*ДУБА КЫЛУУ*
_Дуба кылуу – бул, ибадат болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): *«Дуба – бул, ибидат»* – деген. Экинчи бир хадисте: *“Аллахтын алдында дубадан өткөн баалуу нерсе жок”* – деп айтса, дагы бир хадисте: *“Аллах Тирүү, Берешен. Ошондуктан кайсы бир пендеси Ага дуба кылып суранса, анын сунулган колун бош кайтаруудан уялат…”* – деп айткан._
*ДУБАНЫН КАБЫЛ БОЛУУ ШАРТТАРЫ:*
_Чын ыклас менен дуба кылуу. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): *“Чындыгында, амалдар ниетке жараша болот”* – деп айткан. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) көрсөткөнүндөй дуба кылуу керек. Анткени, бизге Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) гана үлгү боло алат. Куранда: *“Чындыгында, силер үчүн да, Аллахты, Акырет күнүн үмүт кылгандар (үчүн да) жана Аллахты көп эстегендер үчүн да – Аллахтын элчисинде көркөм өрнөктөр бар”. (Ахзаб, 21-аят).* Намаз, орозо, зекет жана үгүт- насаат сымал милдеттүү амалдарды дайыма аткарып жүрүү керек. Кудусий хадисте: *“Парз кылынган амалдар аркылуу пендем Мага жакындайт. Ал эми кошумча амалдар аркылуу Мага сүйкүмдүү болот. Эгерде Мен аны сүйө турган болсом, анын угуусу, көрүүсү, суна турган колу жана жүрө турган буту болом. Анын тилегин берип, жамандыктардан коргоймун”* – деп айтылган. Ошондой эле Хузайфа бин Йаман _ жеткирген хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам- салаваты болсун): *“Жанымдын Ээси болгон Жаратканга ант ичип айтам: жакшылыкка үндөп, жаман иштерден тыйбасаңар, башыңарга түйшүк түшкөндө кылган дубаңар да кабыл болбоосу ыктымал”* – деп айткан_.
_Адал тамак менен тамактануу керек. Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): *“Оо, эл-журт! Чындыгында, Аллах Таза (Аруу), ошондуктан Ал тазаны гана кабыл кылат”* – деп айткан. Дубанын кабыл болуусуна ишенүү керек. Кудусий хадисте: *“Мен пенденин күмөн кылгандаймын”* – деп айтылган. Жакшылыкта да, жамандыкта да Аллахты эстеп жүрүү керек. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мындай деген: *“Кимде-ким кыйынчылыкка кабылган кезде дубасынын кабыл болуусун кааласа, анда жыргал турмуш өткөрүп жаткан убакта да Аллахты унутпай дуба кылып жүрсүн”*_.
*ДУБА КЫЛУУНУН АДЕПТЕРИ:*
_Дуба кылган учурда жөнөкөй, кичипейил болуу, мүмкүнчүлүгү болсо даараты менен болуу, Кыбла тарапка карап дуба кылуу, эки колун көтөрүп дуба кылуу, дуба кылуудан алдын Аллахка мактоо айтуу, Пайгамбарыбызга (с.а.в.) салават айтуу, үнүн төмөнүрөөк чыгаруу, дубада ата-энесине кошуп дуба кылуу, жалпы мусулмандарды кошуп дуба кылуу, Жараткандын бергенине шүгүр кылуу, жана катасын мойнуга алуу менен дуба кылуу дубаны үч жолу кайталоо дубадан кийин (Амиин) деп айтуу. Дуба кылган соң эки колун жүзүнө сүйкөө, истигфар айтып, кечирим тилөө, кайыр-садака берүү._
*ДУБА КАБЫЛ БОЛУУЧУ УБАКЫТТАР:*
_Түн ичиндеги дубалар. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): *“Түн ичинде бир убакыт бар, эгерде пенденин Акырет жана дүнүйө жакшылыгын тилеген дубасы ошол убакытка дал келсе, Аллах анын сураганын берет*” – деп айткан. Азандан кийинки дубалар. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткан: *“Азан менен икамат ортосундагы дуба кайтарылбайт”*. Жума күнүндөгү дубалар. Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) келтирген хадисте, Аллахтын элчиси Жума күнү жөнүндө баяндап жатып: *“Бул күнү бир убакыт бар. Кимдин дубасы ошол убакытка дал келсе, кынтыксыз кабыл болот”* – деп айткан. Рамазан айындагы дубалар. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): *“Орозо тутуучу адамдын ооз ачаар алдындагы дубасы жоопсуз калбайт”* – деген. Арафа күнүндөгү дубалар. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): *“Дубалардын эң жакшысы – Арафат күнүндөгү дуба…”* – деген. Намаздан кийинки дубалар. Пайгамбарыбыздан *“Кайсы дуба уккулуктуу?”* – деп сурашканда, ал: *“Түндүн акыркы бөлүгүндөгү жана фарз намаздардын артынан айтылган дуба”* – деп жооп берген. Кадыр түнүндөгү дубалар. Сажда учурундагы дубалар. Ажы, же умра учурундагы дубалар. Оорулуунун абалын сурап барган учурдагы дубалар. Зам-зам суусун ичкен убактагы дубалар_.
*Дуба - мусулмандын куралы, диндин негизи, тиреги жана жер менен көккө жарык чачкан нур болуп саналат. Дуба – башка келген балээлерди кайтарат, келбегендеринин келүүсүнө тоскоол болот.*

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7