
Шайтан зээриккенинен көпүрөнүн жанына келип:"Азыр ким көпүрөдөн өтсө аны сууга түртүп бир аз көңүлүмдү ачайын"-деп ойлонот. Ойлонуп бүткүчө эле орто жаштагы киши көпүрөгө келип калат. Мына-мына көңүлүмдү ачайын, сууга түртүп жыргайын десе эле ал адамдын жанына жолой албай коёт. Миң аракет кылса дагы шайдандын ойу ишке ашпайт, себеби ал адамга эртең менен жумушка кетээрде аялы:"Бүгүнкү күнүң ийгиликтүү болсун, Кудайым жолуңду ачык кылсын"-деп бата берип узаткан болот.
Шайтан үмүтүн үзбөй башка адамдарды күтөт. Бир маалда студент бала көрүнөт, ал көпүрөнүн ортосуна келгенде түртөйүн дейт. Дагы эле жанына жолой албайт. Көрүнбөгөн дубал шайтанды тосуп калат. Ал көрүнбөгөн дубал энесинин эртең менен берген батасы болот. Энеси алыс, башка жакта жашаса да батасы ушундай күчкө ээ болот, бардык кырсыктан баласын коргой алат.
Шайтандын үмүтү үзүлүп, бүгүн менин күнүм эмес экен, үйүмө кете берейин дегиче көпүрөгө карыя келе жаткан болот. Бул абышкага ким бата бермек эле, алы деле жок, азыр жолум болот деп сүйүнгөнүнөн колун ушалап баштайт. Абышканы түртө салайын десе эле, дагы көрүнбөгөн дубал тосуп калат. Көрсө карыяга кызы күндө батасын берип, өмүрүн тилеп, Кудайга жалынып турган болот.
Эркек адам үй-бүлөсүн эркектик сүрү, күчү менен сактай турган болсо, аял - батасы менен коргойт. Аялдын батасы аралыкты билбейт, алыскы континентке чейин жете алат. Жада калса эненин батасы балдарынын 7 тукумуна чейин тиет. Эне бата берсе небере, чөбөрө, кыбыраны да коргой алат.
Ак бата берип, балдарын, жолдошун босогодон узатып, кайра ыйык төрдөн жылмайып, дасторкон жайнатып жакшы сөз менен тосуп алган ажарлуу аял заттары аман болушсун!
Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт.
Рустам Байке

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2