кичинесин алып калып, баарын айылга салчу. Кредитти жапсам,кичине тыйын чогултуп машина алам деп баштады. Бирок, ал кредит жабылган соң, аяш атамдар дагы чоң суммадагы кредит алып коюшуптур. Анан аяш атамдын да жумушу болбой,кредит төлөөгө акчасы тартыш болду көрүнөт. Биз жакын дос болгон үчүн,Бири-бирибизден сыр жашырчу эмеспиз. Бизде да жумуш токтоп,акча тартыш боло баштады. Квартиранын акчасын берүү кезеги да келип, бир жерден кредит чыгып,андан башка ылайык жумуш чыкпай кыйналып кеттик. Анан биздин подьездде,биз жашаган квартиранын маңдайында бир колунда бар кишинин биз курактуу кызы жүрүп калчу. Биздин үйгө да келип ,үйдөгү эжелерге жардамдашып калчу. Анан көп өтпөй Бека менен сүйлөшө баштады. Анын көз караштарынан, жасаган мамилесинен Бекага бир нерсеси бардай сезилчү. Аны өзүнө айтсам,сени сүйөөрүн айтып туруп алды,-деп сөзүн кысылып уланта албай токтоп калды Адилет. Анын айткан сөздөрүнө ишенбей,ичимен бушайман болуп чыктым. Ал менин көзүмө дайыма таза адам көрүнчү.
-Анан? Эмне токтоп калдың?
-Кантип айтышты билбей турам. Сенин Беканы кандай катуу сүйөөрүңдү билем. Сени аяганым үчүн,анын сырын ачып отурам сага,Эрке,-деп башын жерге сала,бир нерсеге өкүнгөндөй бир саам турду да,кайра сөзүн улады.
-Анан бир күнү аяш апам ыйлап чалды(Беканын апасы). Кредитке акча табылбай,үйдү алабыз деп банктан кишилер келишиптир. Же Беканын жумушу болбой,же менин колуман жардам келбей башыбыз катып туруп калды. Анан аны аяш апамдар чалып же акча таппайсың дегенсип урушуптур. Досум аябай катуу капа болду. Эмне кылаарын билбей, тааныштарынан акча сураштырып да таппайт. Бир күнү эле бутуна тура албай мас болуп келди,-дегенде ошол күнү Бекназардын мага катуу кызып чалганын эстеп кеттим. Аны сооротуп,экөөбүз бирге ыйлап,таң аткыча сүйлөшкөнбүз. Бирок, мага кредит тууралуу ооз ачкан да эмес.
-Кызуу болуп анан экөөбүз чогуу ичип отурсак үйгө тиги кошуна кыз келди. Аты Малика болчу. Эмне болгонун сураса,Бека болгонун болгондой айтып берип, башын салып отурду. Анан Малика өзүнчө сүйлөшөм дегенинен мен эшикке чыгып кеткем. Эмнени сүйлөшүштү билбейм. Ал колунда бар кишинин кызы болчу,өзүнүн тээп жүргөн машинасы да бар,кийинип- жасанып жүргөнүнөн эле билинип турчу. Анан ошо кыздын да досума көз артып туруп алганын карабайсыңбы? !
Үйгл келсем алар жок экен. Көңүл бурган жокмун,андан ары Бека ичип,бир кафеде отурушса керек дедим. Анда жаман оюм жок. Анын үстүнө Бека буга чейин бир да кыз менен болгон эмес,башка балдардай болуп "тигиндей" кыздарга да барчу эмес,-деди ого бетер менин жарама туз сээп. Ичимен өрттөнүп кеттим,унчукпай отурганым менен жан дүйнөм үнүнүн болушунча кыйкырып жатты. Бир чекитти тиктеген бойдон,анын айткан сөздөрү менен өткөн күндөрдү эстеп отура бердим. Бир жолу алгачкы жолу ким менен болгонун сурасам, күлүп "сени менен болот жаным,биз үйлөнүп бактылуу жашайбыз" деп койчу. Кээде ишенбей кетсем,кээде ал менин көзүмө сүттөн ак адам көрүнчү. Ошол ишеничке,ошол сөзгө кирип алып Адилеттин бул айткан ачуу чындык сөздөрүн акыл-эсим кабыл ала албай турду. Көзүмө жаш толуп,дагы бир нерсе десе буркан-шаркан түшүп ыйлап ийчүдөй эле отурам.
Ал күнү Бекназар экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүз жок. Баягы Адилеттин оозунан Бекназардын мага жасаган кыянаттыгын билгенден кийин мен үн-сөз жок жүрдүм бир саамга чейин. Ал учурда алдымда Бекназар турганы менен,тамагым муунуп сөз сүйлөй албадым. Болгону көзүмдүн жашын агызып тура бердим,ал деле унчуккан жок. Актанганда деле,түшүндүрүп айтканда деле пайда жок болчу. Ал баары бир тигинисинен ажырай албайт болчу. Сүйүүсүз болсо дагы,ал кыз оюндагыдай болсо дагы андан баш тартып мага келе албайт болчу. Менин аны кечире алышым деле күмөн. Анын үстүнө Беканын үй-бүлөсү таанып-билип калган кыз,угушумча ошо кызга үйлөнөсүң деп апасы туруп алыптыр. Бекназар дагы апасынын айтканын эки кылбай так аткарар эле. Албетте, машина алып берип көңүлүн алган келин кимге жакпасын?
Ошол күнү ал экөөнү алмак-салмак тиктеп алып,шалдыраган бойдон артыма карабай үйгө кирип кеттим. Андан ары эмне болгонун айтпаса деле түшүнүктүү болсо керек? Укканыма ишене албай жаттым,ыйлап жатып акыры көзүмөн жаш чыкпай калды. Мындай абалымды көргөн апам,"тигиниюди көргөнсүң го?"деп жемелеп баштап,кийин ал да мага боор ооруду сыягы. Унчукпай тескеринче мени алаксытууга аракет кылды. Шаарга 2күн өтпөй кеттик. Жада калса машина айдоого алым келбей,таекем жеткирип барды. Абалымды сурашканынан, апам ооруп жүрөт деп коюптур. Андан кийин үйүбүздө "Бекназар" тууралуу сөз болмок турсун,анын атын аташкан жок. Үй-бүлөм колунан келишинче жардам берип, мени моралдык жактан аябай колдошту. Араң 2 ай дегенде өзүмө келип, өзүмдү колго алдым.
Уландысы бар...

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2