
БАШЫ...
( аңгеме)
Столдо чачылып жаткан кагаздарын жыйнап, үйгө кетүүгө камына баштады. Мунун үстөлү иш маалында эгерим жыйналбайт. “Качан болсо кагаздарың баш аламан жатат,” – деп тийишип калган кесиптештерине: “Творческий беспорядок” – деп, орусчасынан тамашалап жооп берип коймою бар. Иреттеп койсо эле иши жүрүшпөй калчудай боло берет. Эртең менен жыйналуу турган кагаздары кечке чейин чачылып калат. Үйүнө дегеле шашпайт. Шашканда эмне? Күткөн эч кимиси жок. Барары менен чала-була өзөк жалгамыш этет да, телевизор тиктейт. Көзү анда болгону менен ой-кыялы башка жакта. Бул көрүнүш күндө кайталанат.
Кээ бир тааныштары мунун жашоосуна ачык эле көз артышат. “Ай деген ажоң, кой деген кожоң жок. Өзүңдү өзүң билесиң. Кааласаң укта, кааласаң көчөлө... Үйүң толо оокат. Кийгениң түрү менен. Жаш сулуудай суйкайып, дегеле бетиңде бир бырыш жок. Жигиттен-жигит тандасаң болот. Керек болсо жыйырма бештеги жаш жигиттер да суктанат го сага! ”– дешет. А бул үчүн мунун баары кызыксыз. Бирок тек гана “ооба” деп жооп берип коёт. Түнү жаздык кучактап ыйлап чыкканын, жалгыздыктан чарчаганын кимге айтып, кимге бугун төгөт? Үйүндөгү оокаты ким үчүн да, жан үрөп иштегени ким үчун? Жүрөгүнө жылуулук тартуулай албаса, жаш жигитттердин суктанганынан не оопа? Бул жашоодо өз түгөйүңдү таппай калуудан, баласыз калуудан өткөн азап бар бекен? Аны көз арткандар билбейт. Балким, билсе да керек. Бул жөн гана көңүл жубатуудур? Өзүнө минтип айтышканы менен артынан боор ооруй карап: “Бактысыз байкуш, ушинтип жүргүчө аюу да болсо бирөөгө тийип албайт белең!” – дешээр.
Күн уясына батып, айлана күүгүм тартып калганын сыртка чыкканда гана байкады. Мындай көрүнүш бул үчүн көнүмүш болуп калган.
Адатынча көчө бойлой жөө басты. Үйү жумушуна жакын, ушул тегеректе. Жашы кыркка таяп калганына карабай, мүчөсү жаш кыздардай сымбаттуу. Качан көрбө такалуу, өзүнө жарашыктуу бут кийим киет. Анысы аялдын ажарын ого бетер ачкандай “тык-тык” этет.
Демейкисиндей бак ичиндеги орундукка көчүк басты. Бул отургуч менчигиндей болуп калган. Ар кечте келет. Санаалашындай сырын төгөт. Андан калса бул да муну гана күткөндөй дайымкысындай ээнсиреп жалгыз турат.
Жайдын күнү болгондуктан көчөдө эс алып жүргөндөр арбын. Жуп-жубу менен колтукташа баскандар, балдарын жетелегендер.
Ээрчишкендерге суктана карады.
“Аттиң, менде да ушундай кечтер болоор бекен?” Аны оор санаа басты. Мындай мезгилде оюна башка нерсе келбей калат. Дүйнөдөн жалгыз өтуп кетемби деген коркунуч жүрөгүн мыжып, эч ким билбеген, эч кимге айтып даттанбаган сары оору көңүлүнө тынчтык бербейт. Башка нерселерге алаксыйын десе да болбоду.
Эртеден кечке улам бир макала жазып бүгүн да катуу чарчаган. Баарынан кызыгы - “Тагдыр” деген рубрика ачып алганын кара! Ар кандай адам тагдырларын жазат. Апасы: “Бирөөнүн тагдырын эмне кыласың, өзүңдүкүн ойлосоң боло!” – дегени да бар. Ошондо бул сөз оор тийген эле. Бирок сыр билгизбей: “Апа, менин тагдырым эң сонун. Эмне кааласам баары бар. Силер мандайымдасыңар. Акчам жетиштүү. Ден-соолук ордунда... Мага дагы эмне керек?” – деген. Мунун жообун уккан апасы: “Иий, балакетинди алайын кызым ай! Турмушка чыкса деген ой да!”– деп оор күрсүнүп кала берген.
– Саламатсызбы, чоң кыз?! Жаныңызга отурсам болобу?
Ойдун кучагында отуруп жанына келген жаш жигитти деле байкабаптыр.
– Саламатчылык! Отура бериңиз.
Тоскоол болбоюн деген ниетте нары жылды.
– Эмне жалгыз отурасыз? Күткөнүңуз келбей жатабы?
Шыпылдай сүйлөп, эски таанышындай суроо узаткан бейтаанышты жаман көрө карады.
– Сиз эмне, көчөдө отургандарды суракка алгыдай тергөөчүсүзбү?!
Жаш жигит апкаарый түштү.
– Жо-ок, андай деле эмес. Жалгыз отурсаңыз... Маанайыңыз пас...Көңүлүңүздү көтөрүп, сүйлөшүп отурсамбы деген ойдо кайрылгам. Мен да жалгыздап басып, сейилдеп жүрдүм эле.
– Менин көңүлүмдү көтөргүдөй маскарапозсузбу?! Жалгыздап басып, сейилдеп жүрсөңүз, мага тоскоолдук кылбай, жолуңуз менен кете бериңиз да!


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев