
Бир имам бар эле.
Ал өзүнө таандык имамдык милдетин жакшы аткарып, эл арасына динди туура түшүнүрүп, ар бир намазында “тадил-эркан” (намаз окуп жаткандагы ⁴аракет:
Рүкү, сажда, эки сажда аралыгындагы кыям жана тик туруу арасындагы) эрежесине аябай маани берип окуган имам катары көпчүлүктүн сый-урматына арзыган имам болчу.
Бир күнү имам мечиттеги жамаатка бешим намазын окутуп жаткан эле.
Бешим намазынын алгачкы сүннөтүн окуп бүтүп оң тарапка салам берсе жанында бир ак сакалы жайкалган карыя адам отурган экен.
Кайра сол тарабына салам берип туруп караса карыя ордунда жок болуп чыгат.
Эч нерсеге түшүнө албаган имам жамаатын бешим намазынын парзын окутуу үчүн ордунан турат.
Фарз намазы окулуп бүтүп кайра оң жагына салам берсе баягы карыя дагы отурган болот.
Сол тарабына салам берип кайра караса тиги карыя кайрадан жок болуп чыгат.
Имам болуп жаткан окуяга таңкалган боюнча бешим намазынын акыркы сүннөтүн окуп кирет.
Намазды окуп бүтүп оң жагына салам берсе тиги карыя отурган болот.
Имам сол жагына салам бербей туруп:
Арбаңыз, аксакал!
Сиз кимсиз?
Неге сиз оң тарапка салам бергенимде отурасыз да, сол тарапка салам бергенимде жоголуп кетип жатасыз,- деп сурады.
Карыя адам имамды сырдуу карап туруп:
Менин ким экенимди билгиң келип кызыгып жатсаң, намаздан кийин жамаатыңды ээрчитип сыртка чыксаң бир караңгы көчөгө түшөсүң.
Ал көчөнү бойлоп өткөндөн кийин бир сүрдүү жана коркунучтарга толгон көчөгө туш болосуң.
Ал көчөдөн өткөндөн кийин маңдайында “ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХ МУХАММАДУР РАСУУЛУЛЛАХ” деген жазуусу бар жашыл эшикке туш болосуң.
Ошол эшикке кирсең мага жолугасың.
Анан мен ким экенимди айтып берем”- дейт да көздөн кайым болот.
Имам намазды окутуп бүтүрүп жамаатына жаңы эле болуп өткөн окуяны айтат да, аны менен бирге баруусун өтүнөт.
Жамааты сүйүктүү имамын кантип ээрчибей койсун, имам менен кошо айтылган караңгы көчөгө чогуу түшүп жөнөшөт.
Алдыда келе жаткан имам караңгы көчөдөн сүрдүү жана коркунучтуу көчөгө өткөндө артын карасы жамаатынан бир дагы адам жок болуп чыгат.
Бирок айлана канчалык коркунучтуу болбосун имам сапарын улап кете берет.
Акыры имам айткан жашыл эшикке жетип ичине кирсе өмүрүндө көрбөгөн керемет кооздуктарга, сөз менен айтып бергис көркөм табиятка бөлөнгөн жарык жер экен.
Имам айланага суктанып караган боюнча бираз баскандан кийин кооз орундукта отурган карыяны көрөт да:
Мына мен келдим аксакал.
Эми ким экениңизди айтасызбы?,- деп сурайт.
Карыя имамды карап:
Мен Азреил (радияллаху анху) периштемин.
Сен бешим намазынын алгачкы сүннөтүн окуп бүтүп оңго салам берип мени биринчи көргөнүңдө эле мен сенин жаныңды камырдан кыл суургандай алып кеткен элем.
Бирок сен аны сезген жоксуң.
Жамаатың менен караңгы көчөдө келе жатканың ал сенин табытыңды ийиндерине көтөрүп келе жаткан учур эле.
Сен сүрдүү жана коркунучтуу көчөдө жалгыз калганың ал кабырың болчу.
Сенин ыйманыңдын күчтүүлүгү, өз акысын берип так окуган намаздарыңдын кудурети, динге кылган мээнетиң кабырдан эч коркпостон өтүп кеткенге жардамчы болду.
Мына эми сен Жаннат бакчасындасың”,- деди.
Сабак:
Ар бирибизге парз болгон намазыбызды ар дайым туура, так жана эрежесине маани берип окусак Аллах Тааланын кечиримине жана мээримине туш болорубуз ажеп эмес.
Намазыбызды тургузуп ыйманыбызды күчтөйлү туугандар.
Ыйман китеби...

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев