
( болгон окуянын негизинде жазылган)
1- бөлүм
Он биринчи классты ийгиликтүү аяктап, эл катары жогоркуу окуу жайга тапшырдым. Айылдык кыз болгондуктан, биринчи курста шаарда бир топ эле кыйналып жүрдүм. Кээбир күндөрү маршруткада үйгө жетпей түшүп алган күндөр же өтүп кеткен күндөр болду. А кээбир күндөрү таттуу уйкуда уктап баратып,маршрутканын акыркы аялдамасында ойгоносуң.Деги эле шаарга көнүп жашап калыш үчүн баарын көрүш керек эле. Мен өзүм татынакай, уялчак, тартынчак, жигиттерге жакын эмес кыз элем. Жигиттер ошол себептен мага көп ашыгышчуу. Айылда кечкисин келишээр эле. Бирок мен бирөө менен жолугуп, ал гана эмес колумду карматканда эмесмин. Өзүм үйдүн чоң кызы болгондуктан байкем жок. Айылдаш байкелерим кечкисин келген балдарды кубалап, тутканын уруп-тээп сазайын берип, мени коргоп турушчу. Эми болсо шаарда кайдан? Дос кызым экөөбүз ижаарага үй алып алганбыз. Күндөрүбүз көңүлдүү өтүп жатты. Студенттик доорду сүрүп, оюн-күлкү болуп күндөр өтүп жатты. Дос кызым балдарга жакын болгону менен, балдар ага жакын эмес эле. Кээбир группалаш кыздарым акырын кулагыма шыбырап “өзүңө окшош татынакай кыздар менен жүрсөң боло” деп көп айтышчуу. А мен адамдын сырткы дүйнөсүнө кызыккандардан эмесмин. Мен үчүн жакшы адам болсо болду. Ошонун өзү жетиштүү.
Бир күнү үйдө отурсам дос кызым бир жигитти ээрчитип келип калды. Менин жигитим болот деп таныштырды. Же кет дей албай, же башка дей албай экөөнө чай коюп бердим. Мен аркы бөлмөгө кирип кеткем, досум кайра чакырып шерик болуп чай ичишимди айтты. Чынында аябай уялдым. Жат эркек үйүңө келип чай ичсе башкача болот экенсиң. Башымды жерге салып эле отурам. Аңгыча болбой үй ээси акчасын алганы келип калды. Дос кызым акчаны алып дароо сыртка чыгарып ичкери киргизбей сүйлөшүп турушту. Досумдун жигити менден көзүн албай карап тура берди. Же мен анын көзүнө карай албайм. Ал мага кадала карап, бул үйгө досум үчүн эмес, мен үчүн келгенин айтты. Мен ушунчалык коркуп кеттим. Ал дагыда кадала карап ,колумдан кармады. Мен дароо колумду тартып алдымда ордумдан туруп кетейин десем, ал кайра колумдан кармап отургузуп койду. Эмне кылаарым билбей турсам досум келип калды. Үйгө үй ээси буюмдарын коюп турат экен, жигитин кетишин айтты.
Уландысы бар...
Лайк басып кетиниз❤️
Уланталыбы?

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 21