Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

1 ноя 2025

Айымдардын кулагына күмүш сырга…

#Пайдалуукенештер
Камырга кайдыгер карабаңыз
Камыр жасаганда сууга унду салбаш керек, мунун тескерисинче, унга суудан куюп улам жууруп отурат, ошондо камыр тегиз жуурулат. Камыр жасаардан алдын унду сөзсүз түрдө элеп алыш керек: кычкылтек менен байыган ун борпоң тартып, жасаган тамагыңыз жакшы бышат. Камыр жуурганда маргарин майынан кошуп жуурса, андан жасалган нан ж.б. азыктар катыбай жакшы турат.
Май менен майлап койсоңуз…
Идиштеги шекер, бал же кыямга кумурска кирип кетпеши үчүн идиштин чекелерине күн карама майынан сүртүп коёт. Тамак күйүп, ташып кетпестиги үчүн аны жай күйгөн отто бышырган оң. Плита менен күйгөн казанды тазалоо машакаттуу жумуш. Эгерде көмөч казанга туздан сээп койсо, куурулган тамактын майы чачырабай бышат. Сүт кайнаткан идиштин кырларын майлап койсо, сүт ташыбайт.
Эт кууруганды билесизби?

Эт, балык, тоокту кууругандын алдында туздап коюш керек, ошондо ал ширелүү жана даамдуу болуп бышат. Котлет менен этти жакшы кызыган майга салып кууруш керек, ошондо алардын ширеси агып кетпейт. Боор этти куурусаңыз, алдын ала жарым саатка сүткө салып койсо даамдуу бышат.
Балык тууралуу
Балыкты жарым күн жаңы боюнча сактоо үчүн ага ири туздан сээп, уксуска чыланган салфеткага ороп коёт. Балык эти кууруганда майдаланып кетпеши үчүн аны туздап, 10-15 мүнөткө тыныктырып коёт. Куурулган балык даамдуу болушу үчүн аны 5-10 мүнөт сүткө салып, андан кийин унда оонатып алыш керек.Ошондон кийин абдан кызыган күн карама майына кууруп алат. Балыктын жаңылыгын билүү үчүн аны суу куюлган идишке салып көрөт: жаңы балык сууга чөгүп кетет.
***
Пияздын ачуу даамын кетириш үчүн аны кесип алган соң бир аз убакытка муздак сууга салып коёт. Пияздын артып калган жарымын кесилген жагы менен туз салынган тарелкага салып койсо таза бойдон сакталат.
***
Ашкөк, петрушка сыяктуу көк чөптөрдү жуугандан кийин фольга кагазына ороп муздаткычтын тоңдурмасына салып койсо, ал 2-3 айга чейин жаңы бойдон сакталат.
***

Соолуп калган көк чөптү бир саатка уксус кошулган сууга салып койсо, жаңыланып калат. Сүт узак убакытка ачыбай турушу үчүн аны кайнатып жатканда 1 литрине 1 чай кашык шекер кошуп кайнатат.
***
Май жана башка майлуу азыктарды желим баштыкта сактагандан алар тез бузулуп, жагымсыз жыт пайда болот.
***
Күрүч апакай болуп жабышпай бышсын десеңиз, ал кайнап жаткан сууга чай кашык лимон ширесинен кошуп коюңуз.
***
Туздуу тамакты алюминийден жасалган идиште сактабаш керек.
***
Жашылча-жемиштерди аарчыгандан кийин колду 5 мүнөткө уксус кошулган сууга салып турса кол жумшак жана апакай болуп калат

Айымдардын кулагына күмүш сырга… - 5390672087125

Нет комментариев

Новые комментарии
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Следующая публикация
Смотрите любимое новогоднее кино в ОК!
Собрали лучшее для вас 🧡
Выбрать фильм
Свернуть поиск
Сервисы VK
MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
Войти
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

ЛентаТемы 27 019Фото 21 959Видео 1 630Участники 39 105
  • Подарки
Левая колонка
Всё 27 019
Обсуждаемые

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

Зарегистрироваться