Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

4 апр

СЕН ДАГЫ БИР КУН КЕЧИРИМГЕ МУКТАЖ БОЛОСУН...

Бир дыйкан ачуу үстүндө кошунасына катуу сөз сүйлөп койду. Ачуусу тарап өзүнө келгенден кийин, оозунан чыккан сөздөрүнө өзү уялды. Өзүн жаман сезди. Бир топко ойлонуп отуруп, кошунасына барды. Андан кечирим сурады. Кошунасы аны кечирген-дигин айтып, көңүлүн жубатты. Дыйкан бир аз жеңилдегенсип калды. Бирок, жүрөк түпкүрүнөн кандайдыр бир кыжаалатчы-лык кетпей туруп алды. Арадан бир канча күн өтсө да, дыйкандын жан дүйнөсү тынч албады.
Акыры талаадан калаага келип, даанышмандан кеңеш суроону чечти. Кудай жалгап даанышман өз ордунда экен.
- Ошол күндөн бери өзүмдү жаман сезип жүрөм, - деди дыйкан болгон окуянын баа-рын айтып бүткөн соң.
Даанышман анын колуна кичинекей баштыктагы тооктун парын карматып:
- Айлыңа бар да, ар бир таанышыңдын эшик алдына бирден парды таштап келгин – деди. Дыйкан баштыкты көтөрүп айлына кетти. Эртеси данышмандын алдына дагы келди.
- Сиздин айтканыңызды толук аткар-дым, бирок чарчагандан башка эч нерсени сезе албадым, - деди дыйкан.
- Сенин жумушуң бүтө элек, эми ошол парлардын баарын кайра чогултуп кел, - деди даанышман.
Дыйкан кайра жөнөп кет-ти. Эртеси дыйкан баштыктын түбүнө бир аз гана пар чогултуп келди.
- Даанышманым, кечиресиз, мен барганча жел жүрүп парлардын көбү учуп кетиптир, бир азын гана чогулта алдым, - деди.
Даа-нышман ага жылмая карап мындай деди:
- Уулум, ооздон чыккан сөз – эшик алды-на ташталган пар сыяктуу. Аны таштап кетүү жеңил, бирок кайра чогултуу мүмкүн эмес. Сөздү да айта салуу оңой, бирок ооз-дон чыккан сөздү кайра кайтара албайсың..
Ошон үчүн сөздү айтууда абайлап ачууга алдырып шайтан наалатынын азгырыгына түшүп калуудан өзүңдү сактаңыз. Баарыбыз эле бактылуу болуп жашагыбыз келет э .. кечиримдүү, сабырлуу болуу үчүн пайгамбарыбыздан үлгү алыңыз..
.Мусулман адамдагы кечиримдүүлүк – анын ыйманынын далили болуп эсептелет. Мусулманда кек сактоо, ичинен жаман көрүү, таарынып жүрүү сыяктуу жаман сыпаттар таптакыр болбоосу керек. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Таиф шаарынын элине дин тууралуу кабар берип, алардан жардам сурап барган кезде, алар аны таш менен уруп шаарынан кууп чыгат. Ошондо денесинен аккан кан бут кийимине толуп турган Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Жибрийл периште келип: «Эгер уруксат берсең тоо периштеси эки тоону бул элдин үстүнө томкоруп таштасын» – деп айтат. Ошондо Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) эки колун асманга көтөрүп: «Аллахым, буларды кечир, келечекте булардын урпагынан Өзүңө эч кимди шерик кылбай сыйына турган адамдар чыгат» – деп, дуба кылган. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кечиримдүүлүгү, боорукерлиги жана адамдарга жасаган жакшы мамилесинин натыйжасында дин бүт ааламга тарады. Азыр да Пайгамбардын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) үммөтүмүн деген адамдар бул сыпаттарды үйрөнүүсү керек. Адамдын кек сактоосу, кечиримсиз болуусу – анын ыйманынын алсыздыгын билдирет. Өзүн ыймандуумун деп эсептеген ар бир адам, кечирим суроону жана кечиримдүү болууну үйрөнүүсү зарыл.
Биринчиден жашообузда "Кечирип койчу ","кечирдим "-деген сөздөргө кажет болбосун,бирок жашоо мыйзамы ушундай күтүлбөгөндө болуп турат. Ошон үчүн бул сөздөр сиздин жүрөгүңүздө бекем орун алсын. Анын канчалык күчтүү,жан дүйнөңүзгө тынчтык беришин сезгиңиз келсе анда кимди капа кылган болсоңуз "сени кечирдим " "кечирип койчу "деп жубайыңызгабы, ата -энеңизгеби, балдарыңызгабы, дос -туугандарыңызгабы айтып көрүңүзчү жүрөгүң канчалык кенен согушун байкайсыз....
Сөздүн аягы жашоого бир келип бир кетүүчү өткөнчү өмүрдө бири-бирибизди капа кылбай,ачууга алдырбай, көңүлдөрдү оорутпай жашоого аракет кылыңыз бир тууганым!
Анткени биз мусулмандардын ыйманын нурлуу болуп башкаларга күзгү болуусу жүрөгүндөгү сүйүүсү,боорукерлиги, кечиримдүүлүгү менен болууда жатат...
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):
«Бир мусулмандын экинчи мусулманга үч күндөн ашык таарынып жүрүүсү адал эмес. Ким үч күндөн ашык таарынган абалда кайтыш болсо Тозокто азапталат» – деген. (Ибн Маажих)...

СЕН ДАГЫ БИР КУН КЕЧИРИМГЕ МУКТАЖ БОЛОСУН... - 5394789310549

Комментарии 7

Ajarkul Kaparovna
Ajarkul Kaparovna
🎁
4 апр
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жамиля Сейдалиева
    Жамиля Сейдалиева
    4 апр
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Санталат Жолдошова
    Фото
    4 апр
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гаури Эдуардовна
    Гаури Эдуардовна
    Тооктун парлары деген эмне ?
    5 апр
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айгуль Усеновна
    Айгуль Усеновна
    ❤️❤️❤️
    6 апр
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Ален Анаркулова
    ответила Гаури
    Тоокту сойгондон кийин, жулунганган парлар.
    вчера 10:08
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гаури Эдуардовна
    Гаури Эдуардовна
    ответила Алену
    Канаттарыбы ошондо ? Тушунуктуу
    вчера 18:52
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 27 957Фото 23 110Видео 1 633Участники 40 691
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 27 957
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться