Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

3 янв

Айтылган сөз акыл болсо, уккан кулак макул болот.

Даанышмандардан учкул сөз!!!
Үй оокатына жок аял үйүнѳн бакыт таба албайт. Үйүнѳн бакыт таба албаган аял бакытты эч жерден таба албайт.
Л. Толстой.
Атактуу адамдардын кѳпчүлүгүнүн энелери мыкты болгондугу таң каларлык далил, алар атасына караганда энесинен кѳп тарбия алышкан.
Бокль.
Мен үчүн аялдын эки гана түрү маалым: биринчиси — бизди азапка салса, экинчиси — биздин азабыбызды тарткан. Биздин азабыбызды тарткандардан мен бирѳѳнү гана билем. Ал – менин энем.
Эзоп.
Бир туугандарыбызды, аялыбызды, атабызды сүйгѳнүбүз менен жан кыйналганда ар дайым оозубузга биринчи энебиз келет.
Н. А. Некрасов.
“Эне” деген атка татыктуу аялга даңк: анын сүйүүсүнѳ чек жок, анын эмчек сүтү менен бүткүл дүйнѳ азыктанган. Адам баласындагы бардык асыл нерселер күндүн нуру менен эненин сүтүнѳн жаралган. Ошондуктан биз жашоону сүйүүгѳ мажбурбуз.
М. Горький.
Римдик бир байдын аялы ѳзүнүн кымбат баалуу асыл буюмдардан турган жасалгасы менен мактанып курбусуна: “Сенин эмнең бар?” — дегенде курбусу балдарын кѳрсѳтүп: — «Менин жасалгам да, байлыгым да ушулар», — деп жооп бериптир.
Италия элинен.
Жакшы жар — жайнаган дѳѳлѳт, жаман жар — жабышкан мээнет.
Талмуд.
Аял канчалык сулуу болсо, ошончолук абийирдүү болууга тийиш. Мына ошондо гана сулуулуктун кырсыгына каршы туруштук бере алат.
Лессинг.
Аял башка кыйынчылык түшкѳндѳ — тоодой арка, жүрѳктѳ сүйүү оту жанганда – мыкты сезимдердин энеси.
М. Горький.
Аялдын сүйүүдѳгү даражасы анын сүйгѳн жигитинен байкалат.
В. Белинский.
Адамдын жүрѳгү жѳнүндѳ айтканда эркектер аялдардан чечкиндүүлүк кылышат, ал эми аялдар болсо жүрѳк маселесин эркектерден мыкты түшүнүшѳт.
Ж.Ж. Руссо.
Аялды сүйѳ билүү, анын сулуулугуна таазим этүү — адамдын жеткен акылгѳйлүгү. Анткени аялга болгон сүйүүдѳн жер үстүндѳгү бардык асылдыктар жаралган.
М. Горький.
Жакшы аял турмушка чыгып бакыт тартуулоого убада кылат, жаман аял болсо аны күтѳт.
В. Ключевский.
Аял китептей эле, аны кармап турууга жакын досуңа да бербеш керек.
Н. Лесков.
Сулуулуктан башканы билбеген ургаачынын турмушунан запкылуу турмуш жок.
Б. Фонтенель.
Энелик наамын актап балтыр бешик Баласын боорго кыскан эне кандай? Балага, баласынын атасына Ал эне ырыс чачкан аткан таңдай.
Т. Г. Шевченко.
Ѳзүнүн жамандыгын билбей кѳпчүлүк эркектер аялынын жакшы болушун талап кылышат.
Л. Н. Толстой.
Карыса дагы эрине жаш кѳрүнгѳн аял — бул дүйнѳдѳ колунан мээр тѳгүлгѳн аял.
Фирдоуси.
Жакшы аял - жарым дин...

Айтылган сөз акыл болсо, уккан кулак макул болот. - 5392203848021

Комментарии 3

Канзада Акбалаева
Канзада Акбалаева
3 янв
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Санталат Жолдошова
    Фото
    6 янв
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Чолпонай Жороева
    Чолпонай Жороева
    5 фев
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 27 334Фото 22 343Видео 1 632Участники 39 610
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 27 334
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться