
⠀
✍🏻 Бала үйдүн гүлү,үй -бүлө бакчасына өзгөчө бир түс берген керемет гүл. Бах,! Анын күлүп эле койгону, ата -энени кандай гана бактылуу көз ирмемдерди тартуулайт. Жаңы тили чыгып аталап, апалап турса кандай ширин, кандай жагымдуу, жытычы бейиштин жытындай жыттуу, кучактап жыттасаң өзүнчө ырахат аласың! Дегеле,үй -бүлө турмушунун динибиздеги негизги мааниси эмне? Эркек менен аялдын бирин -бири толукташы жана материалдык, руханий муктаждыктарын каржылоо үчүн элеби?
Бул айтылгандар маанилүү, бирок жетиштүү эмес. Исламда үйлөнүн максаты үй -бүлөдөгү ырыскы-куттун, бактылуулуктун негизги себептеринин эң маанилүүсү -бала көрүү жана аны тарбиялап чоңойтуу, тукум улоо болуп эчептелет. Үй -бүлөнүн бактылуулугу -ар бир ата -эненин арзуусу.
Ар бир ата -эне баланын ыйманга болгон тарбиясынан жооптуу болуп эсептелет. Баланы ыйманга тарбиялоонун эң биринчи кадамы ата -эненин сүйлөгөн сөзү да, жүргөн турганы да Исламга ылайык болуу керек. Анткени балдар кандай жүрүм -турум, кандай сөздөр болбосун, анын баарын өзүнө жаздырып алат. Балдар Ислам дүйнөсүнө ата -энесинен көргөнүн тууроо аркылуу кирет. Үйдө чын ыклас менен окулган намаз, Куран, чын жүрөктөн кылынган дуба -зикирлер, балага көрсөтүлгөн жылуу мамиле ж.б.баары балдардын аң сезимине терең таасир калтырат. Жөн гана тууроо аркылуу кылынган ибадаттар убакыттын өтүшү менен чын жүрөктөн, чын ыкластан маани -маңызы менен аткарыла баштайт. Буга бир мисала айтып өтсөк..
⠀
👳🏼Бир жашы анчага барып калган намазкан чоң ата минтип айтат:
"Үй -бүлөмдүн куту, тынчтыгы, кубанычын дайым дасторконго олтурганда сеземин. Кичинекей неберелерим талашып -тартышып: "Токтосоң чоң -атам баштасын,"бисмиллахти "айттыңбы, сен айтпадың, мен укпадым "-дешип Алланын ысмы менен тамакка кол сунгандары, Жараткандын ырайымын, берекесин, жакшылыгын жаадырып тургандай сезилет, мени канчаалык ырахат бөлөйт. Аларга караап "Оо, Аллахым Сага чексиз шүкүрлөр болсун, мага ушундай бейпилдик, тынч, жашоо, сый -урмат, жакшы балдарды тартуулаганыңа! "-деп дуба кылам. Жашобузда мындан артык бакыт болбосо керек.
Ал эми ушуга дагы тескери келген мисалдан айтып өтсөк:
"Намазсыз үй -бүлөлөргө көз чаптырсак,үйдө ата -эне эмнени аткарса, кылса, сүйлөсө ошого карап калаптанат. Кээ бир балдардын ойногону кинолорду туурап, атмай,өлтүрмө, урмай, сөкмөй, керек болсо чай ичип ойногонучу идиштерин кагыштырып, колуна таякчадан тамеки жасап, тартканды маш кылат. Мындай балдардан келечекте эмнени күтүүгө болот. Жумшак болгон жан дүйнөсү булганып, кийин адатка айланып калуусу мүмкүн.
⠀
🙌🏻Эй, урматтуу ата -эне баланы тарбиялоодо кайдыгер болбо! Тарбияны балким өзүбүздөн баштайлы, биз алар үчүн күзгүбүз, алар өздөрүн бизден көрө баштай, атаны сыйлоону энеден, энени сыйлоону атадан. Биз аларга үлгүбүз эмнени, кылсак, эмнени аткарсак, эмнени сүйлөсөк ошого карап тарбиялана баштайт.
Мусулман болгонубуздан кийин баланын жүрөгүнө ширетилген Аллахка жана Анын эң сүйүктүү Элчисине болгон аруу сүйүүсүн ойготууга керек. Балдарга жаш тайынан жакшы көргөн нерселерин баарын Аллах Таала жараткандыгын, жакшылыктардын баары Аллахка таандык болгондугун түшүндүрүү керек. Баланын мына ушул аруу сүйүү сезими ойгонгон соң, ага Аллахтын ырайымынан ажырап калуу коркунучун үйрөтүү зарыл. Балким тууганым бул тарбияга өзүбүз муктажбыз, балким тарбияны дагы да болсо өзүбүздөн баштасак. Балким биздин жүрөгүбүз ойгоосуз, Алланы Анын Элчисин жакындан билбей чыгаарбыз .Али да кеч эмес Алланын эшиктери дайым ачылуу турат.Эч качан кеч болбойт бир күн болсо да ал күн биз күтпөгөн өлүм келгенче мүмкүнчүлүк, кадамды таштап баштаңыз! Алланын ырайымына жетишип алыңыз!Алар биздин келечекти улай турган асыл үрөндөрүбүз. Келечекте жакшы түшүм алуу үчүн үрөндү жакшы сактоо керек. Күнөстүү жерде калган үрөн кургап кетет.Ал эми, нымдуу жерде калса өнүп кетет. Келме -кезек дегендей бир күн балдарга берген тарбиябыздын үзүрүн көрө турган күн келет. Ошондо балдарыбыздын жүрөгүбүзгө жылуулук бере турган мээримине, жүзүбүзгө жылмайу тартуулай турган жылуу сөздөрүнө, жан -дүйнөбүзгө кубаныч тартуулай турган сый -урматына муктаж болобуз. Мындайды бир тууганым динибиздин тарбиясынан гана ала алабыз!
⠀
📖Аллах Таала ыймандуу адамдарга буйрук кылып: «Оо, ыйман келтирген пенделер! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозоктон коргоп калгыла! Анын отундары адамдардан жана таштардан, үстүндө болсо, Аллах буюрган ишке эч качан каршы чыкпаган, буюрулган нерсени дароо аткара турган орой жана күчтүү периштелер турат!»- деп айткан. (Тахрим, 6-аят).
⠀
✏Балага тарбия берүү атага караганда энеге көбүрөөк тиешелүү болот. Ошол үчүн арабдар: "Эне - бул, медресе" - деп айтышат. Эне Куран окуса, курсактагы бала ыймандуу болот.Эне ушак, кыйбат кылса, бала жалганчы болот.Баланы эмизгенде Аллахтын атын айтып эмизсе, бала Аллахты таанып чоңоёт. Ошондуктан балага тамак бергенде, уктатканда, көтөргөндө кыскасы бардык учурда Аллахтын атын атап жүргү керек. Балага жалаң гана айтуу менен тарбия берүү кыйын.Ага жакшы үлгү болуп, жүрүмтурум менен тарбия берүү керек. Эненин жакшы жүрүм-туруму балага табылгыс дары болот."Энелер
туз сыяктуу" деп бекеринен айтылган эмес. Туз менен бузулган тамактын баарын оңдоого болот.А туз бузулса, аны эч нерсе менен оңдой албайсың.
«Тарбия эненин көкүрөнүнөн башталат: Ар бир айтылган сөз наристенин инсандыгын тургузган имараттын бир кышы, бир ташы болуп эсептелет (Намлык Кемал.
⠀
✨Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи уасаллам) хадисинде мындай деген: «Адам өлгөндөн кийин иш аракети токтойт, бирок үчөөсү гана уланып турат -уланып туруучу садакасы,(адамдар) пайдаланган илими, салих баласынын ал үчүн кылган дубасы »(Муслим).
Балдарыбыздын ыймандуулугу жабылбас амал дептер, биз үчүн өлгөндөн кийин да жакшылыгы, дубалары жетип турат. Өлүп эле тынч жатам деп эч качан ойлобо керек өлгөндөн кийин да жакшылыкка, соопторго, дубаларга муктаж болобуз, ал үчүн биздин жарыктыкта кылган жакшы амалдарыбыз, ыймандуу дуба кылган балдарыбыз гана жардам берет....
⠀
🙌🏻Аллах Таалам баарыбызды ыймандуу болууну, ыймандуу балдарды тарбиялоону насип этсин!
⠀
🧕🏼Насиба Абдуллаева.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1