Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

вчера 13:30

АЛДАГАН МАХАБАТЫМ

(14-БӨЛҮМҮ)
============
Баягы айткан мишканы кучактап уктачу болдум. Сыр бербей, билгизбегеним менен Бекназарды аябай сагынып аткам. Мишканы кучактап алып, жанымда Бекназар жаткандай элестетем. Мишканын гилейген колун озумдун белиме имерем дагы,оюмда Бекназар кучактап алганын коз алдыма тартып да алам. Кучактап,кучактап алам. Бул да болсо кичине жардам берет. Анан суйуум кучоп барып,суротторуно тигиле тиктейм. Сурот тартпаган жаным,коздорун эптештирип, суротун тартып катып койгом. Эмнегедир ал суротум Бекназарга окшош,же мен эле окшоштуруп алгам оюмда. Бара-бара жаны таанышкан кезибиз эске тушуп,ошол убактагыдай суйлошчу болдук. Кийин эле кайра ага байланып,баягынын баарын унута коюп,озум тартыла баштадым. Анын мамилеси сууй тушту. Тан калам, бир учурда тен экообуздун суйуубуз куч алганын байкай албадым. Же мен кобуроок тартылам,же ал. Менин сезимдерим ойгонуп,баягы тонуп калган журогумдун муздары эрий баштаганда БЕкназар баягы орой мамилесин баштады. Чалсамжооп берет,суроолорума жооп берет да,ашыкча суйлобой унчукпай отура берет. Ал унчукпай койгон сайын,мен ого бетер ага жармашып,кайра мамилебизди калыбына келтирууго умтулам. Анан бир куну экообуз телефондо кичине келишпей кеттик. Баягы эле анын унчукпай,ун жок соз жок,менин созумду тыншап койгонуна жинденип алгам. Анан кайдагы кызык ойлор пайда боло баштады. Аны да жон турбай,бетке айтып салдым.
-Бироону таап алгансынбы? --дедим эч нерседен бейкапар. Ал "жок"деп койбой,эки эсе кыжырымды келтирип "ыкы"деп ун салды.-Конулун калган го? Андан башка вариант жок менде.
-Экинчиси,-деди ал кулуп.
-Конулум калды дечи. Тушунуктуу. Конул калуу кандай болоорун билем. Макул анда,-деп баштадым мен эски адатым калбай.
-Эрке,тушунбой калдын.
-Конулун калганынбы?
-Конулум сен оз жанынды кыйам деп ойлонгондо эле калган,-деди ал да камарабай. Эн жакын деген адамым журогумо канжар менен сайды.-Сен мени ошондо эле таштап кеткенсин,а суйуу деген андай болбойт,-деди ал. Анан мен анын созун акырына чыгарбай,соз талашып кирдим. Чынын айтсам,ал кунду эстоо мен учун оор эле. Омурумдогу эн коркунучтуу, мен оз омурум менен курошкон кун. Корсо,ал учун менин омурум ушундай эки ооз созго эле татыйт тура.
-Макул,тушундум. ЭКинчи сенин жашооно кийлигишпеймин, бактылуу бол,Бекназар.
-Сен мени менен коштошуп атасынбы?
-Ооба,сенин конулун калган турбайбы. Андан ары суйлошуп эмне пайда? ЖЕ биз чогуубуз,же эч ким эмес.
-Макул,-деди ал. Мен аны таптакыр кызыктырбай калган экенмин корсо. Намысыма тийди. Аны суйгонумо,мен суйгон адам мага ушундай кайдыгер мамиле жасап жатканына окунуп кеттим. ТЕлефонду коюп салдым.
Мен андан биротоло кол узуп,умутумду узгон сон жашообузда кыйын кундор орун ала баштады. Апамдын жумушу боюнча,жашаган уй тууралуу,атамдын туугандары менен келишпестиктер, айтор турмуш мени каалаган жеринен сынап жатты. Ошондой кыйын кундордо чындап жанымда бир адам жетишпей жатканын сездим. Керек болсо ошол адамдын атын гана атоо мен учун ото оор нерселердин бири болуп калды. Баягы "Мен жанындамын, Эркем менин! Баары жакшы болот!" деген адам жок,ыйлап ага жетип бара албайм. Ыйлаган сайын "Мончоктой болгон коздорунду кор кылып,ыйлабачы" дечу. Анан мени сооротуп коюп,менин койгойумду чогуу чечкенге аракет кылчубуз. Бул жолу жалгыз калдым. АЛбетте жанымда апам,синдим бар болчу. Алардын жашоодогу орду мен учун биринчиде турса дагы,коодонумдо боштук туруп алды. Ошондо,суйбой эле койбой дедим. Суйуп азап тарткыча,суйбой мерез журок болгонум артык дедим. Анан бир куну эле чалайын десем,мени баардык жерден кара тизмеге кошуп чыгыптыр. Ого бетер конулум сууп,андан иренжип кеттим. Мени унутам деп,коргусу келбей анан коштубу? Же ушунчалык жек коргон адамына айланымбы? Айтор,суроонун саны коп,жообу жок.
Туулган кунумдо анын куттуктоосун канчалык кутконумду эч бир адам элестете албаса керек. БАардыгы белек-бечкеги менен,куттуктоо создорун айтып жатышса менин кутконум-бир адам. УЛам чалуу же билдируу келген сайын "бул Бекназар" деп ачып карайм да,шалпыйып отуруп калам. Анын баракчасына кирип мени кара тизмеден чыгарса керек деп жуз кирем. Туулган кунум отуп кеткенден кийин кылдай болгон умутум узулду,биротоло жок болду. Экинчи аны эстебеймин, атын атабаймын деп соз бердим озумо. Ал мага кайдыгер карагандай, мага дагы баары бир. Чон апамдын созу бар эле "кулуп журуп ыйлатам"деген, ,ошол созу эч оюман кетпей,ошол прнципке таяна баштыдм. Эми "сенсиз жашоо улана берет"дегенсип, интернет баракчаларына коп кирбей,алдыга чон пландарды коюп,эми келечегим тууралуу олуттуу ойлоно баштадым. Куз айлары келген сон,шаардагы ЖОЖдордун биринде журналистика факультетинде окуп калдым. Айланымдагы адамдардын саны кобойуп,иштерим алдыга жыла баштады. Иштерим алдыга жылып,туйшук кобойгон сайын ал адам жонундо ойлонууга деле убакыт тартыш болуп калат экен.
**
Суйгон адамына мин ишенимдуу болуп, аруу сезиминди арнап, баардык нерсеге даяр болуп суйгондон кийинки эн жаман нерсе-ага окшош адам издей берет экенсин. ЖЕ болбосо башка жигиттерге конулун тартпай калат. Иштерим алдыга жылып, университетте мыкты студенттердин бири аталып, окууда да бир топ ийгиликке жетишкеним менен журогумдун эн тупкурундо баягы сезимдердин улбурогон оту жанып, катылып жаткан. Ага чейин балдар менен мамиле куруп жургонум менен,АЛ алардын бирине дагы окшобойт болчу. Озгочо камкор,мээримдуу, оор учурда колдой билген, конулум жокто эркелете суйлоп,далай жылмаюмдун, далай бакыт менен кайгымдын себепчиси болгон адам. Ушунчалык суйууну батырган озумдун кичинекей, алсыз журогумо тан калам. Унутууга мин аракет кылсам дагы,алардын биринен майнап чыкпады. Болбой эле ал адам менен болгон кундор,бактылуу муноттор эс-тутумумда кечээ куну болуп откондой эле сакталып тура берди. Анын кулкусу,бетиндеги мен ашык болгон ууртучасы,бакырайган коздору,кара каштары далай жолу коз алдыма тартылды. Жалдындап турган кучагы,оттой ысык эриндери далай тушумо кирди. Мына,кичинеден ал адам жашоомдо оз ордун жоготуп баратат деген сайын ар убак тушумо кирип,кайра озу туурасында эске салып турат. Айтор,андай адамдарды унутуу мумкун эмес экен. Анан эн башкысы айтайын дегеним,мезгил дарылабайт! Мезгил отушу менен журоктогу жаралардын оорусу,сагынуу менен кусалык бир аз гана басандайт. А сезимдер болсо баягы журоктун тубундо,ал журок биротоло ташка айланып,бычырап жок болмоюн жашай берет. "Адамды адам дарылайт! "дейт. Адамдар да дарылабайт! Алар ого бетер журоктун дартын кучотуп,ал адамга окшошпосо,ошол журок ээсин эске салат. Бакыт же ырахат тартуулай турган адам болушу мумкун,суйуу? ЖОк,суйуу тартуулаган адам бироо эле болот экен.
