Жакында жашап жаткан үйдөн бир үй-бүлө батир сатып алып, көчүп келишти. Бойго жеткен эки кызы бар экен. Чынын айтсам, жакшылап таанышып үлгүрө элек болчубуз. Бир эшиктен кирип-чыгып, бир эле лифт менен көтөрүлгөндө гана жолукканыбыз болбосо...
Айтарыбыз «Саламатсызбы» деген эле сөздөр башка ишибиз деле жок.
Эркеги менен жолуксам, «Ассалому алейкумдан» ары деле өтпөйбүз. Жөнөкөй, жайдары адамдардай эле көрүнүшчү.
Кечээ кечинде жумуштан үйгө келип, лифттен чыксам, кошунанын эшиги ачык экен. Бир маалда аялы алдыман чуркап чыгып, көзү жашылдана:
— Уктап калдыңызбы? — деп калды.
Башында түшүнбөй, абдырап калдым. Анча тааныбаган аял киши бир заматта чуркап чыгып, «уктап калдыңызбы» десе?..
Көрсө, жумуштан келген күйөөсү жүрөгү кармап, ошол замат кулап калыптыр. «Жанагы эле күнкүдөй соо жүргөн адам болчу» дешип, дарыгер чакырышкан экен. Ак халатчандар реанимациялык аракеттерди жасашкан, бирок жарым сааттай алышты. Акыры:
— Кечигип калдык, колубуздан эч нерсе келбеди, — деп кетишти.
Кошуна аял менен эки кызы ботодой боздоп, чыркырап кала беришти...
Башында айткандай, жаңы эле көчүп келишкендиктен, биз деле жакшы тааныбайт экенбиз. Сураштырсам, Кадамжайдан экен. Бишкекке жаңы келгендиктен бул жакта тууган-урук, жакын досу деле жок болуп чыкты.
Айла жок, аялдын номерин алып, тааныш-тууганына өзүбүз кабар берүүгө туура келди. Мындай оор кабарды жеткирип көрбөгөн жаным, бир топ жалтактап да жаттым. «Соо жүргөн адам өлдү» десең, телефон тиги жагындагылар дароо эле ишене койбойт экен…
Түн ичинде мечит-медреселерден имам издеп убара болдук. Телефонду да баары эле көтөрө койбойт экен. Бир топ сарсанаа тарттык. Анын үстүнө, ким эле күн сайын өз үйүнөн «өлүк чыгарып» көнүп жүрөт дейсиз?..
Кошунанын аялы менен кыздары болсо өздөрү менен өздөрү болуп, күйүтүнө чыдабай, үйдүн ичин жаңыртып боздоп жатышты. Жалпысынан өтө оор абал болду.
Ошондо гана түшүндүм: тууган-уруктун, бир тууган менен дос-жакындын баркы мына ушундай учурда билинет экен.
Айылда чоң энебиз, андан кийин атам да көз жумганда жаныбыз ачып, аза күттүк эле. Бирок ошол маалда уюштуруу, тейлөө деген түйшүктү анчалык сезген эмес экенбиз. Туугандар бат эле чогулуп келип, бири молдого чуркаса, бири жайдын камын көрүп, дагы бири дасторконду даярдап, баары орду менен бүтүп калчу.
Ал эми шаарда болсо таптакыр башка. Жакын жерде чуркап келе калчу тууганың жок болсо, абдан кыйын экен. Үйдүн ээси көз жумганда, артында бойго жеткен уул бала жок болсо, бул да чоң маселе тура.
Ошентип, Кадамжайдан туугандары жетип келгенче, кошуналык милдет бизге түштү.
Алла маркумдун жайын бейиштен кылсын!
Мына ушинтип, адам баласы бүгүн соо жүрүп, эртең жок болуп калышы мүмкүн экен. Ушунун баарын карап отуруп, чындап эле заман оорлоп бара жаткандай сезилет…
Ошондуктан шаарда жүрсөңөр да кыргыздын салтын, нарк-насилин сактап, тууган-урук, дос-жакындарыңарга жакын болуп жүргүлө дегим келет. Бири-бирибиздин ал-акыбалыбызды сурап койгонубуздун эч зыяны жок тура.
Өлүм ак, ажал улук!
Эрбол.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев