Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

25 мар

Болгон окуя.

Азыр 76га чыксам, бул окуяны укканыма 50жыл болуптур.
Ноокаттык улакчы аяш атам бар эле, Ниязбаев Салимбай аттуу баштуу киши.-"Кырколдо Жол жылга деген жайыттуу жерде чөп оруп жаттым эле.Күндүн ысыгы терини эритип,ооз кургап,илебим туз даамдалат.Үйдөн айран аралашкан атала менен кургак жупканы матырып курсакты жалмап алдым.Тезирээк бүтүрөйүн деп чалгыны күч менен чапканымда бир нерсе илешкендей болду.Эңилип карасам эле сапсары 1.5метрдей жылан жатыптыр, атаганат ай,жыланга зыян келтирип алдым деп,ичим ачышат.Антип минтип кеч да кирди,шаша буша үйгө барып, кайра таң атып баягы жерге келдим,жылан эсимден чыкпай койду.Чыпалакты кесип алсаң канча болосуң.
Ошентип аста басып келип баягы жерди карасам мына сага деп , таң калып,кантип эле деп турдум . Көргөн көзүмө ишенбей таныркатым.Баягы жылан,чырмоок чөптүн бариктерин кесилген жерине койуп узунан жатат.Колу буту жок,тили жок сойлоочу жаныбар кантип билди, кандайча деген суроо менен мелтейип карап турдум .Анан ишимди аягына чыгарып чүмөлө кылып,тамагымды өлдөп,тер баскан дене бойумду кагып силкип кеттим.
Күн чыгайын деп калганда бүгүн азыраак ээлеп ишим калды деп келдим. Дагы кылт этип жылан жаткан жерге келсем баягы сары жылан жок.Аяк быягын карадым,аста жылып алдыбы деп,жок,Демек сакайып ийинине кирип кетиптир .""дейт аяш атам.
Жылан кантип чырмооктун баригин жарага дары экенин билди,биз кичине кезибизде апаларга дары дармектин кереги жок эле,кесилген,канаган жарааттарга чырмоок жалбырагын эзип койот эле,сакайат эле.
Дейт Асылбек ажы ата.

Болгон окуя. - 5394462217813

Нет комментариев

Новые комментарии
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Следующая публикация
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

ЛентаТемы 27 880Фото 23 014Видео 1 633Участники 40 541
  • Подарки
Левая колонка
Всё 27 880
Обсуждаемые

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

Зарегистрироваться