Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

6 мар

ЭЛ ООЗУНАН...

БИЛМЕКСЕН БОЛ…
— Кайгылуу күндөр эсиңе түшсө, аларды болбогон деп бил жана жашооңду уланта бер!
— Жийиркеничтүү, уят сөздөрдү угуп калсаң, кулагыңдын сыртынан кетирип, жолуңду уланта бер!
— Кимдир бирөө жамандык кылса, аны кечир жана эч нерсе болбогондой жашооңду ула!
— Бул дүйнөнүн кайсы бир жакшылыгына жетпей калсаң кайгырба, эч нерсе болбогондой өмүр сүрө бер. Анткени өмүр кыска. Бакытка жетпей туруп өзүн бактылуу сезген адам – чыныгы бактылуу.
— Сен жөнүндө айтылган сөздөрдү териштире бербе!
— Сага жамандык кылган ар бир адам менен эсептеше бербе!
— Сага кол салган ар бир адамга кол салышың шарт эмес!
— Сага душмандык кылган адамдан өч алба!
— Эгер сак болсоң, Алла Таала ден соолугуңду чың кылат. Түнү тынч уктайсың, ырахаттанып жашайсың, көңүлүң тынч болот.
— Жыйында отурганда тилиңди сакта.
— Эки нерсени: адамдардын сага кылган жамандыгын жана өзүңдүн адамдарга кылган жакшылыгыңды эч качан эстебе.
— Эки нерсени: Алла Тааланы жана акыретти эч качан унутпа.
— Эгер сага орой сүйлөсө, ага ачууланба, жөн гана жылмайып кой. Анткени, ал өзүнүн ким экендигин сага көрсөтүп койду. Адамдын көркү — акыл, акылдуу адамдан гана акылдуу сөздөр чыгат. Ириген ооздон чириген сөз чыгат. Тентекке теңелип, терек бою секирбе!
— Эгер бирөө сага тилинин канжарын сайып жараласа, сен да ошол канжар менен жооп беришиң шарт эмес. Тескерисинче, сен ага жылмаюунун кылычын сайып алсаң жакшыраак болот.
— Кайнап жаткан суудан өзүңүздүн жүзүңүздү эч качан көрө албайсыз… Ошол сыяктуу эле ачууланып турган кезиңизде акыйкатты көрбөй каласыз… Катанын үч түрү — Текеберлик (бой көтөрүү, менменсинүү). Шайтан текеберлигинен Алла Тааланын каар-каргышына калган; — Ач көздүк. Ач көздүктүн айынан Адам ата Бейиштен куулган; — Көрө албастык. Көрө албастыктын кесепетинен Адам атанын уулдарынын бири экинчисин өлтүргөн.
НАСААТТАРЫ:
— Залимдик акыры кырсыкка же кыйроого кабылтат. Ошондуктан күнөө кылып өзүңүзгө залимдик кылбаңыз. Адамдарды колуңуз менен да, тилиңиз менен да ыза кылбаңыз. Сизден зулум көргөн адам, сиздин зыяныңызга дуба кылса, анда кантип тынч уктай аласыз?! Адамдардын жүрөгүн жаралап, көз жашын агызып, анан кантип кенен-кесир өмүр сүрөсүз?!
— Эч качан ачууланбаңыз, ачууланган кезде адам өзүн жоготот, акылы менен эмес, ачуусу менен чечим чыгарып калат. Ачуу менен чыгарылган чечимдин аягы кайгылуу, акыбети өкүнүчтүү болот.
— Жумушуңуз же байлыгыңыз сизди балдарыңыздан алыстатып койбосун. Анткени, балдарга туура тарбия берүү чоң вазыйпа, балдарыңыздын такыба болуп өсүүсү, тентек эмес, элпек болуп чоңоюусунун өзү эле баа жеткис байлык.
— Дайыма бактылуулук жана кубаныч жөнүндө сүйлөңүз, ошондо аны табасыз. Кайгы-капа, кыйынчылык жөнүндө ооз ачпаңыз, антпесе жамандык артыңыздан ээрчип алат.
— Убакытты кадырлай билиңиз, аны ибадатсыз өткөрүп алуудан коркуңуз. Жоголгон байлыкты тапсаңыз болот, бирок өткөн убакытты артка кайтара албайсыз. Убактыңызды пайдалуу нерселер менен гана өткөрүңүз…
— Жумушуңду берилип аткаруу үч нерседен — зеригүүдөн, бузукулуктан жана кедейликтен сактайт
— Дос лифт сыяктуу, сени бийикке көтөрөт, же төмөнгө түшүрөт. Ошондуктан кандай лифтке түшүп жатканыңа көңүл бур!
— Ыйласаң да, сыздасаң да, күлсөң да, күйүнсөң да таң атып, кайра күн батат, жашоо улана берет. Кайгыга батып жүрө бербей күлүп жашаганды үйрөн, кайгыргандан пайда таппайсың.
— Эч кимге эмне үчүн көз жаш төккөнүңдүн себебин айтпа, анткени ал сени кантип ыйлатканды билип алат.
ӨКУНУЧТУУ…
— Диниме, элиме жана мекениме болгон сүйүү кан тамырда кошо айланбай жаткандыгы кандай өкүнүчтүү.
— Пара алуу, сүткорлук кылуу, зына ишке баруу, бирөөнүн байлыгын арам жол менен тартып алуу жана башка арам иштердин мусулмандардын арасына кенен жайылып кеткендиги кандай өкүнүчтүү.
— Ата-эненин бирөөсү сага ачуусу келген абалда көз жумганы кандай өкүнүчтүү...

ЭЛ ООЗУНАН... - 5393844501589

Комментарии 6

К А
К А
Ит күлүгүн, түлкү сүйбөйт
6 мар
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    М.А.А.
    М.А.А.
    Ичи ооруган, күлкү сүйбөйт,
    Ит күлүгүн, түлкү сүйбөйт.
    7 мар
    , отредактировано
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Ajarkul Kaparovna
    Ajarkul Kaparovna
    7 мар
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    🐻 mamalak 🐻
    🐻 mamalak 🐻
    Заманын бору болсо бол,тулку болсо тулку бол
    8 мар
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Не важно кто я Фамиля нет имя секрет
    Не важно кто я Фамиля нет имя секрет
    Бору баласы ит болбойт
    8 мар
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айтбу Долоталиева
    Ит жугуругун ,Тулку суйбойт.
    8 мар
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 27 880Фото 23 014Видео 1 633Участники 40 542
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 27 880
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться