Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

2 окт 2025

*ЗИКИР КЫЛУУНУН ПАЗИЛЕТТЕРИ*

1💧. ЖАМАНДЫКТАРДАН САКТАНУУГА СЕБЕП БОЛОТ.
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан: ''Кайсы пенде болбосун, күн сайын эрте менен жана кечинде: ''Бисмилляхил лязи ляя ядурру ма'асмихи шей'ун фил арди уа ляя фиссамааи уа хувас Самииул Алиим'' – деп, айтып жүрсө анда ага эч нерсе зыян бере албайт». (Тирмизи)
Мааниси: «Аллахтын Аты менен коргоо сураймын. Аллахтын аты менен коргоо сураган адамга асмандан жана жерден болобу эч кандай зыян жетпейт. Ал (Аллах) – Угуучу жана Билүүчү) –деп айтып жүрсө, анда ага эч нерсе зыян бере албайт”. (Тирмизи)
Абдуллах ибну Хубайб, радыяллаху анху, айтты: «Биз өтө караңгы, жамгыр жаап жаткан түнү Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламды, издеп чыктык. Анан Аллахтын Элчисин тапканыбыздан кийин ал мага кайрылып:
- “Айт” – деди.
- Мен эмнени айтаарымды билбедим.
- Кийин дагы: «Айт” деди.
- Мен дагы деле эмнени айтуумду билбедим.
- Үчүнчү жолу: «Айт» - дегенде, мен:
- Оо, Аллахтын Элчиси! Эмнени айтайын? – деп сурадым,
Пайгамбар: «(Айт, Ал – Аллах Жалгыз) Ихлас, Фалак жана Наас сүрөөлөрүн эрте менен жана кечинде үч жолудан айтып жүр. Анткени (ал үч сүрөө бардык жамандыктардан сактанууда сага жетиштүү болот” – деди. (Абу Дауд)
Башка хадисте мындайча баяндалат: «Убай ибну Кааб, радыяллаху анхунун, кургатып жаткан курмасы болгон, ал ага көз салып карап турат эле. Бир күнү курмасынын азайып жатканын байкап, аны кооруп баштайт. Көрсө аны бойго жеткен баладай бир жаныбар уурдап жаткан болот. Убай ибну Кааб, радыяллаху анху, айтат:
- Салам берсем алик алды. Анан мен андан: «Жинсиңби же адамсыңбы?» – деп сурадым.
- Ал жин экенин айтты.
- Анан колуңду берчи десем колун берди. Колу иттин колу, чачы да иттин жүнүндөй. Жиндер ушундай жаратылганбы?
- Ал: «Жиндердин арасында менден да начар (кебетеси суук) жаратылынгандары бар».
- Мен: Сенин мындай иш кылууңа эмне түрткү берди?
- Ал: «Сен садаканы жакшы көрөт экенсиң, ошого сенин тамагыңдан жегим келди”.
- Ошондо: «Сенден бизди эмне коргойт?» – деп сурасам
- Ал: «Аят аль-Курси» – деп айтты.
“Аллаху ляя иляяха илля хуваль Хайюль Койюум. Ляя таахузуху синатуу уа ляя наум. Ляху маа фис-самааваати уа маа филь аърд. Манн заль-лязии яшфаъу иъндахуу илля би-изних. Яъляму маа байна айдиихим уа маа хольфахум уа ляя юхийтууна би-шайим мин иълмихии илля бимаа шаа-а. Уасиъа курсийюхус самааваати уаль-аърд. Уа ляя яуудуху хифзухумаа уа хуваль Аълийюль Аъзыим”
Мааниси: «Аллах – Андан башка сыйынууга татыктуу зат жок. Ал (түбөлүк) Тирүү, (бардыгын) башкарып туруучу. Ал үргүлөбөйт жана уктабайт. Асмандар менен жердегинин баарысы Ага гана таандык. Анын алдында эч ким Анын уруксатысыз шапаат кыла албайт. Ал алардын келечегин жана өткөн чагын билет. Ал эми алар Анын илиминен Ал каалаган гана нерсени биле алышат. Анын Курсийи асмандар менен жерди камтып турат. Аларды сактап туруу Ага эч тоскоолдук кылбайт. Ал Бийик жана Улук Зат”.
Кийин мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга барып, бул окуя тууралуу айтып бердим. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ыпылас туура айтыптыр” – деди.
2💧. ЗИКИР КЫЛУУ ЖАННАТ ЭЭЛЕРИНЕН БОЛУУГА СЕБЕП БОЛОТ.
Шаддад ибну Аус, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Истигфарлардын эң улугу бул: Аллахумма Анта Робби ляя иляяха илля Анта холактани уа ана абдука уа ана алаа а'хдика уа уаъдика мастатоъту абуу'у ляка бинииматика алайя уа абуу'у бизанбии фагфирлии фаиннаху ляя ягфируз зунууба илля Анта”.
Мааниси: «Оо Аллахым! Сен менин Раббимсиң. Сенден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Мени жараттың, мен Сенин кулуңмун. Мен Сенин милдеттериңди, Сага берген убадаларымды алым жетишинче аткарамын. Кылган нерселеримдин жамандыгынан Сенден коргоо сураймын. Мага берген нээматтарыңды мойнума аламын. Күнөөлөрүмдү да мойнума аламын, мени кечир! Сенден башка күнөөлөрдү эч ким кечирбейт» – дегенден кийин мындай деди: «Ким ушуну күндүзү толук ишенген абалда айтып, ошол күнү жан бере турган болсо, анда ал бейиш ээлеринен болот.Түндөсү толук ишенген абалда айтып, ошол түнү жан бере турган болсо, анда ал бейиш ээлеринен болот”. (Бухари)
3💧. ЗИКИР КЫЛУУ ЧОҢ СООПТОРГО ЖЕТКИРЕТ.
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Ким таң атканда жана кеч киргенде «Субхааналлахи уа бихамдихи» (Аллахты аруулаймын жана Ага мактоолорду айтамын) – деп жүз жолу айткан болсо, анда Кыямат күнү анын сообунчалык сооп менен келген адам болбойт. Бир гана жүз жолу айткан адам же андан да көбүрөөк айткан адам ошончолук сооп менен келет”. (Муслим)
4💧.ПАЙГАМБАРДЫН ОСУЯТЫ.
Абу Бакр, радыяллаху анху, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан: ''Эртең менен жана кечинде айтып жүрө турган бир сөз үйрөтүңүзчү?'' – деп сурайт. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Эй, Абу Бакр! мындай деп айт: «Аллахумма Аалимал гойби уаш шахаада. Фаатирас самааваати уал ард. Рабба кулли шей'ин уа малийках. Ашхаду ан ляя иляха илля Ант. А'уузу бика мин шарри нафсии уа мин шарриш шайтони уа шароких. Уа ан актарифа алаа нафсии суу'ан уа ан ажурраху иляя муслим”.
Мааниси: «Жашыруун-ашкере нерселерди Билүүчү, асмандар менен жердин Жаратуучусу болгон Оо, Аллах! Мен Сенден башка сыйынууга татыктуу кудай жок деп күбөлүк беремин. Жана өз нафсимдин зыяндыгынан, шайтандын жамандыгынан жана тузагынан Сенден коргоо сураймын. Өзүмө же башка бир мусулманга жамандык кылып коюудан Сенден коргоо сураймын!» – деп айткан. (Тирмизи)
Урматтуу мусулман бир тууган! Эгерде зыян, сыйкыр жана ар кандай жамандыктардан алыс болууну кааласаң, анда жогорудагы айтылган зикирлерди калтырбай эрте менен жана кечинде айтып жүр. Себеби бул зикирлер мусулмандын коргонуч болуп эсептелет. Бул зикирлерден башка жол менен жин-шайтандардан коргоно албайбыз. Ушул зикирлер менен коргонбогон себептен улам жиндер адамдарга кирип кыйынчылыкка учурап жатышат. Бул зикирлерди дайыма эрте менен жана кечинде айтып жүрүү жеңил, ал эми пайдасы жамандыктардан сактайт.

*ЗИКИР КЫЛУУНУН ПАЗИЛЕТТЕРИ*  - 5389755934037

Комментарии 1

Ai Nur
Ai Nur
СубхаанАллах уа бихамдихи
4 окт 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Смотрите любимое новогоднее кино в ОК!
    Собрали лучшее для вас 🧡
    Выбрать фильм
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 27 001Фото 21 925Видео 1 630Участники 39 062
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 27 001
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться