Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

22 мар

🔴 ЭЧ КАЧАН СЫНТАКПА!

Адамдарды шылдыңдоо, мыскылдоо, басмырлоо, келеке кылуу, сын тагуу сыяктуу сыпаттар – бул адамдын мойнундагы карыз сыяктуу. Аны бир күнү керт башың менен төлөөгө туура келет. Бүгүн бирөөнү шылдың кылсаң, эртең сени дагы бирөө шылдыңдайт. Бүгүн бирөөгө сын таксаң, эртең ошол сынтакканың көп өтпөй өз башыңа келет.
Абдуллах ибну Масууд айтты:
«Кайсы бир итти шылдыңдап ошол иттин кейпине түшүп калуудан корком». («Аз-Зухд», 2/570)
Амр ибну Шурахбил айтат:
«Кайсы бир эркектин кой саап жатканын сын тагып, өзүм да бир күнү кой саап калуудан корком». («Аль-Мухаласат», 3/243)
Ибну Сирин айтат:
«Бир адамды куру жалак калдың деп сын тагып коюп, акыры өзүм да куру жалак калдым». («Аль-Аадаб аш-Шаръийя», 1/322)
Аалымдардын бири айтат:
«Тиштери түшүп калган бир адамды шылдыңдап коём деп өзүмдүм да тиштерим түшүп калды». («Аль-Аадаб аш-Шаръийя», 5993)
Демек, кайсы бир адам башка бир адамды шылдыңдаса же ага сын такса, анда ал айтканы бир күнү өз башына түшөт.
Эгерде сага бирөөнүн күнөө кылганын айтып жамандаса, анда «Аллах аны да, бизди да кечирсин» деп айтуу менен чектел. Адамдардын артынан аңдыба, кемчилик издебе, айыбын ачпа! Андан көрө өз айып-кемчиликтериңди оңдо! Акыретте башкалардын айыбы үчүн эмес, өзүңдүн айыбың үчүн сураласың. Ошондуктан мусулман адам башка бир адамдан кемчилик көрсө, аны шылдыңдабасын, басмырлабасын, оболу ага насаатын айтып, өзүнө каалаган жакшылыкты ага да кааласын. Пайгамбарыбыз ﷺ бир хадисинде мындай деп айткан:
«Мухаммаддын жаны Анын колунда болгон Затка ант болсун! Араңардан ким өзүнө каалаган жакшылыкты башка мусулман бир тууганына кааламайынча толук ыймандуу боло албайт». (Сахих Бухари, 13)
Аль-Кирмани айтат:
«Өзүңө жаман көргөн нерсени мусулман бир тууганыңа да жаман көргөнүң – ыймандан болуп эсептелет». («Заад аль-Муслим», 5/338)

🔴 ЭЧ КАЧАН СЫНТАКПА! - 5394346566229

Комментарии 4

Ajarkul Kaparovna
Ajarkul Kaparovna
🎁
22 мар
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жениш Айбашаов
    Жениш Айбашаов
    👋
    26 мар
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Санталат Жолдошова
    🎁❤️
    30 мар
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жениш Айбашаов
    Жениш Айбашаов
    ответил Ajarkul
    🤝
    9 апр
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 28 159Фото 23 350Видео 1 633Участники 40 961
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 28 159
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться