7-БӨЛҮМ
Ашуунун бийик бели артта калып ,элдер ылдый түшө башташты. Баягы көтөргөн куржундагы эт эбак түгөнгөн. Ачкачылыктан кыйналган эл самсып , соолорунан ооругандар көп болуп ,көк жөтөл күчөп , күрсө - күрс жөтөлгөндөр көбөйүп чубалган эл кетип бара жатышты...
Калыйкан эки ,төрт жана алты жаштагы балдарын жетелеп, эмчектеги алты айлык кызын бооруна жоолугу менен таңып алып илкип келе жатат.
- Апа ,кардым ачты!
- Апа, суу ичем .
Биринен сала бири ,ооздору жарылып ,кеберсиген эки уулу энесин чапанынын этегинен тарткылашты.
- Алдыңа кетейиндерим ай ,бул кичине талкандан жалагылачы .Кана ач алаканынды,ме катуу дем алба! Мурдуңдан чыккан демден талкан учуп кетпесин! Акырын жегиле!
Кичинекей эки бала ,аялуу нерсе тургансып,алаканындагы талканга акырын жакындап,дем албай тили менен жалап алышты.
Бир тоголок талкан ,эч жакка түшпөгөнго көзү жеткенден кийин,экөө жылмайып отуруп калышты.
Териден жасалган көөкөргө ,агып жаткан булактан суу толтуруп алышкан, ошондон кылк эттире жутуп ,артта келаткан элдерди карап коюшту.
- Азыр эс ала тургула , мен карындашынардын астын тазалап алайын анан басалы ,дагы бир аз чыдасак шаарга жетебиз ,ошол жерден курсагыңар тоет- деп Калыйкан балдарын алаксытып келе жатты.
Кызынын ороосун чечип ,алдын кургактайын деп караса,эти от менен жалын болуп жаткан экен.
- Оо Жараткан эми эмне кылам? Ашуудан катуу суук тийген окшойт.Айланайын Кудай сактай көр кызымды!
Карангүн же бир тууганыбыз болсочу, атаң тирүү болду бекен?
Карайлаган Калыйкан чебелектеп,чыркырап ыйлаган кызына эмчегин салуу менен убара... Же бир эмчегинен ,диркиреп агаар сүтү жок.
Канча күндөн бери тамак жебегенге, кызы тойгондой кыйратып сүт да чыкпайт.
Эптеп көөкөрдогу суудан кызынын оозуна тамчылатып ,бир аз ичирди.
Айла жок ,чырылдаган кызын бооруна кысып ,эки уулун ээрчитип алдыга карай жөнөдү.
Бүркүттүн балапанын колуна кондуруп,кээде койнуна катып Илебай дагы эл менен кошо келе жатты.
Өзү жебесе да ,чычкан кармап чокутуп ,бир жолу ,жолу болуп коёнду таягы менен чаап алып , ошолордун этин чокутуп балапанынын курсагын ачырбай келе жатты.
Аны менен кошо келе жаткан Максат, кечээ кызыктай түш көргөнүн эстеп ,ойлонуп келе жатты. Түшүндө түшүнүксүз бир аппак нур төгүлгөн жерде жаткан экен. Колу - бутунда жиптерби,иши кылса түшүнүксүз нерселер тагылып турат.
Бут жагында ,бутун кучактап ыйлап жаткан аял көрүнөт.
Эмнегедир ал аялдын өңү тааныштай сезилет. Бирок ким экенин такыр эстей албай койду...
Башы катуу лукулдап ооруганынан көзүн ачса ,ташка жөлөнүп алып ,катуу уктап кеткен экен. Жанында уктап отурган Илебайдын балапаны ,тумшугу менен чокулап,ошол үндөн ойгонуп кеткен экен. Бул эмне деген түш? Ыйлап отурган аппак кийинген аял ким? Же өлгөндө периште көрүнөт дечү эле,ошобу?Же Умай эне аппак кийинет дешчү эле ,ошол түшүмө кирдиби?
Максат ойлонуп калды,атын эстей албагандыктан , Илебай ага Үсөн деген тууганыбызга окшош экенсиң,сени Үсөн дей берейин деп суранган.
- Үсөн,кеттикпи? Эмне өңүң жакшы эмес?
- Билбейм жаман түш көрүп чыктым. Ошогобу башым катуу ооруп жатат.
Илебай куржундун көзүнөн, калып калган бир ууч буудайдын данын алып чыкты. Экөө бөлүшүп алып , кичине өзөк жалгап чайнап кетип баратышты.
Экөө илкип кетип бара жаткан элдин тобуна кошулушту.
Аңгыча балапан " кыйк - кыйк" деген үн чыгарып калды.
Астыда бара жаткан , Омор деген аксакал адам бурулуп Илебайдын балапанын сынай карап калды.
- Аа балам ,бул балапанын убагы келсе кыраан болот!
- Кайдан билдиңиз Омор ата ?
- Менин атам мүнүшкөр эле , ошондуктан бүркүт жөнүндө жакшы билем балам!
- Анда узун жолду кыскартып,айтып бериңизчи?
- Болуптур балам ,анда ук!
Бүркүттөр үчкө бөлүнөт.Баатыр чегир,бай чегир ,куу чегир деп аташат.
Баатыр чегир көзүнө көрүнгөнгө кол салат: каманбы,карышкырбы алы жетсе да ,жетпесе да качырат.
Бай чегир болсо,жүнү узун болуп колдо да ,туурда да тынч олтурат.
Ал эми куу чегир болсо - бүркүттүн кырааны деп эсептелет.
Кол салганда ала турганын ала албай калса ,ээсине кол салат.
Бир жашка чейин бала бүркүт,эки жашта - бозум,үч жашта- таш төлөк,төрт жашта -кум төлөк,беш жаштан - барчын дешет.
Колдогусу кырк жашка ,жапайысы жүзгө чыгат деген кеп бар балам. Тоо бүркүтү шаңшып турат,чөл бүркүткө караганда алгыр болот уулум. Бул бала бүркүткө томого жасап кийгизип , таптай башташың керек !
Аңгыча алды жактан чуу чыгып калды ,тездеп жетип барышты .
Алды жакта кызын кучактаган боюнча Калыйкан бакырып ыйлап жаткан экен.
Эти от менен жалын болгон кичинекей наристеси ,периште болуп ,башка дүйнөгө учуп кеткен тура!
Калыйкандын боздогон үнү басылбай ,буркурап ыйлап жатты.
Апасынын ыйлаганын көргөн эки уулу эки жагынан бакырып ,апасы ыйлаган сайын ,кошулуп ыйлап элдин жүрөгүн огобетер оорутту...
Элдер бир заматта чогула калып , Калыйкандын колунан наристенин денесин алып , эки аял анын колунан кармашты. Элдин арасынан Үпөл байбиче куржунунан элечегин алып чыкты. Кичинекей наристеге жете тургандай кылып кепиндикке элечектин кездемесинен кесип берип ,аны бычып жиберишти. Тереңирээк чуңкур таап ,бычак менен чукуп казып жатышып , ак кепинге оролгон кичинекей кызды жерге беришти.
Үстүн таш менен корумдап ,куран окуп алышып ,кайра эле жолго чыгышты.
Баладан айрылган эненин азабын эч кимдин башына салбасын. Көзгө көрүнүп калган бала , түбөлүккө эненин жүрөгүнөн орун алып калат эмеспи... Боздогон Калыйкандын үнү басылбай,солуктаган бойдон,улам артын карап ,үйүлгөн таштардан турган кызынын акыркы жайын караган боюнча сыздап кетип бара жатты...
- Ай Калыйкан балам , болду токтот.Баладан айрылган кандай азап экенин баарыбыз түшүнүп турабыз.
Өзүңдү карма дагы ,алдагы эки уулуңдун боосун Кудай бекем кылсын дегин. Өзүлөрү коркуп араң келе жатканда, огобетер ыйлап булардын жүрөгүн түшүрбө ! Жараткандын жазмышы ушул экен ! Кудайдын колунда баары, уучуң кур эмес,белиңди бекем бууп ,алдагы эки баланы жакшы кара! Кайрат кыл балам!- деген Үпөл эненин айтканы Калыйканды эсине келтирди...
- Кечиргиле балдарым,мен куруюн! Атаң экөөбүз ызы-чууда адашып калдык,аман болсо ,издеп таап келээр! Карындашыңар Алмагүлдүн жаткан жери жайлуу болсун!
Атын унутпай эстей жүргүлө! Кудай алты айлык өмүр берип ,кайра көпөлөктөй кылып алып кетип калды.
Эмине кылабыз эми ,убалыбыз орустарга жетсин!
( Уландысы бар)
Урматтуу окурмандар чыгарма кызыктуу болсо комментарий жазып класс басып колдоп кетиңиздер

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3