
кургактыгы
.
Жазында териде цинктин жетишсиздиги башталат. Бозоруп калган териге массаж жасоо зарыл. Ал эми кышы бою күн көрбөй, өтүктүн ичинде жүргөн буттарыбыздын териси кургап, ал серт боло баштайт. Буттун терисин, өзгөчө согончокту жумшартуу үчүн кечинде жарым саат убактыңызды бөлүңүз.
Жаз - биздин организм үчүн оор мезгилдердин бири. Кыштан калган авитаминоз (витамин жетишсиздиги), жазгы чарчаңкы абал жана туруксуз аба ырайы адамды депрессияга чейин жетелеши мүмкүн. Кыштын суугу жана үйдөгү жылуулук теринин кургашына алып келет. Анын үстүнө, кышында биз майлуу тамак көп жеп, минерал жана витаминдүү азыктарды эстен чыгарабыз.
АВИТАМИНОЗДОН КУТУЛАБЫЗ
Мунун эки жолу бар. Оңой жолу: дарыканага барып, Е, С жана А витаминдер тобун сатып аласыз. Бирок ага чейин доктурга барып, сизде чынында эле авитаминоз бар экендигин аныктоо зарыл. Анткени сиз билбестиктен туура эмес витаминди ичип, тескеринсинче саламаттыгыңызга терс таасир тийгизип алышыңыз ыктымал. Дарыгер жазып берген көлөмдө ичүү кажет, авитаминоздон кутулуу үчүн сөзсүз кочуштап витаминдерди ичүү туура эмес. Кийинкиси боюнча, кургатылган ит мурун, малина, мейиз, өрүк какты кайнатып, ошонун ширесин ичиңиз. Же төмөндөгүдөй салаттарды жесеңиз, организм жазга жакын чыңалат. Сабиз менен сарымсакты сүргүчтөн өткөрүп, майонез менен аралаштырасыз. Дагы бир салат түрү: кызылча, алма, сарымсак жана жаңгакты сүргүчтөн өткөрүп, майонез кошосуз. Мындай тамак тартибине өтөрдөн мурун 1-2 күндөй эт кошулган жана сүт азыктарын жебей туруу зарыл. Колдон келишинче көбүрөөк ботко жана жаңгак жегенге басым жасаңыз. Кофе менен кара чайды азыраак иче баштаңыз, анын ордуна компот, же мөмө ширени тандаңыз. Күндө кечки тамактан кийин уктаардын алдында эшикте сейилдөө да жакшы жардам берет. Жатарга жарым саат калганда, бир аз куркума чөбү кошулган жылуу сүт ичүү пайдалуу. Же сейилден келгенден кийин жалбыз, валериана, ромашканын кургатылганын демдеп, чай ичиңиз. Эрте жатып, эрте турганга аракет кылыңыз. Мончого баруу да өз пайдасын берет. Себеби, буу чыккан бөлмөсүндө отурганда, организмдин зат алмашуусу жакшырат, өзүн-өзү тазалайт.
БЕТКЕ КАМ КӨРҮҮ
Жазында териде цинктин жетишсиздиги башталат. Бозоруп калган териге массаж жасоо зарыл. Ал үчүн эмендин кайнатмасына бал кошуп, аны муздаткычка саласыз. Тоңуп калган муз менен таң эрте бетиңизди сүртөсүз. Жаздын аба-ырайы туруксуз болгондуктан, кээ күндөрү күн ачуу тиет. Ошондуктан, күндөн коргоочу кремди бетиңизге сүртүп, анан көчөгө чыгыңыз. Эгерде жүзүңүздүн териси кургай баштаса, дүкөндөн атайын крем сатып алып, жатарда сыйпаңыз. Анткени эрте менен мындай бет майды колдонууга болбойт. Төмөндө жаз алдында пайдалануучу маскалардын рецептерин жана эрежелерин көрсөтөбүз.
- Масканы сүйкөрдөн мурун бетти таза жууйбуз.
- Жакшы натыйжа алууну кааласаңыз, масканы сыйпагандан кийин жай музыканы коюп, жата туруңуз.
- Маска калың сүйкөлөт жана белгилүү убакытты так көзөмөлдөө зарыл.
- Аны көздүн тегерегине жана эринге сыйпоого болбойт.
Майлуу тери үчүн маска
1. Дарыканадан сатып алынган 3 аспирин таблеткасын чыныга салып, үстүнө 1 чай кашык жылуу суу куюңуз. Кийин жарым кашык бал кошуп, бетке сүйкөйсүз. 15 мүнөттөн соң, жылуу суу менен чайкайсыз.
2. Жумуртканын агын сарысынан бөлүңүз. Агын көбүргөнгө чейин чалып, бетке шыбайсыз. Ал кургагандан кийин бетти чайкап, артынан жумуртканын сарысын сүйкөйсүз. Он мүнөттөн кийин жууйсуз.
3. Үч чоң кашык коюу кефир менен 2 чай кашык балды аралаштырасыз. Бетке сүйкөгөндөн 20 мүнөттөн кийин чайкайсыз.
Кургак тери үчүн маска
1. Бир чай кашык майдаланган кофеге жарым чоң кашык бал кошулат. Жакшылап аралаштыргандан кийин бетиңизге сүйкөп, беш мүнөттөн кийин жууп саласыз.
2. Үч чоң кашык шекер, 3 чоң кашык зайтун майы жана 2 чоң кашык балды аралаштырасыз. Кийин бул маска менен бетти сүйкөп, 5-10 мүнөттөн кийин чайкайсыз.
3. Бул маска териде пайда болгон кызгылтым тактарды кетирет. Үч чоң кашык кефир, 2 чоң кашык майлуу эмес быштак менен 2 чай кашык балды кошуп, жакшылап аралаштырасыз. Бетке жана моюнга сүйкөп, жарым сааттан кийин жууйсуз.
МОЮНГА КАРООНУН ҮЧ ЭРЕЖЕСИ
Суук мезгилде жылуу оронгон моюндун териси алсырап, өңү жоголо баштайт. Косметологдордун айтымында, моюнга туура кам көрүүнүн үч мыйзамы бар: келбетти түз алып жүрүү, компресс жана массаж. Алгач дүкөндөн моюнга массаж жасоочу щётка сатып алыңыз. Ал эми компресс үчүн алоэ майы, же жарым стакан сүткө кошулган үч тамчы розмарин керектелет. Моюнга майлуу териге сунушталган маскалардын баары ылайыктуу болот. Төмөндө байыркы римдик кыз-келиндердин маска рецебин сунуштайбыз: 200 г. лавр жалбырагына 100 мл. суу куюп, аны кайнаганга чейин ысытасыз. Кийин оттон алып, жалбырактарын бөлөк идишке чыгарыңыз. Андан калган суу менен күндө, же күндө эки жолу моюнуңузду сүртөсүз. Бул суюктук моюндун терисин назик кылып, бырыш түшүүнүн алдын алат.
БУТТУН ТЕРИСИН ЖУМШАРТУУ ҮЧҮН…
Кышы бою күн көрбөй, өтүктүн ичинде жүргөн буттарыбыздын териси кургап, ал серт боло баштайт. Буттун терисин, өзгөчө согончокту жумшартуу үчүн кечинде жарым саат убактыңызды бөлүңүз. Жылуу сууга түрдүү чөп (ромашка, ит уйгак, козу уйгак, карандыздын тамыры), же деңиз тузу кошулган ваннага бутуңузду салып отурасыз. Кийин бутуңузду целлофан баштыкка ороп, сыртынан жылуу байпак киесиз. Эки-үч сааттан кийин чечип, майлуу крем сүйкөйсүз. Ушундай эле ыкмада базарда сатылуучу 72 пайыздуу кир самын да жардам берет. Аны ысык сууда эритип алып, териге калың сыйпайсыз. Же пиязды сүргүчтөн өткөрүп, бутуңузга сүртөсүз. Аны баштыкка ороп, эрте менен жылуу сууга чайкайсыз.
Ашыкча эмес, бирок, аз да болбосун
Атырды куюнуп албастан, кичинеден себинген дурус. Болбосо, жыпар жыт жагымдуулук тартуулагандын ордуна жүрөк айлантып жиберет.
qАтырды куюнуп албастан, кичинеден себинген дурус. Болбосо, жыпар жыт жагымдуулук тартуулагандын ордуна жүрөк айлантып жиберет. Коомдук транспортто, көчөдө же кечелерде мындай ашыра куюнуп алган учурларды кезиктирүүгө болот.
Атырды чачка же аллергия болбосо териге бир аз сүртүп койгон жетиштүү. Кулактын арты, чыканактын бүгүлгөн жери, колдун билеги, акыректин моюн тарабы ылайыктуу. Атырды себинүүнүн орнотулган атайын мыйзамдары деле жок, болгону кайсы учурда кандай түрлөрүн пайдалануу боюнча жалпы маалыматтарды билип алган ар бир кыз-келинге ашыктык кылбас.
Нейлон менен жибек өзүнө жытты көпкө чейин кармап тура албайт. Ал эми жаныбарлардын терисинен тигилген жакалар, тукабадан, жүндөн жасалган жана трикотаж кийимдерде жыт көпкө чейин сакталат жана тегерекке жакшы тарайт.
Эгерде сый тамакка чакырылган болсоңуз атырды моюнга, билекке же чачка эч качан сеппеңиз. Болгону көйнөккө бир-эки тамчы тамызып койгон жетиштүү. Негизи эле театрга, конокко камынганда же жолго чыкканда, өзгөчө, күн ысыкта азыраак себинүү же өтө буркурабаган жыттарды тандаган ылайыктуу. Бийге баратсаңыз да, ушундай эрежени карманганыңыз дурус болот.
Атырларды адатта жыл мезгилине карата бөлүп, ошого карата ылайыктап себинишет эмеспи. Күн бүркөктө, нымдуу абада же суу жээктеринде жүргөндө кескин жыттарды колдонсо боло берет, себеби тегеректеги чөптүн жыты, суу аны өзү менен кошо тартып кетет.
Ак же ачык түстөгү кийим менен жеңил жана жумшак жыттар, ал эми кара түстү кескин жыттар менен айкалыштырса болот.
Дагы бир нерсе, атырды кийимге (өзгөчө ачык түстөгү) сеппегенге аракет кылуу керек. Биринчиден, ал кездемеге так калтырат, экинчиден жыт көпкө чейин кетпей туруп алышы мүмкүн. Адатта, эрикпеген, камбыл айымдар кийимдин ич жагына алакандай тукаба же жүндөн токулган кездеме тигип коюшат. Себеп? Себеби, дененин жылуулугу менен жыпар жыт көйнөккө текши тарайт. Андан сырткары кандай түс, кандай кездеме болсо да кийимге так түшүрбөй, сынын бузбай кала берет.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев