Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

21 янв

*ӨЛУМ ПЕРИШТЕСИНЕН КАЧЫП КЕЛДИМ * Жер бетиндеги бардык жан-жаныбарларга

өкүм жүргүзүп турган Сулайман пайгамбардын
сарайына бир адам чуркап кирди. Дарбаза
алдындагы кароолдорго, жумушу өлүм менен
өмүргө байланыштуу экендигин айтып,
жалынып-жалбарып пайгамбарга кирүүгө уруксат алды. Жүзү кубарып, өң-алеттен кетип
калган кишиге таң кала караган Сулайман
пайгамбар:
- Сага мынчалык эмне болду, бир нерседен
коркуп турасыңбы? - деп, сурады. - Эртең менен мага өлүм периштеси келди. Ал
мени ушунчалык ачуулануу менен карады, мен
жер түбүнө кирип кетейин дедим. Ал менин
жанымды алганы келген го деп, коркуп
жатамын, - деди титиреп. - А менден эмне сураганы келдиң? - деп
сурады, Сулайман пайгамбар. - Оо, бейбечарага кайрымдуу падышам, сен
бардык жан-жаныбарлардын тилин билесиң.
Шамал, тоо-таш сенин айтканыңдан чыга
албайт. Сенден суранарым шамалың мени
Индустан тарапка алып барып койсун, балким
өлүм периштеси мени таппай калар, - деп, жалынып жиберди. Байкуш пендеге боору
ооруган Сулайман пайгамбар шамалга буйрук
берди. Шамал аны бир заматта Индустанга
алып барып койду. Бир аздан соң Сулайман
пайгамбар жамаатына келсе, алардын
арасында өлүм периштеси да отуруптур. Сулайман пайгамбар ага карап: - Оо, өлүм периштеси, сен бир адамды эмнеге
ачууланып карадың, ал байкуш сенден коркуп,
мага качып келди го? - деп, сурады. - Оо, дүйнөнүн улуу падышасы, мен ал кишини
ачууланып караган жокмун, мен аны таңыркап
карадым. Ал аны түшүнбөй коркуп кетсе
керек. Анткени, Аллах Таала: "Бул адамдын
жанын бүгүн Индустандан аласың" - деп
буйруган эле. Мен анын бул жерде жүргөнүн көрүп, "Мунун жүз канаты болсо да Индустанга
учуп жете албайт, мен Аллахтын буйругун
туура эмес угуп алдымбы" деп, таң калдым эле.
Азыр болсо Индустанга барып, ал адамды
ошол жерден таап жанын алып келдим" - деп
жооп берди, өлүм периштеси.

*ӨЛУМ ПЕРИШТЕСИНЕН КАЧЫП КЕЛДИМ * Жер бетиндеги бардык жан-жаныбарларга
 - 5392564873045

Комментарии 4

Гулбайра Осконкулова
Гулбайра Осконкулова
Ошон учун олум АК дейтда ажаалин жеттесе асмандаа болсон да алат
22 янв
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Керемет Жашоо
    АЛЛАХЫМ ДЫН КУДИРЕТИ ЧЕКСИЗ.
    26 янв
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Тукеш Жумабекович
    Тукеш Жумабекович
    АЛЛАХ АКБАР
    АЛЛАХ АКБАР
    АЛЛАХ Улук
    АЛЛАХга Шугурлор болсун...
    31 янв
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Сырга Мамиева
    Асман жердин эгеси болгон аллахымга мактоолор болсун. Ажал эч качан кеч да эрте да келбейтАлахым буйруганы болот.
    3 фев
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Масленица в ОК
    Дарите блины — получайте призы!
    Участвовать
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 27 445Фото 22 477Видео 1 632Участники 39 832
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 27 445
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться