
«Чылык» бар жерде «былык» бар.
Чаап айтканча, таап айт.
Чагылгандай көздөнгөн, чак эткендей сөздөнгөн.
Чагым — өлтүрөт, мактоо — жеткирет.
Чаң созулат тамандан, жакшылык келбейт жамандан.
Чай болуп төргө өткөн суу бир кезде арыкта акканын унутпаса.
Чайкап сүйлөгөнчө, байкап сүйлө.
Чайнаганың — күмөн, жутканың сеники.
Чайпалса аяк төгүлөр.
Чайырды көп чайнаса — сагыз болот, карыганда көп сүйлөсө — маңыз болот.
Чакмак таш кууну тутандыргандай, кагылыш
болор — болбос себептен чыгат.
Чакырса келбес — шыкаалайт, берсе жебес — чымчылайт.
Чакырылган жүз конок үчүн — бар,
Чакырылбаган бир конок үчүн — жок.
Чала жорго жол бузат, чала молдо эл бузат.
Чалыры турса көзүндө, чаргыты (чалгырты) болот сөзүндө.
Чапкан сайын көз чыкпайт, айткан сайын кеп өтпөйт.
Чаппаса билекте калат, айтпаса жүрөктө калат.
Чапса болот кетилет, чарыкка кармаса бычак жетилет.
Чапсан — чарчаарсын, жетпесең — жетээрсиң.
Чапчаң ат арышын таштайт, баары бир күлүктөн ашпайт.
Чарыкчанды жактырбасам, өтүкчөн мени карабайт.
Чатак сүйлөп чычаалак — чыр адамдын мүнөзү,
токтоо сүйлөп жай айткан — сабырдуунун мүнөзү.
Чатактан кан чыгат, кагылыштан жан чыгат.
Чатактын түйүнүн (түбүн) калыс айткан сөз чечет.
Четтен келген жоону тилге келтиргин,
ал тилге келбесе, кылычыңды тос.
Чече сүйлөйт чечендер, эл чогулган жерлерде.
Чечен - сөздүн эбин табат, дайым кептин кемин табат.
Чечен — чечен эмес, өкүм чечен.
Чечен алжыса атагын жейт.
Чечен алжыса төө дейт, молдо алжыса эмне дейт.
Чечен менен чебер жазуунун ортосу асман менен жердей.
Чеченде — жалпынын сөз акысы бар, байда — кедейдин көз акысы бар.
Чеченден өткөн чеченди «кара жаак жез тандай» дейт.
Чечендин — сөзү, баатырдын — көзү (курч).
Чечендин — тили орток, чебердин — колу орток.
Чечендин көркү—таңдайда, баатырдын көркү —маңдайда.
Чечендин сөзү алтын, устанын колу алтын.
Чиелешкен түйүндү чечиш кыйын, үйүгүшкөн душмандан кетиш кыйын.
Чийки бышып даамына келет, жаш чоңоюп алына келет, азган айланып элине келет.
Чөгөлөп жашаганча, тике жүрүп жан ташта.
Чөл жакалап конбой, көл жакалап кон.
Чөп ширеси мал семиртет, кеп ширини жан семиртет.
Чөпкө (кээде отко) бергис такыр бар, байга бергис жакыр бар.
Чөптөн жылан уу жасайт, аары бал жасайт
Кумар Кыпчак


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 60
Эшекти отко айдаса бокко качат
Жаталак болот
Жатак болот