
Чеховдун бир кыска аңгемеси бар:
"Карыя бейтап кемпирин ат арабага салып алып,дарылатуу үчүн алыскы шаарга сапар тартат.Жолдо карыя кудум өзүнө-өзү сүйлөп жаткандай пас добуш менен күңкүлдөп сүйлөп барат.Ал өзү менен кырк жыл бирге турмуштун түйшүктөрүн кошо тарткан, тиричилик азаптарын бирге чеккен, талаада дыйканчылыкта ага жардамчы болгон, үй жумуштарын тартипке салган өмүрлүк жолдошун тынчтандырып бара жатты.
Карыя мына ушул көз ирмемдерде баштан өткөн ушунча жылдар аралыгында кемпирине катуу кол мамиле жасаганын,ага бир жолу да жакшы мамиле жасабаганын,жылуу сөздөрдү айтып көңүлүн көтөрбөгөнүн сезди.Ага көп зулумдук кылганын моюндады.Анткени, кемпирине ширин сөздөрдү айтуу үчүн,ага жылмаюу үчүн турмуштун ташпиштеринен бошобогонун айтты.Карыя бул сөздөрдү капаланып,жол ката кемпирине өкүнүү менен сүйлөп баратты.
Суу ташты оюп салгандай жөнөкөй сөздөр да адамдын жүрөгүн кемирип таштайт,терең издерди калтырат.
Карыя кырк жыл бою кемпирине бере албаган махабат,мээрим жана эр-катын ортосундагы жылуулукту ага эми бермекчи болду.Ага эми бардык айткандарын аткарууну, өмүрүнүн соңуна чейин бардык арзууларын ишке ашырууну айтып,убада берип жатты.
Карыя шаарга жетип,аттан түшүп,кемпирин өмүрүндө биринчи жолу арабадан көтөрүп түшүрмөкчү болду.Бирок,кемпири каза болуп калган эле".
Жүрөк ооруткан аңгеме ушул жерден бүтөт.Чехов бул аңгеме аркылуу бизди качандыр бир убакта карыяга окшоп, өзүбүзгө өзүбүз сүйлөп калуубузду эскертип турат.Анткени,убакыт өтүп кеткенден кийинки ширин сөздөрдүн кимге кереги бар?
Убагында бериле турган бир даана гүл убакыт өтүп кеткенден кийин бериле турган бүтүн дүйнөдөн жакшы.Өз убагында айтылган бир ооз жылуу сөз сезимдер өлүп калгандан кийин жаралган бүтүндөй бир дастандан артык.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4