Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

16 мар

УУЛУҢДУН ЖҮРӨГҮНДӨГҮ ТАКТЫ КИМДИКИ?

📢 КӨҢҮЛ БУРГУЛА!!!!
"БИСМИЛЛАХИР РАХМААНИР РАХИЙМ!
Кайнен менен келиндин ортосундагы мамиле дайым эле өз орду менен чечиле бербейт. Келин келиндигин билбесе кайнене менен атаандашып жашайт. А кээде бул мамилени кайнене өзү да бузуп алат. Канткенде да алардын ортосундагы талаш-уулдун жүрөгүндөгү ТАКТЫ. Демек, уул ал тактыга кимди отургузат- маселе ушуда.
Аял тибигатынан эч качан эрге ыраазы болбойт экен. Бул тууралуу ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (С.А.В) : "Аялга жүз жыл кызмат кылып , бир жолу айтканын кылбай калсаң - сен дайым ушундайсың дейт" - деген сөзү бар. Андан тышкары бул сөзгө аялдар баары кошулса керек.
Мен алигече эрине ыраазы болгон аял көрө элекмин. Айтайын дегеним, ыраазы болот, бирок аны дароо унутат. Анткени башка, дагы башка нерсе чыгат. Аны алып бермейинче аял дагыле ыраазы болбойт. Жогорудагы айтылгандай, ыраазы болгондой, бирок кайра эле нааразы.
Ошол эле учурда эне уулуна дайым жеңил ыраазы болот экен. Уулунан болоор-болбос сөз укса өзүн койорго жер таппай калат. Арзыбаган белекке төбөсү көккө жетет, байкуш эне.
Бир сөз менен айтканда аялга ааламды алып берсең да нааразы, а эне татыбаган нерсе үчүн да ыраазы болууга умтулуп турат.
СУРОО - уул жүрөгүндөгү тактыга кимди отургузуу керек. Баары бир ыраазы болбогон аялыңбы, же дайым ыраазы болгон энеңби?
ЖООП - УУЛ жүрөгүндөгү тактыга албетте энесин отургузуу керек. Анткени, ал тактыга аялын отургузуп алса, эне четте калат. Бейиштин эшиги жабылат. А аял баары бир ыраазы болбойт. А эгер энесин отургуса Бейишин эшиги ачык болот.
Ал эми аялы кантет? Аны ким ыраазы кылат? Ал бул жашоодон ыраазы болбой өтүп кетеби? Жок, эр аны ыраазы кыла турган уулду тарбиялап берүү зарыл. Ошондо ар ким өз жүрөгүнө өз энесин отургузмай болот. "Уулум, мен өзүмдүн энемди сыйлайм, а сени өзүндүн эненди сыйла. Энеңди таарынтсаң мага капа болбо, белиңди сындырам!". Бүттү.
Мындан баары утту. Эр энесин караганы үчүн утту. Аял эринин жүрөгүн эмес, өзүнүн уулунун жүрөгүн ээлегени менен утту. Анын үстүнө энесин түрткөн атадан уулу кандай тарбия алсаң, келме кезек эртең эле келет.
Уулдун жүрөгүндөгү такты чынында канышанын орду. Уул ал тактынын ээсине кызмат кылат, кареги менен тең айланат. Анын таманын өбөт, тамактын асылын берет, сөздүн татыктуусун айтат. Маанайын түшүрбөй, ар бир калоосун аткарат. Бул тактыга ким гана отургусу келбесин!
Өө-ой, жигиттер! Энеңердин ордун аялыңарга берип койбогула! Аялыңар алып койгон болсо да аны өз ээсине кайра кайтарып бергиле! Чындыгында бул орунга эне гана татыктуу.
Демек, эркек энесине кызмат кылып, аялына аны ыраазы кыла турган уул тарбиялап коюу керек экен. Муну бизге Улуу Ислам тарбиясы үйрөтөт. Анткени бул дин Аллахтын Даанышмандыгы жана Адилеттүүлүгү....
Интернет булагынан алынды.

УУЛУҢДУН ЖҮРӨГҮНДӨГҮ ТАКТЫ КИМДИКИ? - 5394168342613

Комментарии 13

Ajarkul Kaparovna
Ajarkul Kaparovna
🎁
16 мар
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жаркын Сейдали
    Жаркын Сейдали
    Мынча ката жазылган
    16 мар
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    ALIMA SALIEVA
    ALIMA SALIEVA
    Анда үйлөнбөй эле койсо болобу, кыз бараар жерине ханыша болуш керек, бактылуу болуш керек, эринин жүрөгүнөн сыртта болсо, анда үйдүн сыртында болобу, андай жашоонун кайсы кызга кереги бар ,сагалап өмүр бою эрине сырткы адам болуп, уулу жок, жалан кыз төрөгөндөр, кыздар эрге тийип кетсе көчөдө эле калабы, Ай ушу современный молдокелер, өзүнөрдү өлө сүйөсүнөр эээ шүмшүктөр, кыз деген кымбат, эненди жүрөгүнө тыксан, аялынды алаканына сал эркекче мамиле кыл, уулундун жүрөгүнө тыга салбай,
    17 мар
    , отредактировано
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Аида матраимова
    Аида матраимова
    Менин оюмча уул бала тен салмактуу болуусу керек аялына кандай мамиле апасына кандай мамиле кылууну билүү керек ошондо апада келинда бактылуу болот деп ойлойм
    17 мар
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    сапар турганбаев
    сапар турганбаев
    ответил ALIMA
    Сендагы .Кайнене болгонунда бала аяалып деп турса сени экинчи очретке койуп ошондо 9ай которуп 18 карап тунку уйкуду балана арнаганынды эстеп ыйлагын келет кече еле алган аяалынын созунон чыпай сени карабай койгондо ушул кунунду эсте яа
    17 мар
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    ALIMA SALIEVA
    ALIMA SALIEVA
    ответила сапару
    Мен деле кайненемин неберем чонойуп калган
    17 мар
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жакшы кундор алдыда
    Жакшы кундор алдыда
    Мен буга кошулбайм,бир жактуу эле жазып койгон,ар бир кучтуу эркектин артында аялы бар дейт,аял ыраазы болгон учун ,колдогон учун эркек ийгиликке жетет
    18 мар
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гулнара Жусупова
    Гулнара Жусупова
    🎁
    18 мар
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Алтынай Калыевна
    Алтынай Калыевна
    келин уул ыймандуу кичип пейил болсо эле бары жакшы болот балаң ороңдоп келиниң силкинип турса анда бакыт кайдан болот кудай өзү сактасын кичүү уулум бар келин алыштан чоочулаймын
    18 мар
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Amina💙 Sabina💙
    Amina💙 Sabina💙
    Эненди сыйла'жакшы кор'биринчи болсун бирок аял журогунда'жанында болсун.Аллах бекерден бекер жуп кылып жараткан эмес адамдарды.
    20 мар
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Клара Сулайманова
    Клара Сулайманова
    ответила ALIMA
    Саламатсыңбы сиңдим,жаз айындагы жакшы күндөр менен куттуктайм,бул жерде аялын сыртка чыгарып, жүрөгүнөн орун бербесин дебептир,болгону энени биринчи орунга койсун дептир,бул албетте менин түшүнүгүм,уулу жок жалаң кыздар төрөгөндөр эң бактылуу аялзаты,анткени канча кызы болсо ошончо кыздын жүрөгүндө болот эне,эң башкысы уул келин,кыз күйөө балдар ынтымактуу,бири бирине жөлөк,чогуу болушса,бири бирин сыйлап,түшүнүшсө эне бактылуу болот, балдардын жакшысы,ата эненин бактысы деп бекер айтылбаса керек.
    22 мар
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    ALIMA SALIEVA
    ALIMA SALIEVA
    ответила Кларе
    Саламатсызбы, ойунуз туура колдойм, мен да кайненемин, тайэнемин, коомдо ,кееде ушундай автордукундай ойлор жаштардын психологиясын бузат, себеби апам менин биринчи оорунда деп, келинчегине болгон мамилелер өзгөрөт, мындай учурда түшүнбөгөн эркек бир тараптуу мамиле кылып ажырашуулар көбөйүп баратат, апа тендеши жок аалам, келинчеги дагы өзүнчө бир аалам, кул эмес, кухарка эмес, служанка эмес, ал дагы эне, мен ойлойм жүрөгүн экөөнө бирдей бөлсө, бактылуу жашоо болот .Эненин орду бөлөк, аял энедей боло албайт, ырас келин кылып, аял кылып алдыбы ,жүрөгүнө батырсын ,баласынын жүрөгүнө тыга койбой, итак эле келини жүрөгүн , бөйрөгүн , экземпляр адам кылып жаратты баланы, душмандай көрүшөт кее бир үйбүлөө келинди,
    22 мар
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Клара Сулайманова
    Клара Сулайманова
    Туура,мен да кайынэне, чоң энемин,ар бир үй бүлөдө ар кандай жашоо, албетте келинди колдоп жардам берип, жакшы сөз айтуу керек
    22 мар
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 27 911Фото 23 045Видео 1 633Участники 40 620
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 27 911
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться