
2-БӨЛҮМ
Кундор отуп Толу эне таанылгыс болуп озгорулду. Бир убактагы суйкайган сулуу жылдыздуу келинден дайыны да жок эле. Ошондой кундордун биринде. Кайненеси менен кожоюндун биринчи аялы издеп чыгышты. Кундо мурзоолорду аралап издеп журушту. Жер жуткандай жок. 4кун катары менен умут узбой журушту. Кожоюндун биринчи аялынын да 2 уулу кеткен боюнча алардын дайын,дабаасын да угуша элек. Эптеп, кара кагаз келбегенине ичинен шугур айтып журот. Кун сууктап калганынан:
-- Апа журунузчу керек болсо озу барат да деди кожоюндун биринчи аялы.
--Ботом кутула албай эле жургонсун го. Ит жоголсо деле издешет. Же ичинден табалап журосунбу? "Олугунду гана коройун келин болбой кемирен кал "-деп акырая карады.
--Аптыга тушкон келини: сизди ушуп кеттинизби деп гана ойлогом деп кункулдоду.
--Ушумоктурсун тонуп калсан да тапмайынча эч жакка барбайбыз. Ошончо неберемди, жылдыздай уулумдун аманатын аткара албай каламбы?. Бул дуйнодо туркук болгон ким бар дейсин? Ушуларды эртерээк тушунбогонумо кейийм. Канча адамдарды сактап калганга мумкунчулугум бар эле. Бирок,антпедим. Эмнегедир озумду ханшайым сезгим келчу окшойт. Эчкинин жашындай жашым калды торумдон, корум жакын болуп калды корунот,деп чын журоктон кейип, кейип алды. Антип айтканынын да себеби бар эле:Кундо баласы тушуно кирип- " Толу кайда жоготуп койдунарбы? "деп 3-4жолу сурады. Ошого Толуну табып уйго алып келууну туура коргон.Баламдын аманаты деп кабыл алып, издеп жургондогу кербези эле. Ал куну да жолдору болбой уйуно кайтышты. Анан эле бироо эшикти танга жуук каккылап --Келининер деп Ыбырай молдонун мурзосунун ичинде ээс уучун жыя албай жатыптыр. Кумайык жугуруп кеткенинен артынан барсам сиздин кичуу келининиз экен.Чыгарайын деп такыр кире албай койдум. Макул болсонуздар чогуу баралы деди. Тапырап эле жоноп калышты.
Корустонго келип даап кире албай копко турушту. Ошондо кайненеси:
--"Кудай берген жанды кудай алат". "Корксо да коен олот коркпосо да коен олот"-деп суйлонуп алды да. Кирип кетти. Кирип эле жаткан келинин, тааныгыс болуп озгоргонуно журогу чыдабай келинин кучактап алып,кечирип кой жарыгымдын, жарыгы деп бооздоп ыйлап жатты. Кучу жетпей аран суйроп чыкты. Чыгар замат колдорунан тартып атка оноруп алып келишти. Кожоюндун биринчи,экинчи зайыбы тазалантып жуунтуп,узун чачтарын оруп, жаткызып коюшту эс алганга. Алы жок суйлогонго дагы. Тамакты кашыктап ичирип карап жатышты. Бирок, ары бери турчудай эмес. Келини дагы канча жатмак ким билет оюна молдоке тушуп дем салдырганга айыл башында жашаган молдокеге кетти.Кечкирип бешимде ээрчитип келди. Дем салып дагы коптогон келмелерди окуп молдоке эртен тан заардан келмей болду.Эртен менен эрте молдо келгенде Толу жаны торолгон баладай болуп эс алып калыптыр . Бирок, кайда экенин такыр эстей албай турду. Бир маалда молдо келип дем салаарда жини бетине чыгып,айбаттуу арстандай,молдого атырылды. Молдоке ошондо гана тушунду бул келинге,жин кирген экенин. Уйдо баары биригип кубалап журушту. Карматпай,кармап алышса да алдары жетпей бир топ убара тартышты. Же айылда жаш эркек эч ким жок. Баардыгы чалдар,балдар, кемпирлер, келиндер. Аран дегенде туштон ооп кармап байлап коюп дем салып жатышты. Ошентип 20кунчо молдого тан заардан кечки багымдат намазга чейин келиндин жанында журуш адатка
айлангансып баратты.
Автор:Ашырова Э.З.
Уландысы кийинки чыгарылышта


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7