
Зекет деген эмне? Араб тилинде «зекет» деген сөздүн сөздүктөгү мааниси – “тазалык, көбөйүү, өсүү”, шарияттагы мааниси - бул колунда бардар адамдын (нисабга ээ) өзүнүн мүлкүнөн Алла Таала белгилеген (кырктан бир бөлүк) өлчөмүн кедей жана колунда жок адамдарга, бөлүнгөн мүлк ошол адамдардын менчигине өтүү жана эч кандай кайра кайтаруусуз шарты менен таратуу.
Суроо: Зекет берүү фарз болуп эсептелеби?
Жооп: Ооба, анткени зекет бул Алла Таала буйрук кылган фарз ибадат. Мындайча айтканда зекет - намаз, орозо жана ажылык сыяктуу эле фарз болуп эсептелет. Зекет бул Исламдын беш түркүгүнүн бири. Намаз менен зекеттин ортосундагы айырма бул эгерде намаз дене ибадаты болсо, ал эми зекет пенденин малы менен кылынган ибадаты. Алла Таала Куранда зекетти берүүгө буюрган:
"وأقيموا الصلوة وءاتوا الزكوة"
“Намазга тургула жана зекетти бергиле...”
Зекетти кимдер бериш керек
Суроо: Зекетти кимдер бериш керек?
Жооп: Зекет ар бир эс-акылы дурус, балагатка жеткен, нисабга ээ (байлыгы зекет берүү өлчөмүнө жеткен) мусулманга фарз болуп эсептелет.
Суроо: Зекет берүүнүн өлчөмү канча?
Жооп: Зекеттин өлчөмү, зекет берилүүчү мүлктүн наркынын эки жарым пайызын, же кырктан бир бөлүгүн түзөт. Мындайча айтканда нисабга ээ болгон мусулман адам, байлыгынын кырктан бир бөлүгүн колунда жок жана кедей адамдарга таратып бериш керек.
Суроо: Нисаб деген эмне?
Жооп: Нисаб – бул мүлктүн шарият тарабынан белгиленген өлчөмү. Мүлктүн өлчөмү ушул белгиленген чекке жеткенде зекет берүү фарз болот. Нисаб акча бирдиги жана товар менен жана ошондой эле алтын жана күмүш менен да өлчөнөт. Нисабдын өлчөмү шариятта – 612 грамм 350 миллиграмм күмүш же 87 грамм 479 миллиграмм алтын. Эгерде кимдин 612 грамм 350 миллиграмм күмүшү же 87 грамм 479 миллиграмм алтыны же 612 грамм 350 миллиграмм күмүштүн баасынчалык мүлкү болсо, анда ал адам зекет берүүгө милдеттүү.
Суроо: Зекетти качан бериш керек?
Жооп: Кимдир бирөө нисабга ээ болуп жана ошол убакыттан баштап ай календары боюнча ортодон бир жыл өтсө, ага зекет берүү фарз (сөзсүз милдеттүү) болот. Бул жыл “зекет жылы” деп аталат.
Суроо: Кайсы мүлктөн зекет берилет?
Жооп: Зекет бериле турган мүлк беш категорияга бөлүнөт:
1)алтын, күмүш, бардык акча бирдиги (валюта) жана товар болуп эсептелген бардык мүлктөр;
2)төөлөр;
3)уйлар;
4)койлор;
5)жердин түшүмү;
Суроо: Товар зекет бериле турган мүлккө киреби?
Жооп: Ооба, товар зекет бериле турган мүлккө кирет. Эгерде товардын баасы нисабка тең же андан ашык болсо, анда бул учурда товардын зекетин берүү керек.
Суроо: Товар кайсы баа менен эсептелет?
Жооп: Товар базар баасы менен эсептелет, мындайча айтканда, өздүк наркы менен эмес, базар баасы менен эсептөө керек.
Суроо: Нисабдын канча түрү бар?
Жооп: Нисабдын эки түрү бар:
1)Нисаб нами – бул нисаб шариятта өсүүчү болуп эсептелет. Нисабдын бул түрүнө ээ болгон адамга зекет берүү фарз. Бул нисаб өзүнө жогоруда айтылып кеткен зекет берилүүчү мүлктү камтыйт.
2)Нисаб гойр нами – бул нисаб өзүнө “хажат аслияга” кирбеген бардык буюмдарды камтыйт. Нисаб гойрияга ээ болгон адамга зекет берүү фарз эмес, бирок анын зекет алууга акысы жок.
Суроо: “Хажат аслия” деген эмне?
Жооп: Хажат аслия деген бул жашоого эң зарыл болгон, ансыз жашоо өтпөй турган, мисалы, турак-жай, кийим, күнүмдүк жашоого керектелүүчү акча, же ансыз жашоо өтсө да бирок жашоо өтө оор боло турган, мисалы: үй эмеректери, унаа, кол өнөрчүгө керектелүүчү аспаптар ж.б. Ислам окумуштуулары хажат аслияга мобилдик телефон, кир жуучу машина, палас, килем, муздаткыч, диван, керебет, мебель жана ушул сыяктууларды киргизишкен. Бул аталгандардын бардыгы хажат аслияга кирет.
Суроо: Өздүк буюмдардан зекет берилеби?
Жооп: Товарга кирбеген өздүк буюмдар: үйлөр, квартиралар, машинелер, дачалар, жерлер, оргтехникалар, адистик буюмдар жана аспаптар – булардан зекет берилбейт. Жана ошондой эле асыл таштардан (алтын жана күмүштөн башка) да зекет берилбейт.
Суроо: Кыймылсыз мүлктөрдөн, мисалы: үй, квартира, жер, магазин, заводдун имараты сыяктуулардан зекет берилеби?
Жооп: Жогоруда айтылып кеткендей, кыймылсыз мүлктөрдөн зекет берүү фарз эмес.
Суроо: Эгерде кимдир бирөөнүн эки үйү болсо, биринде өзү жашаса, экинчисин ижарага берсе, экинчи үйдүн наркынан зекет берүү зарылбы?
Жооп: Экинчи үйдүн наркынан зекет берүүнүн кереги жок. Бирок, эгерде ижара акысынын суммасы нисабга жетсе, же аны зекет берилүүчү мүлккө кошкондо суммасы нисабга жетсе, же ашса, анда ижара акысынан да бөлөк мүлктөр менен катары эле зекет берилет. Бирок, экинчи үй, өзү жашабаган үчүн хажат аслияга кирбегендиктен, ал адамга садака-фитр берүү керек.
Суроо: Карыздар адам зекет төлөөгө милдеттүүбү?
Жооп: Карыздар адам, зекет бере турган мезгилде, карыздын өлчөмүн зекет берилүүчү мүлктүн наркынан чыгарып салуу керек, эгерде калган сумма нисабга жетсе же ашса анда зекет берүүгө милдеттүү, ал эми калган сумма нисабга жетпесе, анда ага зекет берүү фарз эмес.
Суроо: Карыз хажат аслияга киреби?
Жооп: Ооба, карыз хажат аслияга кирет, ошондуктан аны зекет бериле турган мүлктөн чыгарып салышат.
Суроо: Адам сатуу максатында кыймылсыз мүлк сатып алган болсо, андан зекет берилеби?
Жооп: Эгерде, кыймылсыз мүлк сатуу максатында алынган болсо, андан зекет берүү милдеттүү болот, анткени сатуу максатында алынган мүлк товар болуп эсептелет, ал эми товар нисаб намиге кирет. Бул абал кыймылдуу мүлктөргө да тиешелүү. Мындайча айтканда, сатуу максатында алынган бардык мүлктөн зекет берилет.
Суроо: Товардын зекети кантип берилет?
Жооп: Зекетти акчалай берсе да, товардын өзү менен берсе да болот. Бирок, акчалай берген жакшыраак.
Суроо: Бир адам нисабга ээ болсо, бирок зекет берээр учурда бардык болгон акчасын колунда жокторго таратып берген болсо, бере турган зекети анын мойнуна карыз болуп калбайбы?
Жооп: Зекет берүү милдетинен кутулат, анткени ал бардык акчасын муктаждарга кайыр садага кылып берип койду.
Суроо: Эгерде бир адам ага зекет берүү фарз болгондон кийин банкрот болуп калса, ал зекет берүүгө милдеттүүбү?
Жооп: Эгерде адам толук банкрот болуп, эч кандай мүлкү калбай калса, анда ага зекет берүү фарз болбойт, бирок акчасынын кандайдыр бир бөлүгү калса жана ал нисабга жетсе, анда зекет берет, ал эми нисабга жетпесе, бербейт. Ал эми адам акчасын атайын бирөөгө берип, же эч кандай пайдасыз коромжу кылып койгон болсо, анда зекет берүү анын мойнуна карыз болуп калат.
Алтын жана күмүштүн зекети
Суроо: Мусулман адам кандай алтын күмүш буюмдарынан зекет берүүгө милдеттүүбү?
Жооп: Мусулман адам алтын жана күмүштөн зекет берүүгө милдеттүү, мейли ал жасалга, идиш-аяк же болбосо жөн эле куйма болсун.
Суроо: Күмүштүн нисабы канча?
Жооп: Күмүштүн нисабы эки жүз дирхам. Эгерде дирхамды граммга айландырса, анда ал 612 грамм 350 миллиграмм болот.
Суроо: Алтындын нисабы канча?
Жооп: Алтындын нисабы жыйырма динар мыскал. Жыйырма динарды граммга айландырганда ал 85 грамм түзөт.
Суроо: Эгерде бир адамдын алтыны болсо, бирок ал нисабга жетпесе жана андан башка эч нерсеси жок болсо, ал зекет берүүгө милдеттүүбү?
Жооп: Жок, бул учурда ал зекет берүүгө милдеттүү эмес.
Суроо: Эгерде бир адамдын күмүшү болсо, бирок ал нисабга жетпесе жана андан башка эч нерсеси жок болсо, ал зекет берүүгө милдеттүүбү?
Жооп: Жок, бул учурда ал зекет берүүгө милдеттүү эмес.
Суроо: Эгерде бир адамдын алтыны жана күмүшү болсо, бирок анын бири дагы нисабга жетпесе, ал зекет берүүгө милдеттүүбү?
Жооп: Бул учурда алтындын наркын күмүштүн наркына, же күмүштүн наркын алтындын наркына кошуу керек, эгерде алардын бирөөсүнүн суммасы нисабга жетсе, анда зекет берилет, ал эми алтындын да, күмүштүн да суммасы нисабга жетпей калса, анда зекет берүү милдет эмес.
Суроо: Эгерде бир адамдын нисабга жетпеген алтыны болсо, бирок анын наркы күмүштүн нисабына барабар же андан көп болсо, ал зекет берүүгө милдеттүүбү?
Жооп: Жок, зекет берүүгө милдеттүү эмес. Анткени, алтын өзүнүн нисабына, күмүш өзүнүн нисабына жетүүгө тийиш, бирок, бир шарт менен, эгерде анын алтындан башка эч нерсеси жок болсо, мындайча айтканда күмүшү да, товары да, накталай акчасы да жок болсо. Бул абал күмүшкө да тиешелүү.
Суроо: Эгерде бир адамдын бир аз алтыны же күмүшү жана бир аз акчасы болсо, ал зекет берүүгө милдеттүүбү?
Жооп: Эгерде акчасын алтындын же күмүштүн наркына кошсо жана жыйынтыгы алтындын же күмүштүн нисабына жетсе же ашса, анда ал зекет берүүгө милдеттүү.
Суроо: Эгерде бир адамдын алтыны жана күмүшү жок, бирок накталай акчасы же товары болсо, анда ал зекетти алтындын нисабы менен береби же күмүштүн нисабы мененби?
Жооп: Зекетти кедей жана муктаж адамдарга пайдасы көбүрөөк тийе турган нисаб менен эсептөө керек. Мисалга, акчага айландырганда 612 грамм 350 миллиграмм күмүштүн баасы 85 грамм алтындын баасынан азыраак болсо, анда зекет күмүштүн нисабы менен эсептелет, анткени бул учурда зекет бере турган адамдар да жана зекет алуучу кедей жана муктаж адамдар да көбүрөөк болот.
Товардын зекети
Суроо: Товардан зекет берүү керекпи?
Жооп: Ооба, мусулман адам сатуу үчүн алынган ар бир буюмдан зекет берүүгө милдеттүү. Коомерциялык максатта алынган ар бир буюм товар болуп эсептелет.
Суроо: Товардын зекети кантип берилет?
Жооп: Товардын зекетин товардын өзү менен берсе болот. Бардык товардын эки жарым пайызы кедейлерге берилет. Бериле турган товардын наркын акчага айландырып, акчалай берсе да болот.
Суроо: Эгерде бир адам кандайдыр бир буюмду сатуу максатында алып, кийин аны өздүк пайдаланууга калтырам деп ниет кылса, анда ал буюмдун зекети берилеби?
Жооп: Жок, эгерде ал ниетин өзгөрткөн болсо, анда ал зекет берүүгө милдеттүү эмес.
Суроо: Эгерде бир адам кандайдыр бир буюмду өздүк пайдалануу максатында алып, бирок кийин аны сатууга ниет кылса, анда ал буюмдун зекети берилеби?
Жооп: Жок, ал буюмдун зекетин берүү милдет эмес.
Ниет
Суроо: Зекет берүү үчүн сөзсүз ниет кылуу керекпи?
Жооп: Зекет – бул ибадат, ошондуктан зекетти берүү үчүн ниет кылуу, зекеттин зарыл шарты болуп эсептелет.
Суроо: Зекетти берүү үчүн ниетти качан кылуу керек?
Жооп: Ниетти зекетти берип жаткан учурда кылуу керек. Албетте, ниетти зекетти берүү үчүн каражатты бөлүп койгон учурда деле кылып койсо болот. Мисалга, бир адам бериле турган зекеттин тиешелүү суммасын бул бериле турган зекет үчүн деп бөлүп коюп, кийин ал акчалардан кедей, муктаждарга бере турган болсо, зекети берилди болуп эсептелет.
Суроо: Жылдын ортосунда нисабга кандайдыр бир өлчөмдө акча кошулса, калган мүлкү менен кошо андан да зекет берилеби?
Жооп: Ооба, ал акчаны жалпы суммага кошуп, жалпы зекет жылы аяктоосу менен зекетин берүү керек.
Суроо: Зекетти зекет жылы аяктай элекете берсе болобу?
Жооп: Ооба, зекетти алдын ала берип койсо болот.
Суроо: Эгерде бир адам нисаб ээси болсо жана жылдын ортосунда финансылык абалы начарлап мүлкү нисабга жетпей калса, бирок жылдын аягына чейин кайрадан нисаб өлчөмүнө жетсе, ал адам зекет жылы аяктоосу менен зекет берүүгө милдеттүүбү?
Жооп: Жылдын ортосундагы финансылык абалынын начарлоосу аны зекет берүү милдетинен бошотпойт, эгерде жылдын башында жана аягында ал нисаб ээси болуп эсептелсе.
Суроо: Өздүк буюмдан зекет берилеби?
Жооп: Өздук буюмдардан: үйлөр, квартиралар, машиналар, дачалар, жерлер, оргтехникалар, кесиптик буюмдар жана аспаптардан зекет берилбейт, эгерде бул айтылып өткөн нерселер товар болуп эсептелбесе. Зекет ошондой эле асыл таштар жана металлдардан (алтын жана күмүштөн башка) берилбейт.
Суроо: Завод жана фабрикаларда колдонулган жабдыктар же спецтехникалардан зекет берүү керекпи?
Жооп: Эгерде жабдыктар сатуу үчүн эмес, өндүрүш үчүн пайдаланылып жаткан болсо, анда алардын наркынан зекет берилбейт.
Малдын зекети
Суроо: Малдан зекет берилеби?
Жооп: Жылдын көпчүлүк мезгилинде (алты айдан ашык) жайыттарда оттогон малдан зекет берилет. Ал эми алты айдан ашык колдон тоюттанган малдан зекет берилбейт.
Суроо: Зекет малдын кайсы түрүнөн берилет.
Жооп: Зекет төөлөрдөн, уйлардан, кой-эчкилерден жана жылкылардан берилет.
Суроо: Айыл-чарба жумуштарына пайдаланылган малдан зекет берилеби?
Жооп: Жок, андай малдан зекет берилбейт. Зекет көбөйтүү үчүн багылган малдан гана берилет.
Төөлөрдүн зекети
Суроо: Зекет канча төөдөн берилет?
Жооп: Эгерде төөлөр алты айдан ашык жайыттан оттоп жана алардын саны бир жыл бою бештен көбүрөөк болуп турса, анда алардын зекетин берүү фарз болуп эсептелет.
Зекеттин өлчөмү мындайча эсептелет: бештен тогузга чейин - бир кой; ондон он төрткө чейин – 2 кой; он бештен он тогузга чейин – 3 кой; жыйырмадан жыйырма төрткө чейин – 4 кой; жыйырма бештен отуз бешке чейин – бир жашар ургаачы төө; отуз алтыдан кырк бешке чейин – 2 жашар ургаачы төө; кырк алтыдан алтымышка чейин – 3 жашар ургаачы төө; алтымыштан жетимиш бешке чейин – 4 жашар ургаачы төө; жетимиш алтыдан токсонго чейин – эки 2 жашар ургаачы төө; токсон бирден жүз жыйырмага чейин – эки 3 жашар ургаачы төө; жүз жыйырма бирден жүз жыйырма тогузга чейин – эки 3 жашар ургаачы төө жана бир кой; жүз отуздан жүз отуз төрткө чейин – эки 3 жашар ургаачы төө жана 2 кой; жүз отуз бештен жүз отуз тогузга чейин - эки 3 жашар ургаачы төө жана 3 кой; жүз кырктан жүз кырк төрткө чейин - эки 3 жашар ургаачы төө жана 4 кой; жүз кырк бештен жүз кырк тогузга чейин - эки 3 жашар жана бир ургаачы төө. Эгерде төөлөрдүн саны 150гө жетсе, анда үч 3 жашар ургаачы төө берилет. Андан кийин эсеп 120 төөгө жүргүзүлгөндөй эсептелет. Эсеп ар бир 50 төөдөн соң жаңыланып турат.
Суроо: Зекет кандай төөлөрдөн берилет, бир өркөчтүүдөнбү же эки өркөчтүүдөнбү?
Жооп: Зекет бардык төөлөрдөн, бир өркөчтүүдөн да жана эки өркөчтүүдөн да бериле берет.
Эскертүү: Зекетти ургаачы төө менен гана берүүгө болот. Эркек төөлөр менен да берсе болот, бирок бул учурда аларды ургаачы төөнүн баасы менен эсептөө керек.
Уйлардын зекети
Суроо: Канча уйдан зекет берилет?
Жооп: Эгерде уйлар алты айдан ашык жайыттан оттоп жана алардын саны бир жыл бою отуздан көбүрөөк болуп турса, анда алардын зекетин берүү фарз болуп эсептелет. Зекеттин өлчөмү мындайча эсептелет: отуздан отуз тогузга чейин – бир жашар торпок же кунажын; кырктан – 3 жашар торпок же кунажын. Кырк баштан ашык ар бир башка 2 жашар торпоктун наркынын кырктан бир бөлүгү берилет. Мисалы, эгерде 2 жашар торпок 20 миң сом болсо, анда бир уйга - 500 сом, эки уйга – 1000 сом, үч уйга – 1500 сом ж.у.с. Мындайча айтканда, кимдин 42 ую болсо, анда бир эки жашар торпок жана 1000 сом берилет. Бул Абу Ханифанын (рахм.ал) пикири боюнча. Ал эми Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммад (рахм.ал.) кырктан алтымыш башка чейин эч нерсе кошулбайт дешет. Уйлардын саны 60 ка жеткенде зекетке 2 бир жашар торпок берилет, анткени 60 бул эки жолу 30 дегенди билдирет, ал эми 30 башка бир жашар торпок берилип жатат. 69 башка чейин эч нерсе кошулбайт. 70 баштан бир 2 жашар жана бир 1 жашар торпок берилет. 79 башка чейин эч нерсе кошулбайт. 80 башка жеткенде 2 эки жашар торпок берилет. Анткени, 80 бул эки 40 дегенди билдирет, ал эми 40 башка бир 2 жашар торпок берилип жатат. Мындайча айтканда, зекет ар бир отуз башка 1 бир жашар торпок, ал эми ар бир кырк башка 1 эки жашар торпок берилет.
Суроо: Зекет уйлардан эле берилеби, же буйволдордон дагыбы?
Жооп: Зекетти уйлардан, буйволдордон, букалардан жана өгүздөрдөн берүү фарз.
Койлордун зекети
Суроо: Зекет канча койдон берилет?
Жооп: Эгерде койлор алты айдан ашык жайыттан оттоп жана алардын саны бир жыл бою кырктан көбүрөөк болуп турса, анда алардын зекетин берүү фарз болуп эсептелет. Зекеттин өлчөмү мындайча эсептелет: кырктан жүз жыйырма башка чейин – бир кой; жүз жыйырмадан эки жүзгө чейин – эки кой; эки жүз бирден үч жүз токсон тогузга чейин - үч кой; төрт жүздөн төрт жүз токсон тогузга чейин – төрт кой. Андан ары ар бир жүз башка бир кой берилет: 500 башка - 5 кой; 600 башка – 6 кой, 700 башка – 7 кой ж.у.с.
Суроо: Эчкилерден зекет берилеби?
Жооп: Ооба, койлор сыяктуу эле эчкилерден дагы зекет бериш керек. Эчкилердин зекети койлордуку сыяктуу эсептелет.
Жылкылардын зекети
Суроо: Жылкылардын зекетин берүү дагы фарз болуп эсептелеби?
Жооп: Жумушчу жылкылардын зекети фарз болуп эсептелбейт. Эгерде жылкылар соода максатында багыла турган болсо, анда алардын зекетин берүү фарз. Эгерде кимдир бирөө жылкыларды көбөйтүү максатында бага турган болсо, анда Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммад алардын зекети берилбейт, ал эми Имам Абу Ханифа болсо, берилет дейт. Абу Ханифанын пикирине ылайык, эгерде үйүрдө жылкылардын ургаачысы да жана эркеги болсо, анда зекетке ар бир жылкыдан бир динар же жылкынын наркынын кырктан бир бөлүгүн берүү керек, эгерде алар жайытта алты айдан ашык багыла турган болсо жана ортодон бир жыл өтсө дейт.
Суроо: Качырлардан жана эшектерден зекет берилеби?
Жооп: Жок, качырлардан жана эшектерден зекет берүү фарз эмес.
Ар кыл маселелер
Суроо: Зекет берүү фарз болуу үчүн малдын жашы канчада болуу керек?
Жооп: Малдын жашынын мааниси жок. Туулганына бир күн болгон мал деле баш эсебине өтө берет. Бирок, үйүрү жалаң козу же музоо болсо, анда Абу Ханифанын пикиринде, зекет фарз болбойт. Эгерде алардын арасына бир чоң мал кошулса, анда зекет берүү фарз болуп калат.
Суроо: Зекетке кандай мал берүү керек?
Жооп: Зекетке орточо, мындайча айтканда, Курман айтта курмандык чалууга жарай турган малдан берилет жана ал эгер кой болсо жашы бир жылдан кем эмес жана анын курмандык чалууга жарабай тургандай айыбы жок болуу керек.
Суроо: Кимдир бирөөнүн тогуз төөсү болсо жана жыл айланса, ага бир кой зекет берүү фарз болот. Бирок, эгерде зекет бергенге чейин төөлөрдүн төртөөсү өлүп, бешөө калса, ал зекетке бир кой берүүгө милдеттүүбү?
Жооп: Имам Абу Ханифа жана Имам Абу Юсуфтун пикири боюнча, ал бир кой же анын наркын берүүгө милдеттүү. Бирок, имам Мухаммад, койдун наркын тогузга бөлүп, зекетке анын беш бөлүгүн бериш керек деп эсептейт. Мисалга, кой наркы тогуз миң сом болсо, Имам Мухаммаддын пикиринде, зекетке анын беш миң сому берилиш керек десе, Имам Абу Ханифа жана Имам Абу Юсуфтун пикири боюнча тогуз миң сомдун бардыгы берилиш керек.
Түшүмдүн зекети же үшүр
Суроо: Түшүмдүн зекетин берүү фарзбы?
Жооп: Ооба, түшүмдүн зекетин берүү фарз. Зекеттин бул түрү “үшүр” деп аталат.
Суроо: Түшүмдүн аныкталган, өлчөмүнө жеткен соң зекети бериле турган нисабы барбы? Жооп: Түшүмдүн аныкталган нисабы болбойт. Зекетти алынган жалпы түшүмдөн берүү керек, анын өлчөмүнө каралбайт.
Суроо: Зекет айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн кайсы түрүнөн берилет.
Жооп: Зекет куураган чырпык, отун, камыш жана чөптөрдөн башка, айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн бардык түрүнөн: жашылчалардан, мөмө-жемиштерден, дан өсүмдүктөрүнөн берилет.
Суроо: Алынган түшүмдүн зекетинин өлчөмү канча?
Жооп: Эгерде түшүм сезондун бардыгында же анын көпчүлүк убагында дарыянын, көлмөлөрдүн же жамгырдын суулары менен сугарылган болсо, анда зекетке жыйналган бардык түшүмдүн ондон бир бөлүгү берилет. Ал эми адам эгерде сезондун көпчүлүк убагында түшүмдү өзүнүн күчү менен сугарган болсо, анда зекетке түшүмдүн жыйырмадан бир бөлүгү берилет.
Суроо: Балдан зекет берилеби?
Жооп: Балдан анын аз же көп алынганына карабастан, зекет берилет, эгерде ал хиражга эмес, үшүргө кирген жерден алынган болсо.
Суроо: Үшүр алынган түшүмдүн чыгымы алынгандан кийин берилеби же алына электеби?
Жооп: Үшүр бардык жыйналган түшүмдүн чыгымы алына электе берилет. Анын чыгымы үшүрдү берилгенден кийин чыгарылат.
Зекет кимдерге берилет
Суроо: Зекетти кимдерге берүү керек?
Жооп: Алла Таала Курани Каримде мындай дейт:
"إنما الصدقات للفقراء والمسكين والعملين عليها والمؤلفة قلوبهم وفي الرقاب والغرمين وفي سبيل الله وابن
السبيل فريضة من الله والله عليم حكيم" (سورة التوبة الآية ٦٠
Котормосу: “Акыйкатта, садакалар – Аллах жүктөгөн парз: колу жука кедейлерге, колунда жок жакырларга, аны жыйноочуларга, көңүлдөрүн алуу керек болгондорго, (мусулман) кулдарды бошотууга, карыздууларга, Аллахтын жолундагыга жана (мусулман) мусапырларга берилет. Аллах – ар нерсени Билүүчү, Даанышман”.
Бул аятта Алла Таала зекет бериле турган адамдардын бир нече категориясын санап өттү:
1)Бакыр (кедей). Бакыр – бул бир аз нисабка жетпеген мүлкү бар адам. Анын жашоого зарыл болгон чыгымы анын тапкан кирешесинен үстөмдүү келет.
2)Мискин (колунда жок) – бул эч нерсеси да, иштеп табууга мүмкүнчүлүгү да жок адам.
3)Карыздар – бул карызы бар, эгерде карыздарын ала турган болсо, нисабга жете турган каражаты калбай калган адам.
4)Жолоочу. Жолоочуга, эгер анын каражаты калбай калса жана үйүнөн да материалдык жардам алууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда ага ал бай болсо да зекет берүүгө болот.
Фикх терминологиясында зекет берүүгө мүмкүн болгон адамдар “мустахик” деп аталат.
Суроо: Зекет бардык категорияларга бөлүштүрүлүп берилеби, же бир категорияга эле берип койсо жетиштүү болобу?
Жооп: Зекетти бир категорияга да бардык категорияларга да берсе болот. Бул зекетти берүүнүн тууралыгына таасирин тийгизбейт.
Суроо: Зекетти мусулман эмес адамга берсе болобу?
Жооп: Зекет мусулмандарга гана берилет. Бирок, садакатул-фитрди жана кошумча садагаларды мусулман эместерге да берсе болот.
Суроо: Зекетти мектептин, медресенин, оорукананын, жолдордун курулушуна, өлгөн адамдын кепинине, маркумдун карызын төлөөгө, мечитке килемдерди сатып алууга, мечиттин коммуналдык кызматына жана ушул сыяктуу коомдук иштерге берүүгө болобу?
Жооп: Зекеттин эң зарыл шарттарынын бири “тамлик”. Тамлик деген бул колунда жок адамды зекет каражатынын ээси кылуу. Ошондуктан, жогоруда аталып кеткен категориядагы адамдардан башка жакшы иштерге берүүгө уруксат берилбейт, анткени анда эч ким зекет каражатынын ээси боло албайт.
Суроо: Эгерде кимдир бирөө зекет каражатын коомдук иштерег чыгымдап койсо, ага зекетти кайрадан төлөө керекпи?
Жооп: Ооба, эгерде ал жогоруда аталып кеткен категориядагы адамдардын бирөөнү дагы зекет каражатынын ээси кылбаса, анда анын зекети жараксыз болуп эсептелет жана ал коомдук иштерге чыгымдалган зекеттин бөлүгүн кайрадан берүүсү керек.
Суроо: Зекетти кимдерге берүүгө уруксат берилбейт?
Жооп: Зекетти берүүгө уруксат берилбейт:
1)Өзү зекет берүүгө милдеттүү болгон бай адамга.
2)Колунда бардарга. Мындай адамга зекет фарз эмес, бирок анын хажат аслиядан тышкары нисабга жетээрлик мүлкү, мисалга жери же ижарага берип жүргөн экинчи үйү бар.
3) Алланын элчиси Мухаммад (соллаллоху алайхи васаллам) пайгамбарыбыздын “саййиддер” деп аталуучу урпактарына, Бану Хашимдин үй-бүлө мүчөлөрүнө, эгерде алар кедей жана колунда жок болсо дагы. Бану Хашим деген бул хазрат ′Алинин, хазрат ′Аббастын, хазрат ′Акилянын, хазрат Джа′фардын жана Хариса бин ′Абдуль Мутталибдин урпактары. Эгерде алар кедей болсо, анда аларга зекеттен тышкары жардам берүү керек.
4)Өзүнүн атасына, чоң атасына, чоң апасына, алардын аталарына, апаларына ж.у.с.
5)Уулдарына, кыздарына, неберелерине, чөбөрөлөрүнө ж.у.с.
6)Күйөөсү аялына, аялы күйөөсүнө зекет бере албайт.
7)Мусулман эмес адамга.
8)Балагатка жете электерге, эгерде алардын аталары нисабка ээ болсо. Ал эми эгерде баланын атасы бай болуп, бирок баласынын зарыл муктаждыктарына акча бербесе жана бала кыйынчылык тартып жатса, анда бул учурда ага зекет берүүгө уруксат берилет.
Суроо: Туугандарга зекет берсе болобу?
Жооп: Эгерде туугандары муктаж жана кедей болсо, анда зекетти биринчи кезекте аларга берген жакшыраак. Бул эки соопко ээ кылат: зекетти бергени үчүн жана тууганчылык мамилени чыңдаганы үчүн.
Суроо: Кандай туугандарга зекет берүү керек?
Жооп: Жогоруда аталып өткөндөрдөн башка бардык туугандарына, мисалга: бир тууган ага-инилерине, эже-карындаштарына, эжелерине абаларына, алардын балдарына ж.б.
Суроо: Эгерде зекет берүүчү адам “мустахик” деп ойлоп, зекетин бир адамга берип койсо, бирок чындыгында ал адам бай же мусулман эмес, же Бану Хашимге тиешелүү болсо, анын берген зекети жарактуу болобу?
Жооп: Абу Ханифанын пикиринде анын зекети жарактуу.
Суроо: Зекетти дени соо, нисабга ээ эмес адамга берсе болобу?
Жооп: Эгерде ал адамдын гойр нами нисабына жетерлик өлчөмдө мүлкү болбосо, анда ага зекет каражатынан берсе болот.
Суроо: Зекетти бөлөк шаарга же бөлөк мамлекетке жөнөтсө болобу?
Жооп: Зекет каражатын бөлөк шаарга же бөлөк мамлекетке жөнөтүү жакшы эмес, аны зекет берүүчү адам өзү жашап турган жерге эле бөлүштүрүү керек. Бирок, эгерде бөлөк шаарда же бөлөк мамлекетте анын туугандары жашаса, же ал жакта зекетке өтө муктажыраак адамдар болсо, анда уруксат берилет.
Суроо: Зекеттин эсебинен ага карыздар адамдын карызын кечип жиберүүгө болобу?
Жооп: Зекеттин эсебинен ага карыздар адамдын карызын кечип жиберсе, анда зекети жараксыз болот. Туурасы, зекетти карыз адамдын колуна тапшырып, андан соң дароо карызын төлөтүп алуу керек, мына ошондо берген зекети жарактуу болуп эсептелет.
Фитр-садака
Суроо: Фитр садака деген эмне?
Жооп: Фитр садака деген бул колунда бардар нисабга ээ болгон адамдын, кедей жана колунда жок адамдардын пайдасына кылган милдеттүү садакасы. Фитр садака колунда жок, кедей мусулмандардын пайдасына берилет, анткени бул мусулмандардын бири бирине жардам берүүсү, бири бирине колдоо көрсөтүүсү. Эгерде, колунда бардар болуп жана материалдык жактан камсыз болгон мусулман фитр-садакасын бербесе, Алла Тааланын ага ачуусу келет, анын тапканынын берекеси болбойт. Алла Таала ага чоң зыяндарды алып келүүчү көйгөйлөрдү жаратып коёт. Анткени бул күн мусулмандар үчүн майрам жана кубанычтуу күн эмеспи. Ошондуктан, бул күн байлардын эле кубанычы болбостон, колунда жоктордун дагы кубанычтуу күнү болуусу үчүн, Алла Таала бай мусулмандарды кедейлерди кубандыруга милдеттендирген. Кедей, жарды адамдарга колунда жоктуктан бөлөктөр ээ болгон кубанычтан куру жалак калуу канчалык оор. Мына ошол күнү кедейлердин кайгы-муңу, көз жашына ким көңүл бурбай турган болсо, Алла Таала аны бир эле күн эмес, андан көпкө ыйлоого дуушар кылат. Эгерде байлар өздөрүнүн кубанычын колунда жоктор менен бөлүшпөй турган болсо, Алла Таала аларга кыйынчылыктарды жана кайгы-камды жиберип, кедей менен байлардын кайгы-капаларын теңдеп коёт. Бул зекетке да тиешелүү.
Суроо: Фитр-садаканы берүү кимдерге милдеттүү болуп эсептелет?
Жооп: Фитр-садаканы берүү колунда бардар эркекке да жана аялга да милдеттүү. Шариятта материалдык жактан камсыздалган болуп нисабга ээ болгон мусулман эсептелет. Нисаб деген бул жашоого зарыл болгон мүлктөн тышкары, тиешелүү өлчөмдөгү акчалай да жана кыймылсыз да жана кыймылдуу да мүлк. Нисабдын өлчөмү шариятта 612 грамм күмүшкө же 85 грамм алтынга барабар. Ошондуктан, эгерде кимдир бирөөнүн хажат аслияга кирбеген 612 грамм күмүшү же 85 грамм алтыны болсо, же ушул айтылган өлчөмдөгү күмүштүн же алтындын баасына барабар акчасы же товары болсо, ага фитр-садака берүү важиб болуп эсептелет. Хажат аслия – бул жашоого эң зарыл, ансыз жашоо өтпөй турган нерселер, мисалы, турак-жай, кийим-кечек, күнүмдүк керектөөгө сарпталуучу акча, же ансыз жашоого болсо да бирок кыйын боло турган мисалы, уста керек кылуучу куралдар, үй эмеректери, унаа жана башкалар. Ошондой эле керектөөгө аалымдар мобилдик телефонду, кир жуугуч машинаны, паласты, килемди, муздаткычты, мебелди, диванды, керебетти да киргизишти. Бул буюмдардын бардыгы хажат аслияга кирет.
Суроо: Эгерде аялдын нисаб өлчөмүнө жете турган алтын же күмүш жасалгалары болсо, ал фитр-садака берүүгө милдеттүүбү?
Жооп: Эгерде аялдын нисаб өлчөмүнө жете турган алтын же күмүш жасалгалары болсо, анда ал шарият боюнча колунда бардар аял болуп эсептелет жана ал фитр- садака берүүгө важиб болуп эсептелет.
Суроо: Балагатка жете элек балдар үчүн фитр-садака берилеби?
Жооп: Эгерде ким фитр-садака берүүгө милдеттүү болсо, анда ал балагатка жете элек балдары үчүн да фитр-садака берүүгө милдеттүү. Бирок, колунда бардар аял бойго жете элек балдары үчүн фитр-садака берүүгө милдеттүү эмес.
Суроо: Фитр-садака кимдерге берүү керек?
Жооп: Фитр-садаканы кедейлерге жана колунда жокторго берүү керек. Мындайча айтканда, ким зекет маселесинде мустахик болуп эсептелсе, анда ал фитр-садака маселесинде да мустахик болот, ал эми кимге зекет берүүгө мүмкүн эмес болсо, анда ага фитр-садака да берилбейт. Бирок, фитр-садаканы мусулман эместерге да берсе болот, ал эми зекет мусулмандарга гана берилет.
Суроо: Фитр-садаканы качан берүү керек?
Жооп: Фитр-садаканы берүү Орозо айттын биринчи күнү (Шаввалдын биринде) таң аткандан кийин важиб болот.
Суроо: Фитр-садаканы Рамазан айында берсе болобу?
Жооп: Болот. Рамазан айында, ай көрүнөөрү менен берүүгө уруксат берилет.
Суроо: Садака-фитрдин каражатын мечиттердин, окуу жайлардын, жолдордун ж.б. курулушуна иштетүүгө уруксат берилеби?
Жооп: Садака-фитрдин каражатын мечиттердин, окуу жайлардын, жолдордун курулушуна ж.б. коомдук керектөөлөргө иштетүүгө болбойт.
Суроо: Эгерде кимдир бирөө Орозо айттын түнүндө, таң атканга чейин Исламды кабыл алган болсо, анда ал фитр-садака берүүгө милдеттүүбү?
Жооп: Ооба, эгерде ким Орозо айттын түнүндө, таң атканга чейин Исламды кабыл алган болсо, анда ал фитр-садака берүүгө милдеттүү, бирок таң аткандан кийин кабыл алса, анда ал фитр-садака берүүгө милдеттүү эмес, бирок бир шарт менен – эгерде ал колунда бардар болсо.
Суроо: Жаңы төрөлгөн бала үчүн фитр-садака берилеби?
Жооп: Эгерде наристе Орозо айттын түнүндө, таң атканга чейин төрөлгөн болсо, анда атасы ал үчүн фитр-садака берет. Ал эми наристе таң аткандан кийин төрөлгөн болсо, анда берилбейт.
Суроо: Фитр-садаканын өлчөмү канча?
Жооп: Фитр-садаканын өлчөмү буудайдан жана ундан 0,5 саа; арпадан, мейизден же курмадан – 1,0 саа. Имам Абу Ханифанын мазхабы боюнча 0,5 саа 1600 грамм , ал эми 1,0 саа – 3200 граммга барабар. Фитр-садаканы бекитилген өлчөмдө азыктын өзү менен берсе болот. Эгерде ошол аймакта азык-түлүккө тартыштык жок болсо, анда фитр-садаканы акчалай берген жакшыраак, анткени бул колунда жоктор үчүн пайдалуу, анткени акчага каалаган нерселерин сатып алышат. Азыктын баасы ошол азыктын базардагы орточо наркы менен ченелет. Фитр-садаканын наркын баасы жогору азык менен эсептеген жакшыраак, анткени Сурак күнү бул чоң сооптун себебинен болот, бирок фитр-садаканы жогоруда аталып кеткен азыктардын бири менен берип коюу жетиштүү.
Суроо: Фитр-садаканы бөлөк азыктар менен берүүгө мүмкүнбү?
Жооп: Ооба, фитр-садаканы бөлөк азыктар менен, мисалга, күрүч менен берсе болот. Бирок, күрүч же башка азыктардын атайын бекитилген өлчөмү жок, ошондуктан аларды буудайдын 0,5 саа наркынан кем эмес кылып бериш керек.
Суроо: Фитр-садаканы бирөөлөр үчүн, мисалга атасы, апасы, ага-иниси, эже-карындашы үчүн берсе болобу?
Жооп: Эгерде ким фитр-садаканы бирөөлөр үчүн, мисалга атасы, апасы, ага-иниси, эже-карындашы үчүн бере турган болсо, анда сөзсүз алардын уруксатын алуу керек. Ал эми ким аялы үчүн бере турган болсо, анда анын сөз түрүндөгү уруксатын алыштын кереги жок, ага аялынын каршы эмес экендигин билүү жетиштүү.
Суроо: Фитр-садаканы медресенин талабаларына берсе болобу?
Жооп: Фитр-садаканы медресенин нисабга ээ болбогон талабаларына берсе болот. Бул учурда бергени жөнөкөй эле садака эмес, садака жария болуп эсептелет жана бергени үчүн ага сооптор өлгөндөн кийин да келип турат.
Эскертүү: Фитр-садаканы бир нерсенин акысы үчүн же белек деп берүүгө болбойт, анткени фитр-садака бул белек же акы эмес, кедейлер жана колунда жоктордун пайдасына кылынган курмандык.
Суроо: Фитр-садаканы карыздар адамдын карызы үчүн кечип жиберсе болобу?
Жооп: Карыздардын карызын жоюу үчүн кылынган фитр-садака жараксыз болуп эсептелет. Туурасы, фитр-садаканы карыздардын колуна тапшырып, андан соң дароо карызын кайтарып берүүсүн айтыш керек. Мына ошондо, берген фитр-садакасы жарактуу болот. Эгерде, карыздар фитр-садаканы алган соң карызын кайтарып бербейт деген кооптуулук болсо, анда карыздарга фитр-садаканы ала турган өкүлүн дайындоосун жана ал өкүлү фитр-садаканы алган соң аны дароо карыздын эсебинен өзүнө кайтарып берүүсүн сунуш кылыш керек.
أونوى زكوة عين لم يجز كذا في الكافي. (الفتاوى الهندية١/١٦٩ ط: رشيدية)
وأداء الدين عن العين وعن دين سيقبض لا يجوز وحيلة الجواز أن يعطي مديونه الفقير زكاته ثم يأخذها عن دين. (رد المحتار ٢/٢٧١ ط: سعيد)


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев