Куран — Жер менен асмандардын Жаратуучусу болгон Аллах Тааланын Сөзү.
Куран — Алла Тааланын жер менен асмандагы көркөм ысымдарынын руханий казынасын ачыктаган, сырдуу кайып ааламынан кабарларды билдирген тил.
Куран — Ислам дининин жаркырыган күнү, пайдубалы.
Куран — адамзаттын материалдык, моралдык бүткүл муктаждыктарын канааттандыраарлык абалда түшүргөн Аллах тааланын берекелүү, кемтиксиз ыйык китеби.
Куран — адамдык наркка ылайык анын жүрөк, рух, акыл жана дене түзүлүшүн эске алып Аллах Таала тарабынан жиберилген мыйзамдар жыйнагы.
Куран — шарият өкүмдөрүн, Алла Таалага кулчулуктун кандайча аткарылаарын, дуба-адептерин жана башка даанышман сырларга толгон маалыматтарды өз ичине камтыйт.
Куран — Аллах Таала тарабынан жиберилген китептердин эң соңкусу жана кыяматка чейин жоголбой бузулбай турганы.
Куран — Аллах Таала тарабынан вахий жолу аркылуу Азирети Мухаммад Пайгамбарыбыз (саллааллооху алайхи ва саллам)га түшүрүлгөн ыйык китеп. 6236 аяттан жана 114 сүрөдөн турган мужиза китеп.
Куран — сабатсыздарды, адашкандарды, туура эмес ишенимдегилерди, адамдардын кайдан келип кайда бараарын билбегендерге туура жолду көргөзүү үчүн жана адамдарды эки дүйнөдө бактылуу кылуу үчүн түшүрүлгөн.
Куран — адамзаттын Кудай менен, жаратылыш жана андагы жандуу нерселер менен адам баласынын ортосундагы мамилелерди үйрөтөт. Ошондой эле Куран адамзаттын материалдык жана руханий муктаждыктарын толуктайт.
Куран — адамдын үй-бүлөсүндө жана социалдык жашоосунда чоң роль ойнойт жана эң туура жолго жолдойт.
Куран — адамдарды караңгылыктан нурга чыгарат. Турмушубузда кандай гана нерсе болбосун ар дайым Куран менен сүннөткө таянып иш кылсак эч качан адашпайбыз жана ишибиз ар дайым ийгиликтүү болот.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев