Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

10 апр

( Окуя )

Кай бир заманда баш кошуп бирге түтүн булатып жашаган жубайлар болуптур. Алар үй-бүлө курганына көп болсо да араларында тез-тез жаңжал чыгып турчу экен.
Күйөөсү:
- “Бир сөздөн калсаң өлөсүңбү? Аялдай болуп баш ийсең боло”, десе, аялы:
- “Кечке чейин бир ооз жакшы сөз айтып көңүл көтөргөндөн убактыңды аяйсың”,-деп жооп кайтарат. Бул сыяктуу чыр-чатактарды көптөн бери угуп жүргөн коңшусу келип:
-Аркы өйүздөгү айылда даанышман аксакал бар. Ал силердин ортоңордогу маселени чечип берээрине ишенем дейт. Жубайлар ээрчишип, аксакалдын алдына барып арыз-муңун айтып беришет. Даанышман экөөнү эки башка бөлмөгө жайгаштырып:
- “Ушул кагазга бири-бириңердин кемчилигиңерди жазгыла”,-деп экөөнө экиден ак кагаз берет. Аялы бир жарым бет баракка эринин кемчилигин жазып чыгат. Эри болсо эки бетти толтуруп, акылманга келип дагы кагаз сурайт. Ошондо даанышман:
- “Мен кагаз сурап келээриңди билгем. Аялыңдан ажырашууну каалайсыңбы же жарашуунубу?”,-деп сурайт. Тиги киши, ортобузда эки бала бар, ажыраша турган ниетим деле жок. Мага моюн сунуп жашаса эле болду деп жооп берет.
Аксакал:
- “Эркек адам эч качан аял кишиге теңелбеши керек. Эгер моюн сунуусун кааласаң өзүңдүн амалың менен бул абалды өзгөртүшүң керек. Мисалы, азыр экөөңө тең кагаз берсем ага теңелип сен да анын кемчилигин жазып жатасың. Колуңдагы кагазды жок кылып, мен чакырганда алдыма келгин. Мен уруксаат бергенге чейин сүйлөбөйсүң дейт.
Көп өтпөй даанышман жубайларды алдына чакырып, аялга жазгандарыңды оку деп ишарат кылат. Аял окуй баштайт: - “Менин бар же жок экениме деле көңүл бурбайт, мага убактысын аз бөлөт, кеч келет, жакшы сөз сүйлөгөндөн жаны чыгат...”,-деп жазгандарынын барын окуп бүтүрөт. Даанышман:
- Эми сен жазгандарыңды оку деп күйөөсүнө кайрылат. Тиги киши бош кагазды аксакалга узатат. Аялы күйөөсүнүн эч нерсе жазбаганын көрүп, анын кемчиликтерин жазып ката кылганын түшүнөт да ,көзүнөн жаш төгүлүп жолдошунан кечирим сурап ,алдына жыгылат. Жолдошу аялынын мындай ийилип кечирим сураганын көрбөгөндүктөн, ага мээрими төгүлүп, ошол жерден жарашышат. Даанышманга ыраазылыгын айтышып, үй-бүлө бактылуу өмүр сүрө баштаган экен.
Кээде унчукпастык канчалаган жакшылыкка жеткизет. Унчукпастык мусулман пендесинин эң жакшы мүнөзү пайгамбарыбыздын хадистеринде да айтылган . Унчукпастык бейишке кире турган жолдордон, унчукпай адам төмөн болуп, жерге да кирип кетпейт. Жакшы адамдын сыпатын унчукпаганын бил дешет, биздин көп аалымдарыбыз ушундай болушкан. Демек үй-бүлөөнүн бактылуулугана да кээде унчкапай койу керек.

( Окуя ) - 5394966977877

Комментарии 7

Айнуру М
Айнуру М
🎁🎁
10 апр
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жамиля Сейдалиева
    Жамиля Сейдалиева
    10 апр
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    🪐 🌲
    Мен унчукпай топтоп анан жарылам
    10 апр
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жамила Тилявалдыева
    Жамила Тилявалдыева
    11 апр
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Рахат Дадаева
    Рахат Дадаева
    Ооба туура
    11 апр
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Санталат Жолдошова
    🎁🎁
    12 апр
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Зейнеп Насирдинова
    Зейнеп Насирдинова
    Унчукпасан уйдой балееден кутуласын дейтго👆
    16 апр
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 28 141Фото 23 329Видео 1 633Участники 40 951
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 28 141
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться