Көрүшчүбүз коңшу менен ар дайым,
Көк тиреген дарбазалар жок эле,
Дасторконго жая салып чай-пайын,
Далай жандын пейилдери ток эле.
Үйлөр анда кичинекей болуучу,
Бирок тоодой зор бакытка толуучу,
Чоочун мал-жан кирбесин деп тек гана,
Чоң устундан тосмо коюп коюучу.
Балдар ойноп, көчөгө чаң салышчу,
Чалдар айтып санжырасын жарышчу,
Учурашып сурашканды мындай кой,
Уй тууду деп ууз жегени барышчу!
Ал кез эле эч нерсеге теңегиз,
Бакан менен суу көтөрүп жеңебиз.
Биз барчубуз коңшуларга нан сурап,
Биз салган соң кайра апкелип беребиз.
-десек дароо туз, нанынан бөлүшчү,
Өгөйлөбөй өз баладай көрүшчү.
Конок келсе жийиркенбей баарылап,
Колдонушчу казан-аяк, чөмүчтү.
Сезчү эмеспиз көр дүйнөнүн кирдигин,
Сыйлап турчу улуу-кичүү бир-бирин.
Жанталашып жанын сабап жашабай,
Жай баракат өткөрүшчү тирлигин.
Азыр алар хан сарайды салышкан,
Чычкан өтпөс кылып баарын жабышкан.
Бир көчөдө маңдай-тескей турса да,
Бир-бирине учурашпай калышкан.
Ар ким кайнап өз-өзүнчө казанда,
Адам издеп ачуубузду чачаарга,
Келжелеңдеп бири-бирин шылдыңдап,
Керек болсо мамиле да жасалма!
Дарбазадай дүйнөбүз да жабылды,
Дарысы жок дартка адамдар кабылды.
Бекиндирип салдык шаарды мындай кой,
Берекеси толуп турган айылды.
Кумурскадай сөздү төөдөй көрөбүз,
Куйтулуңдап заарыбызды төгөбүз.
Өзү барда өчү бардай тепкилеп,
Өлгөндөн соң ыйлап барып көмөбүз.
Илгери элдер адам баркын сезишчү,
Ийри олтуруп түз маселе чечишчү.
Азыр үйлөр чоңоюшту зангырап,
А дүйнөбүз кичирейип кетишти!
Нуркыз Рыскул кызы


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7
Тушунбойсун неге буга жетишти
Бир семьяда ишеним жок жашашат
Анда неге бирге турмуш курушат
Кек санашып бири бирин андышат
Душмандашып бир бирине тирешип
Омурдогу баалулукту унутуп
Олбочудой омур сурот кектешип
Аз омурдо сыйлашып баркташпайбы
Ототго бул омурлор суудай агып
Чырылдашып уул кызга багыт бербей
Сый урматты уйронушсо даамын сезип.
Майдай эле жагып турчу мага да.
Урмат сыйга толтура эле журогум,
Айран каймак толуп турчу чарага