Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

11 апр

Кайдыгерликтин кесепети"

Бир дыйкандын үйүнүн бурчунда кичинекей чычкан жашачу. Бир күнү ал ашканада дыйкандын аялы капкан коюп жатканын көрүп, катуу коркуп кетти.Чычкан шашкалактап сарайга чуркап барып, биринчи болуп тоокко кайрылды:
— Тоок! Үйдө капкан коюлду! Мага жардам бер! — деп жалынып жатты.
Тоок мурдун көтөрүп:
— Ээ, чычкан, ал капкан сен үчүн. Мен тоокмун, мен капканга түшпөйм. Өзүң кам көр, — деди да, үрпөйгөн жүнүн түзөп алып кайра жемин чокуп кетти.
Чычкан андан ары койго жүгүрдү:
— Кой деди! Капкан коюлду, чоң балээ болушу мүмкүн! Эмне кылам?
Кой жүнүн силкип:
— Түшүнөм, бирок мен ал жерде жашабайм. Менин көйгөйүм эмес сенин көйгөйүң — деп кайдыгер каяша кайтарды.
Акыры чычкан уйга барды:
— Уй суранам! Капкан койду! Жардам бер!
Уй болсо бир көзүн жүмпөй:
— Ээ чычкан, тынч жүр. Мен чоңмун, капкан мага бир тыйын да кыла албайт, — деп салмактуу басып кете берди.
Айткандай эле, түн ортосунда капкан “чарт” этип жабылды! Бирок капканга чычкан эмес, үйгө кирип кеткен жылан түшүп калыптыр. Дыйкандын аялы караңгыда аны чычкан деп ойлоп колун сунганда жылан тиштеп алды.
Аял ооруп калды. Айылда салт боюнча ооруп калганда тоок этинен шорпо кылып берет. Ошентип, дыйкан койду мууздап шорпо жасады. Бирок аялдын абалы начарлап, кыштактан туугандары келе баштады. Алар үчүн уйду союп, конок күтүү башталды.
Чычкан болсо сарай бурчунда көз жашын куюп, “мен айтканда эч ким укпады” деп гана кейип турду...
Сабак алуучу жагдай
Кайдыгерлик — бул кайсы бир ишке, окуяга же адамга көңүл кош, жоопкерчиликсиз мамиле кылуу. Бүгүн кайдыгер болуп койгон бир кадамыбыз, эртең балдарыбыздын, коомубуздун, мамлекетибиздин тагдырына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Эгер биз билимге, тарбияга, тазалыкка, коомдук баалуулуктарга кайдыгер мамиле кылсак, анда өзүбүздүн келечегибизди өзүбүз бузуп жатабыз. Ар бирибиздин жоопкерчиликтүү мамилебиз гана жарык келечекти курууга өбөлгө болот.

Кайдыгерликтин кесепети" - 5394980390997

Нет комментариев

Новые комментарии
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Следующая публикация
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

ЛентаТемы 28 141Фото 23 329Видео 1 633Участники 40 951
  • Подарки
Левая колонка
Всё 28 141
Обсуждаемые

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

Зарегистрироваться