1-курсту ийгиликтуу аяктадым,ортодо автошколага барып права алдым.Права алуу дагы онойго турган жок, чуркачу иштери коп экен. Аны менен бирге озумдун иштеп бир аз чогулткан акчама, уй-булом устуно акча кошуп машина алдык. Чынында,бул машина апамдыкы болуш керек болчу. БИрок, ал машина айдоону уйроно албашын, менин права алганга жараша ал машинаны алышымды, анын мага туулган кундук белек катары берилгенин айтып туруп алды. Башында шаардын жолдорунда айдоо бир азга кыйынчылык жаратты, аз-аздан тайкемди жаныма отургузуп айдап жатып, акырындык менен конуп кеттим. Анан коп барбай калган айылыма,машинамды таене-таятамдарга корсотойун деп,уй-булом менен кереметтуу Ысык-Колдун узун жолуна сапар алып кеттик. ТАята-таенем биздин жетишкендиктерге аябай суйунду, жетине албай кан чыгарып, мал союшуп чакан той откорушту. Анан эртеси куну эле мен сырымды сактаган, далай бактылуу муноттордун, коз ирмемдердин кубосу болгон Ысык-Колдун жээгине жонодум. Машинамды стоянкага токтотуп жатып, козумо тааныш машина урунду. Бул машина кимдики экени айтпаса да белгилуу. Башында журогум элеп-желеп болуп барып,анан бир саамдан кийин баягы алоолонгон сезимдер мурункудай куч албай калганын байкадым. Анын устуно катуу депрессия болуп жургонумдо озумду алаксытыш учун коптогон психологиялык китептерди окугам. Мурункудай эмоцияга алдырып, бул ирээт анын алдында сезимдерге баш ийип бере калбайт болчум. Машинадан тушуп жай кадамдар менен жээкти коздой жонодум. Алыстан майда кумдар корунуп, анан бирин-серин элдер корунуп баштады. Мемиреп кол жатат. Майда толкундар жээкке шарпылдап урунат. Четкерээк чыгып,жээкти бойлой киши жок жакка бастым. Оз ойлорум менен болушуп,бугумду колдон чыгарып жаттым. Бул жолку кол менен кезигуу коп жакшы кундорду эсиме салды. Ыйлап жиберем го десем,жок,ал кундорду бир гана жылмаюу,жакшы ойлор менен гана эсиме тушурдум. Жээкке болгон сагынычым тараган сон,кун уясына батып баратканда кайра уйго жонойун деп стоянка жакка бастым. Менин унаам менен катарлаш турган унаалардын жанынды мындан 3жыл мурда коргон,кол жээкте отурган балдар турушкан экен. Баары мени дароо тааный коюшту,жапырт бурула карап калышты. Сыягы,оз унаасына тушуп кетет деп кутушкон эмес го,машинаны от алдырып жатсам,тан калгандарын жашырбай карап жатышты. Анан машина ордунан жылган сон мен 2жарым жылдан бери корбогон,мени кайсы бир убакта жалгыз таштап кеткен адам менен коздорум чагылыша тушту. Мурдагыдай коздорумду ала качпай,ишенимдуу турдо тике карадым да,аны омурумдо биринчи жолу коруп жаткандай бурула карап,оз жолум менен кеттим. Бул жолу кайра сезимдерим ойгоно калып,мамилебизди кайтаруу туурасында ойлонгон жокмун. Акыркы жолу жакшы эле конулум калган корунот. Албетте,бул коздордун чагылуушуусу онойго турган жок мен учун, бирок,чогуп да кетпедим. ЭЧ нерсе болбогондой уйго бардым. Эртеси уй-булобуз менен келдик кол жээкке. Бул жолу дагы кечээки машиналар токтоп турду менин унаам менен катарлаш. Уй-булобуз болуп жээкке жайгашкан сон, бир пакет калыптыр машинада деп,кайра артка жонодум. Машинадан пакетти алып,эшигин жаап жатсам:
-Кандайсын,Эрке? -деген кулагыма тааныш ун угулду.
**
-Жакшы,-дедим жай бурулуп. Баягы Адилет досу экен. Чынын айтсам,Адилетти менин артыман чыга калат деп күтпөгөм. Мурдагыдан бир аз өзгөрүлө түшүптүр. "Тиги" адам менен мамилем бүткөндөн кийин кез-кезде интернет баракчаларынан жазып жүргөн,жоопсуз калтырып жатып биз андан ары сүйлөшкөн эмеспиз.
-Өзгөрүлүп кетиптирсиң го,тааныган жокмун,-деген сөзүн да жоопсуз калтырып, аны ыңгайсыз абалга салдым көрүнөт.-Жакшы жүрөсүңбү?
-Рахмат,жакшы. Өзүң?
-Жүрөм дегендей. Балдар менен эс алып жүргөнбүз,-деди машинага көз жүгүртө карап.-Машина алдыңбы?
-Ооба,туулган күндүк белек,-дедим ары жакта бирөөнүн көз салып турганын байкап. Бул баягы мени баалабай кеткен,баркымды түшүнбөгөн адам болчу. Бир да көңүл бурбастан Адилет менен маектешип туруп алдым. Көп өтпөй аны менен коштошуп,тиги адамдын жанынан аны эч качан тааныбагансып өтүп кеттим. Жада калса артыма кылчайып караган жокмун. Бирок,көп жыл бою жүрөгүмө бүлүк салып,мени сагындырган, мен сүйгөн адам менен мындай кырдаалда жолугушуу мен үчүн оңой болгон жок. Көл жээкте эс алып болгон соң,үй-бүлөм жыйнагыча сиңдим экөөбүз алгач стоянка жакка жөнөп кеттик. Аңгыча Адилет аркаман келип,сүйлөшөлү дегендей кылып токтотту.
-Сени менен өзүнчө сүйлөшөйүн дегем,-деди эки жагын бир нерседен кооптонгондой каранып. Сүйлө дегенсип карап койдум. Ал сөзүн баштагыча ары жактан Бекназар көрүндү. Бери басып келбей,ошол бурчтагы бактын жанында биз тарапка көз салып гана тура берди. Аны көргөн Адилет:-Макул, шашпай сүйлөшөлү. Сага жазам,Эрке,- деп чуркап кетти. Мен көңүл бурбагансып машинага отурдум да,алдыңкы күзгүдөн тигилерди карадым. Бир нерсени талашыштыбы, айтор,урушуп жаткандай ары басып кетишти. Ал түнү түшүмө кирди. Бир кара узун чачтуу кыз менен артын салып кетип баратат. Ал кыздын жүзүн көрө алган жокмун. Бир топ кадам баскан соң мага бурулуп жалооруй карады. Ал көздөрдө бир сыр катылып жаткандай,бирок эмне сыр экенин түшүнө албадым. Ал жөн гана бир белги берип жаткансып мени караган бойдон кете берди. Көздөрү менде болгону менен,тиги кызды энесин жетелеген жаш балача жетелеп баратат. Түшүмөн ойгондум,бирок ага көңүл бурганым жок. Мындай түштүн далайын көргөм,далайына үмүт этип,акыры үмүтүм үзүлүп гана кала бергем. Ошон үчүн бул түштү деле жоруп,андан үмүт кылуу майнапсыз болчу. Мурдагы 16 жаштагы түшүнө ишенип,анын орундалышына тилектеш болгон секелек Эрке жок.
Күүгүм кирип баратканда интернет баракчасын ачтым. Айткандай Адилет жазыптыр. Маанилүү сөзүм бар эле дейт. Жаман оюмда,жактырып калгандардын бири болсо керек деп божомолдоп койдум. Дагы билдирүүсү жоопсуз калды. Эртеси күнү кечке маал айласы кеткен кишидей чалды мага.
-Эрке,мен сага айтышым керек сөзсүз. Бир эле жолу угуп койчу.
-Макул,каяктасың? -ал өзү келерин айтты. Мен ишенбегенимден өзүм бараарымды айтып болбой туруп алдым. Кийинип алып аны алып кетейин деп бардым көчөсүнө. Машинанын алдыңкы ордуна отуруп мага учурашты.
-Ии,угуп жатам сени.
-Бул жерде сүйлөшсөк болбойт. Бизди көрүп калышат.
-Көрсө эмне экен?
-Болбойт. Аркы коңшу айылдын көлүнө айда,-деди Адилет улам эки жагын каранып. Анын мынтип кооптонуп жатканына бир аз жиндене түштүм. Анан көлгө жетпей,катарлаш турган бактардын жанына токтоткон соң:
-Анчалык эмне болуп кетти? Ушунча жашыруун сөз беле?
-Бека жөнүндө.
-Ал жөнүндө болсо бекер алып келдиң. Биздин мамилебиз эбак бүткөн,Адилет.
-Угуп тур,сенин абалыңды көрүп мен четте тура албадым,-дегенинде гана анын сөзүнө кызыга түшүп,башта дегенсип карадым. Анан ал мен көптөн бери билбей жүргөн,ачуу чындыктын көзүн ачып,узун баянын акырындап баштады.
Уландысы бар...

АЛДАГАН МАХАБАТЫМ  - 5395372885589

Комментарии 1

Венера Раимкулова
Венера Раимкулова
вчера 18:20
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 28 172Фото 23 363Видео 1 633Участники 40 984
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 28 172
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться