
Байыркы Грецияда Сократты даанышмандыгы үчүн абдан урматташчу. Бир жолу ага бир киши келип, толкунданып:
- Досуң жөнүндө уккан нерселеримди сага айтып берейинби? - деди.
Сократ колун жай көтөрүп:
- Шашпа. Сүйлөп баштаардан мурун, сөзүңдү үч чыпкадан өткөрүп көрөлү, ' деп жооп берди.
- Үч чыпка? - деп таң калды жанагы киши.
- Ооба, - деди Сократ. - Биринчи чыпка - бул чындык. Айта турган сөзүңдүн чындыгына толук ишенесиңби?
- Эми… жок. Болгону бир жерден угуп калгам.
- Түшүнүктүү. Экинчи чыпка - бул жакшылык. Мага айткың келген нерсе досум жөнүндө жакшы сөзбү?
- Жок, тескерисинче.
- Демек, - деди Сократ, - сен мага чын же жалган экенине ишенбеген жаман сөздү айткың келип жатабы? Анда үчүнчү чыпка калды - пайда. Айта турган сөзүңдөн мага кандайдыр бир пайда барбы?
- Чынын айтсам… анча деле жок.
- Анда, - деп жыйынтыктады Сократ, - эгер ал чындыкка да, жакшылыкка да, пайдага да жатпаса, аны эмнеге айтуунун кереги бар?
Бул жөнөкөй эреже биздин мамилелерибизди гана сактабастан, жашообузду жана коомду да жакшыртат.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4