
Бир кичинекей кыз көчөдө өтүп бара жаткан чоочун адамга жылмайып карап турду. Бул өзгөчө жылмаюу чоочун адамдын жан дүйнөсүн ойготту да, ал дагы жылмаюу менен жооп берди. Таң эрте мындай жагымдуу көрүнүшкө туш болгон адам баарын унутуп, айланасындагыларга көңүл бурбай, кичинекей кыздын жагымдуу жылмаюусун көз алдына элестетип баратты. Бул маанайды досу менен бөлүшкүсү келди да, досуна телефон аркылуу эң жакшы сөздөр менен анын мыкты сапаттарын белгилеген кат жөнөттү. Эртең мененки тамагын жеп бүтүп калган досу бул катка аябай сүйүндү. Тамактын эсебин алып келген тейлөөчү кызга жылмая карап, ашыкчасы менен чайлык акча таштап чыгып кетти. Мындай чоң суммадагы чайлык акча алганына сүйүнгөн кыз жумушунан чыгып баратып тилемчини көрдү да, ага акчанын жарымын берип койду. Эки күндөн бери эч нерсе жей элек тилемчинин кубанычында чек жок эле. Ал туз эле аш канага барып курсагын тойгузду. Көңүлү да көтөрүлүп калды. Акырын басып, үч кабат үйдүн жертөлөсүндөгү “бөлмөсүн” көздөй баратып, жолдо үшүп турган ачка итти көрдү да, алып алган нанынан берип, аны да эрчитип алды. Курсагы бир аз тоюп, жылуу жерге барган ит түнү бою уктабай сак жатты. Бир убакта үч кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Алгач алдынкы кабаттан чыккан түтүндү сезген ит тынбай үрө баштады. Иттин үргөнүнөн улам тилемчи жана ошол үч кабаттуу үйдө жашагандын баары ойгонду. Бири-бирин жетелеп сыртка качып чыгышып, баары өрттөн аман калышты.
...Ушул күнү эртең менен кичинекей кыз чоочун адамга карап жагымдуу жылмаюу менен жакшы маанай тартуулаган эле...
Жылмаюу дагы садака. (Хадис).
Жылмаюу – сулуу болуунун эң жакшы жолу. (У.Шекспир).
Жылуу сүйлөсө, жыла-жыла жылан ийинден чыгат. (Макал).
Кичипейилдиктен кичирейип калбайсын. (Макал).
Таза жүрөк – тунук күзгү, буйруп койгон энчибиз,
Чексиздикти чагылдырган биздин анык кенчибиз.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев