Өзгөчө күн аябай ысып жатты, ыйык орозо айынын үчүнчү күнү болчу көпкө чейин ойлонуп сыртта олтурган элем. Аңгыча жолдо бир жаш баланын бара жатканын көрдүм. Ал аябай кыйналган абалда эле, жана колунда эскирип калган мешок бар болчу.
"Эй иним сага эмне болду?"-деп сөз узаттым?
Ал мага араңдан гана жооп узатты.
"Эч нерсе болгон жок байке, кечээ күнү бир аз ооруп жумушка чыга албай калган болчум ,саарлыкка жегенге үйдө эч нерсе калбаган экен үйдө жалгыз карындашым бар ал дагы саарлыксыз калган, бираз башым айланып жатат азыр, эртең да саарлыксыз калбайлы деп жумушка баратам"- деп жооп берди.
Мен кайрадан ал жаш балакайга суроо узаттым .
"Ата-энең кайсыл жакта?"
- Бирок бул суроону берүү менен өзүм да бираз ыңгайсыз абалда болдум.
Көздөрү жашка толгон бала жооп берди:
"Экөөсү тең каза болушкан."
Апам мага көп айтчу: "Балам сен чоңойгонунда ыймандуу балдардан болосун ээ? Мен силерди эч кимден кем кылбаймын, тур балам бүгүн орозонун биринчи күнү, орозо кармайбыз сен карындашыңды ойготуп тур мен тамак даярдайын"-деп дайыма бизди тургузчу. Атакебиздин каза болгонуна көп жыл болуптур, ал убакта мен жаш наристе экен элем. Көр турмуштун айынан уста болуп иштеп бийик имараттан түшүп кетип каза болуптур .Аллах рахматына алсын. Апакебиз бизди ата жоктугун билдирбей бизге ата ордуна ата, эне ордуна эне болуп бизди чоңойтту.
Апам мектепте пол жууп иштечү, ошентип жүрүп суук өтүп, ооруп жатып калды. Сүйлөгөнгө абалы калбаган апакем араң гана
"Кел уулум! Кел кызым! "-деп кучагына басып алып аябай ыйлады.
"Уулум ,кызым мен силерди аябай жакшы көрөмүн, мени кечиргиле"- деп колубуздан кармап мага суу бергиле деп суу сурады. Карындашым Адина сууну алып келди, апакем сууну ичип келимени айтып көз жумду... Аллахтын сыноосу экен бизден апакебизди да алып койду...
Ошол мезгилден бери карындашымды кароо менин мойнумда калды. Азыр карындашым экөөбүз жашайбыз. Ар дайым орозо болгондо калтырбай чогуу кармайбыз. Кана эми ата - энем тирүү болсо, мен да үйдө олтуруп ата-энем менен чогуу кармасам"- деп ыйлап жиберди.
Мен алаксытууга аракет кылдым "Иним ! Бул баарыбыздын башыбызда бар ,сабыр кыл!"- деп айтсам ыйыны токтотуп,
"Бүгүн биздин үйүбүзгө барыңыз ,чогуу ооз ачалы"- деп бираз жылмайды.
"Макул сөзсүз"- деп мен кала бердим. Ал мешокту көтөрүп сүйүнгөн бойдон жол тартты. Кечинде ошол жерден жолуктук, баланын жүзүндө ушундай сүйүнүч байкалып турду, жумушта кечке чейин бакалашка терип аны кеч сатат экен ,ошентип иштеп акча кылып үйгө бираз жегенге азык, тамак- аш кылып келиптир.
Менда базарлык кылып карындашы Адинага да сабак куралдарын алып алдым.
Ошентип үйүнө бардык өтө эскирип кеткен бир үйгө кирдик ,сулуу жакшынакай бир кыз чыкты "Ассалааму алайкум! Кош келиңиздер"-деп тосуп алды. Ошентип ооз ачарга 20 минут убакыт бар эле. Адинага окуу куралдарын бердим ,байкуш кыз өтө кубанып ыраазы болуп турду . "Сизден Аллах ыраазы болсун"- деп кубанычы койнуна батпай турган эле. Апасы тарбияны ушундай жакшы берген экен, мен көрүп аябай кубандым. Оозду ачып ,тамактанып бираз маектешип олтуруп арадан бир топ убакыт өтүп кеткенин байкабай да калыптырбыз, ошентип үйгө кайттым жолдо келе жатып аябай ойго баттым аттиң ушул нерсени ата-энеси тириүү болуп кадырын билбей жүргөн мага окшош адамдар ойлоноор бекен?...
Көзү көрөт ,кулагы угат, бүт денеси таза ,тамагын даярдап берген ата-энеси жанында болгон адамдар эмне үчүн орозо кармашпайт?....
Аллахымдан суранаарым ата-энебиздин өмүрүн узун кылып, Орозо айында кылган амалдарыбыз туткан орозолорубузду кабыл кылса экен....
Рустам Байке

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3
САДАКА
Күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот.Мал-мүлккө береке киргизет.Балээ-казадан сактайт.Ооруларга шыпаа болууга себепчи болот (руханий жактан).Аллахтын ыраазычылыгына жеткирет.Ыйманды бекемдейт.Жүрөктү тазалайт, сараңдыкты кетирет.Ички тынчтык жана кубаныч тартуулайт.Кыямат күнү соопко себеп болот.Дубалардын кабыл болуусуна себепчи болот.Коомдо боорукерликти арттырат.Жакырларга жана муктаждарга жардам берет.Байлыкка шүгүр кылууга үйрөтөт.Биримдикти жана ынтымакты күчөтөт.Сооптун үзгүлтүксүз агымына (садака жaрия) себеп болот.