
УБАКЫТ ЖАНА СҮЙҮҮ
Бир алыскы чакан аралда адам баласына тийиштүү Сезимдердин тобу жашаган экен. Алар: Кубаныч, Сүйүнүч, Бакыт, Байлык, Кайгы, Таарыныч, Үмүт, Туюм жана башкалар болчу. Арасында, албетте, Сүйүү да бар.
Күндөрдүн бир күнүндө эле, ушул ажайып кооз арал кыйыры билинбеген көк мухиттин түбүнө чөгө баштайт деген коркунучтуу кабар тарайт. Дүрбөлөңгө түшкөн Сезимдер сактанып калыш үчүн ар кандай аракеттери менен камынып, кайык-кемелерин даярдап, бир күнү эле анан баары тегиз бул аралдан аттанып кете башташат. Бир гана Сүйүү сезими сүйүктүү аралын таштап кеткиси келбей, даярданбай, чыгынбай жүрө берет да, сактанууга мүмкүнчүлүк болбой калганда гана башка Сезимдерден жардам сурай баштайт.
Мына, бакыйган кемеси менен Байлык жылып кетип баратат.
– Байлык, мени ала кетчи, – деп суранды Сүйүү. Анда Байлык:
– Алтын–күмүштөрүм, асыл таштарым өтө көп болгондуктан, бул жерден сага орун табылбайт, кемем да көтөрө албайт, – деп жооп берет ал кайдыгер гана.
Сүйүү андан ары Кайгыга кайрылып:
– Мени ала кетчи... – деп жалынычтуу карайт.
– Оо, Сүйүү, мен ушунчалык кайгырып тургандыктан, жалгыздыкты гана самап жатам, – деп, ал дагы кылчайбай узап кетет.
Эми Сүйүү жанынан өтүп бараткан Кубанычка кол жаңсап үн салды. Бирок, Кубаныч айланада болуп жаткан башаламандыкка деле көңүл бурбай, өзүнчө бир эргип, кубанычка батып тургандыктан, Сүйүүнүн үнү анын кулагынын учуна да жеткен жок.
Айласы кеткен Сүйүү бир убакта: “Кел, Сүйүү, мен сени ала кетейин” деген жагымдуу үндү угат. Артын жалт карап эле, жылуу жүздүү карыяны көрөт да, сүйүнгөнүнөн анын ким экенин да сурабай, кемесине секирип түшөт.
Ошентип, күндөн күн алмашып, түндөн түн алмашып олтуруп, көк мухиттин жээгине, кургак жердин өзүнө жеткенде, Сүйүүнү түшүрүп коюп карыя андан ары өз жолун улап жөнөйт.
Мындан аркы жашоом кандай болот деген ойлорго басылып калган Сүйүү карыянын кемеси алыстап кеткенде гана эсине келип, аны куткарган мээримдүү карыя ким экенин сурап калбаганына катуу өкүнөт.
– Мени куткарып калган ким болду экен, сен аны тааныйсыңбы? – деп сурады ал жанында турган Үмүттөн.
– Ооба, тааныйм, ал Убакыт болчу, – деди Үмүт.
– Убакыт?.. Таңкалычтуу, эмне үчүн Убакыт гана мага колун сунуп, өз жардамын менден аябады экен?.. – деп күбүрөндү Сүйүү.
Ошондо Туюм жылмайып:
– Көрсө... Убакыт гана билет, Убакыт гана түшүнөт, Убакыт гана баалайт турбайбы Сүйүүнүн бул жашоодо канчалык зарыл экенин! – деп жооп берет.
⠀
⠀
🖌 “Сүйөм деп арзууңду ашыгыңа БҮГҮН айт, силерди баалайм деп досторуңа жарыяны БҮГҮН сал, жакындарыңа аларсыз бир да күнүң жок экенин БҮГҮН билдир... Анткени, КЕЧЭЭ деген убакыт агып кетти, ал эми ЭРТЕҢ деген күн кандай болуп келээрин эч кимибиз билбейбиз...”
Омор Хаям, перс ойчулу, акын (1048–1131)
⠀
⠀
📙“Жашоонун сыры кайда катылган?” китебинен алынды. (Бишкек, 2019-жыл. Адамзаттык казынадан алынган икаялардын топтому. Тексттерди эркин которгон С.Кыдырмаева)


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев