Свернуть поиск
Правая колонка
Куран-Сүннөттө дуа кылуунун адептери, шарттары жана дуанын кабыл болушуна тоскоолдук кылган иш-аракеттер туурасында көп далилдер келген.
Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, өзүнүн хадисинде мындай деп айтты:
«Чындыгында, Алла Таала – Аруу жана Ал жакшыдан (адалдан) башканы кабыл кылбайт. Ошондой эле Алла Таала Элчилерге буйруганын муъминдерге да буйруду. Алла Таала (Куранда) айтты: «Эй, Элчилер! (Адал) нерселерден жегиле жана жакшы иштерди кылгыла». Жана айтты: «Эй, ыйман келтиргендер! Биз силерге ырыскы кылган (адал) нерселерден жегиле».
Андан соң бир адам тууралуу айтты – ал адам узак жол жүрүп, чачтары жүдөп, чаң баскан абалда асманга колун созуп: «Оо, Раббим! Оо, Раббим!» деп (жалынса), а бирок жегени арам, ичкени арам, кийгени арам жана арам менен багылган болсо, анда ага кантип жооп берилсин?!». (Имам Муслим)
Бул хадис өзүнө көп пайдаларды камтыган мазмундуу хадистердин бири. Пайгамбарыбыз хадисте дуа кылуунун адептери, кабыл болушунун шарттары жана ага тоскоол болгон иштер туурасында айтып баяндады. Адегенде эле арам тамакты жештин коркунучун жана ал дуанын кабыл болушуна тоскоолдук кылган иштерден экендигин баса белгиледи.
Демек, мындан бизге адал ырыскы – дуанын кабыл болушунун бирден-бир себептеринен экендиги маалым болот.
Уахб ибну Мунаббих айткандай:
«Кимди Алла анын дуасын кабыл кылуусу кубандырса, анда жеп-ичкенин адал кылсын».
Сахабалардын арасынан Саад ибну Абу Уаккас, радыяллаху анху, Алла Таалага кандай дуа кылбасын, дуасы тез кабыл болгон. Анткени ал Алла менен болгон мамиледе чынчыл болгон жана адал тамак гана жеген. Күндөрдүн биринде андан: «Эмне учун сахабалардын арасынан сенин дуаларын тез кабыл болот?» – деп сурашканда, ал мындай деп жооп берди:
«Ушуга чейин кандай тамак жебейин, анын кайдан келгенин жана кайдан чыгарылганын так билчумун».
Ал эми ким арамды жеп-ичкенден, арам кийимди кийгенден сактанбаса, анда бул анын дуаларынын кабыл болбошуна себеп болот. Мына ошондуктан Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам: «…анда ага кантип жооп берилсин?!» – деп айтты, тактап айтканда анын дуасы кантип кабыл болсун деп тан калуу ирээтинде суроо таштады.
Ошондой эле күнөө иштерди кылуу жана диний милдеттерди аткарбоо да дуанын кабыл болушуна тоскоол болгон иштерден.
Бул туурасында Яхъя ибну Муъаз мындай деп айткан:
«Дуаларым эмнеге кабыл болбойт деп айта бербегин, а балким кабыл болуш жолдорун күнөөлөрүн тосуп калгандыр».
Ошондуктан пенденин Раббисине тооба кылуусу, күнөөлөрдөн алыс болуусу, Ага гана жүздөнүп ыхластуулук менен сыйынуусу жана жегенин, ичкенин, кийгенин адал жол менен табуусу – дуанын кабыл болуш себептеринен жана анын каршысы дуанын жоопсуз болушуна себеп болот.
Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, жогорудагы хадисте дуанын кабыл болушунун төрт себебин баяндады:
1. САПАРДА БОЛУУ
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Үч түрлүү дуа шексиз кабыл боло турган дуалардан: зулум чеккен адамдын кылган дуасы, мусапыр адамдын дуасы, атанын баласына кылган дуасы». (Имам Абу Дауд)
Ал эми бул хадистин башка риваятында мындай деп айтылган:
«...атанын баласына кылган каргыш дуасы». (Имам Тирмизи)
Сапар канчалык узак болсо, дуанын кабыл болуш ыктымалы да ошончолук көбүрөөк. Анткени узак сапарга чыккан адам өз мекенинен алыстап, жол машакаттарын чегип, көптөгөн кыйынчылыктарды тартат. Ал эми кыйынчылык тартуу – дуанын кабыл болуш себептеринен болуп саналат.
2. ӨЗҮН ЖУПУНУ АЛЫП ЖҮРҮҮ ЖАНА АЛЛАНЫН АЛДЫНДА ӨЗҮН КОР ТУТУУ
Адам өзүн Алланын алдында дайым кор тутуп, жупуну, жөнөкөй болуусу да дуанын кабыл болуу себептеринен. Бул туурасында Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айткан:
«Кээде бир адам жүдөө көрүнуп, эшик (сыртында) эле калып калышы мүмкүн. А бирок Аллага ант кылса, Алла анын антын (сураганын) сөзсүз ишке ашырат». (Имам Муслим)
Пайгамбарыбыздын истиска намазын кандай окугандыгы туурасында Абдулла ибну Аббастан сурашканда, ал мындай деп жооп берди:
«Алланын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, истиска намазына жупуну кийинип, өзүн жөнөкөй жана кор туткан абалда чыкчу...». (Имам Абу Дауд; Имам ат-Тирмизи)
3. АСМАНГА КОЛ КӨТӨРҮП ДУА КЫЛУУ
Бул дуанын адептеринен болуп саналат. Адам колун көтөрүү менен дуасынын кабыл болушун үмүт кылат.
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айткан:
«Чындыгында, Алла Таала – Уялуучу жана Берешен. Эгерде пендеси Ага колун созуп (бир нерсе сураса), анда аны куру кайтаргандан уялат». (Имам Абу Дауд)
4. АЛЛА ТААЛАНЫН "РАББИ" ДЕГЕН ЫСЫМЫН КӨП АЙТЫП ДУА КЫЛУУ
Бул ысымды айтып Алладан муктаждыкты суроо – дуанын кабыл болушуна чон себеп болот.
Аъта ибну Абу Рабах айтты:
«Эгерде пенде “Оо, Раббим! Оо, Раббим! Оо, Раббим!” деп үч жолу айтса, анда Алла ага сөзсүз назарын салат». Кийин бул туурасында Хасан аль-Басриден сурашканда, ал мындай деп жооп берди: «Курандан окубадынарбы?! Алла Таала айтты:
«Алар турганда да, олтурганда да, жатканда да Алланы эстешет жана асмандар менен жердин жаралышы туурасында ой жүгүртүшүп: «Оо, Раббибиз! Сен муну жөндөн жөн эле жараткан жоксун. Сен аруусун! Бизди Оттун азабынан сакта. Оо, Раббибиз! Сен кимди Тозокко киргизсен, ал кордук корот. Ал эми залимдерге эч бир жардамчы болбойт. Оо, Раббибиз! Чындыгында биз чакыруучунун: «Раббинерге ыйман келтиргиле!»,- деген чакырыгын угарыбыз менен ыйман келтирдик. Оо, Раббибиз! Күнөөлөрүбүздү кечир, катачылыктарыбызды жашыр жана жакшылар менен бирге өлүүнү насип кыл. Оо, Раббибиз! Элчилерин аркылуу бизге убада кылгандарынды бер жана бизди Кыямат Күнү шерменде кылба. Чындыгында, Сен убаданы бузбайсын»,- (деп айтышат). Алардын Раббиси (дуаларына) жооп кылды: «Мен силерден эркек болобу, аял болобу, алардын кылган (жакшы) иштерин жок кылбаймын». Аалу Имран сүрөөсү (3:191-195); (“Хильятуль Аулия”)
Курандагы келген дуалардын көпчүлүгү Алла Тааланын “Рабби” деген ысымы менен башталган.
Имам Маликтен бир адам дуа кылганда «Йа, Саййиди! (Оо, Башчым!)» деп айтканы туурабы деп сураганда, ал мындай деп жооп берди:
«Пайгамбарлар дуаларында айтышкандай «йа, Рабби! (Оо, Раббим)» деп айтуусу керек». (“Жамиъ аль-Уълум уа аль-Хикам”, Ибну Ражаб)
Жогоруда Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа салламдын, бир адам туурасында «...узак жол жүрүп, чачтары жүдөп, чан баскан абалда асманга колун созуп: «Оо, Раббим! Оо, Раббим!» деп (жалынса)...» деген хадисинде дуанын кабыл болушунун төрт себеби ирээти менен айтылган. Бирок буга карабастан хадистин аягында ал адамдын дуасы кантип кабыл болсун деп баса белгилеп айтты. Анткени анын жегени арам, ичкени арам, кийгени арам жана арам менен багылган. Кимдин абалы ушундай болсо, анда анын дуасына кантип жооп берилсин?!
Мына ошондуктан мусулман адам өзүнүн жеген тамагы, ичкен суусундугу, дегеле бардык иштеринде Алла Тааладан коркуп, Ага таквачылык кылат жана арамдан сактанып, Андан гана жардам сурайт. Анткени бардык иштин түйүнү жана ийгилиги Алла Тааланын гана колунда.
Алла Тааладан баарыбызга адал ырыскы берүүсүн жана дуаларыбызды кабыл кылуусун сурайбыз!

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2
Эмнегедир биздин дин эле арам тозок дегенден башканы билбейт себеби эмнеде .