Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

27 авг

СҮЙҮҮМ СИМВОЛУ

1-БӨЛҮМ
(аңгеме)
Өмүрү кайра келбес жаштык. Жашап өтүп элес албай өмүрүн өткөргөн курагыбыз.... Бирибиз бактыбыз таап, бирибиз жоготуп, кээ бирибиз адашып....
Тек гана ошол өткөн күндөрдү, жаштыкты эстеп.... Жалындаган жаштык, кайтарылбас өткүр сезимдер, көбүнчө студенттик мезгилге туура келет турбайбы. Көксөгөнүбүзгө эңсеп жетип, окуунун алгачкы күндөрү анан айлары, айлар өтүп жылдар...
Кепти ток этер жеринен баштайын..... Окууну бүтүп, сүйүп окуп бүтүргөн кесибимде иштеп, анан жигит сүйүп турмуш жолун баштайм деген менде түн уйкум бузулуп, тынч гана мемиреп жаткан ички дүйнөмдө будуң- чаң башталды. Эмне болгонума түшүнө албайм....
Жердештер дайыма бат- баттан жолугушуп, жакындан таанышып, пикир алышып, кээде борбордун керемет бульварында сейилдеп анан таркачуубуз. Жаңы кошулганы эле мен. Баарынан тартынып, сөзгө кошула албай, отурсам да кымсынып... Жердештер арасынан, жигиттерден бирөөсү туруп, шыңга боюн бир аз түздөгөн болуп, жалпайа өскөн чачын оңго карай сылай мен жакты карай,
- Бул чооң кыз менен өзүм да таанышканча сиздерди тааныштыра кетсем... Менин атым Акбар, Ноокаттын Шаңколунан болом, ата- энемдин эркесимин, келечектеги экономист. Эми...чоң кыз менен таанышсак.... Ноокаттын кайсыл жагынан болосуз...- деди.
- Уркуя урпактарынан болом,- дедим жылмайа карап.
- Оо- ооо....- деп койушту бир даары.
- Атыңыз ким болду экен...?
- Атым....Кызжибек....
- Атыңыз затыңызга жарашкан кыз экенсиз. Сиз менен таанышканыбыздан кубанычтабыз.
- Сен деп эле....
- Маакул Кызжибек.
- Ой- оой...сен жакшы тааныштырат турбайсыңбы...
- Өзү да таанышып, өзүң жалгыз таанышсаң оозуңа сөз келбей калса керек дейм да эй...
- Бул карындашыбыз, медде окуйт, ден соолукту коргоочу болочок врач, кыргыздын накта кыргыз кызы...,- деп төр жакта отуруп сиздин мен жөнүндө кайдан билип айтканыңызга таң кала карадым. Көздөрүбүз чагылыша түштү. Айткан сөздөрүңүздөн буйдала түштүңуз да көзүңүздү ала качып, кол саатыңызды караган киши боло калдыңыз. ,,Ким болду, мен жөнүндө түзүк эле билет окшойт...." деген ойдо бир топко сизден көз үзбөй карап туруп калыптырмын. Уялып да кеттим. Бир топко чейин бир топ сөздөрдү сүйлөшүп отургандай болдук. Сиздин улам көз астынан мени карап турганыңызды сезе калып, өзүмдү оңтойсуз сезе.баштадым. Эптеп чыгып кетсем бекен деген ой да келбей койгон жок. Бирок жердештерди сыйлабандык болобу деп козголо албадым. Маалы болуп баарыбыз козголдук. Катар туруп сүрөткө түшмөй болдук. Түштүк деле. Бирок сиз түшпөдүңүз. Кандай болду билбейм сиз четте туруптурсуз, жылмайа карап. Дагы эле көзүңүз ала качып, тик карабай. Неге мындай экенсиз ээ. Азыр деле түшүнбөйм. Бул сезими6из мага табышмак бойдон калып кетти. Анын түбүнө жете албадым, жеткидей болбодум....
Күндөр өтүп жатты. Сиз гана кыялымдан кетпедиңиз.... Иштеген жериңизге баргым келди бир жеңил кыялымда... Жолугушууларга да келбей койдуңуз... Мен сизди сагына баштадым... Көргүм келет.... Кыйналам... Эч кимге айта албайм...
Кудай жалгап дагы бир жолугушуубузга келип калдыңыз. Ошондо билдим сиздин ашыкча эле айкөл адам экениңизди. Кыйналып, кысталып окуган жердештерге кай тараптан болсо да жардамыңызды аябайт экенсиз. Акчаны айтпай эле койойун. Жердештердин чогулуп отуруусун да кээде сиз камсыз кылып жүргөнүңүздү сөздөр арасынан түшүнүп койдум. Айтор бир күн келбей калганыңызда балдар өздөрүнчө сөз кыла башташты.
- Ээ балдар мен кээде уялып калам, - деди Бекташ,- ушу Аманбай акенин жоктугунан пайдаланып сүйлөшүп алалычы.
- Эмнени....???,- дешип баарыбыз карап калдык.
- Дайыма эле ушул кишиге жүк болбой өзүбүздү өзүбүз тейлесек кантет...?- деп айлантып бизди карай.
- Ооба, ошентсек болот го....
- Кээ бирибизде тыйын жок куруп атпайбызбы...
- Ата энеңерден албетте акча алып турганың бар, стипендия алганың бар дегендей...
- Кыздары барлар кантет....? Кай жагына жеткирет...?
- Эптеш керек....
- Ашыкча деле чыгым кылбайбыз...кичине тамактанып....сүйлөшүп эле отуруп атабыз.....башкалардай түндөлөрү бийлешкен жерибиз жок.
- Аманбай аке антпегиле, жакшына сүйлөшүп отуруп, бири - 6ириңердин зарыл болгон нерселерин чечишкиле, жардам беришкиле деген.
- Ошентип эле келе жатпайбызбы.. ?
- Ушинтип отургандагы чай чакабыз ал кишинин мойнунда болуп жатпайбы. Ошону өзүбүз эле кылалычы....
- Мейли кезектеги отурушубузда эми өзүбүз кылалы дейбиз.
- Көнөбү ошого....?
- Ал киши ушундай киши эч качан жок дебейт.
- Наргиза бир деке десең кыздардын атынан...сен улуусу болосуң го кыздардын...
- Кыздар деле баарыбыз студентпиз. Бирок эптесек болгудай.
- Менде бир ой бар...колдосоңор айтайын...- деп томологунан келген көздөрү көгүш келген Маха деген кыз, - ушул жеп ичкенибизди өзүбүз топтосок деп жатабыз ээ
- Ии...
- Ооба...
- Мейли топтойлу канчадан болсо да. Бирок жеп ичпей эле кимибиз эмнеге муктаж болсок ошого берсек кантет ? Бул тууралуу байкеге да айтсак...
- Ошентсе да болот....
- Болду ! Эң туура ! - деп муштумун өйдө көтөрө койгон Туратка
- Ай Турат тура тур али көпчүлүккө салалы анан....
- Мен го каршы эмесмин. Мына мисалы Жызжибек иштейт дагы окуйт дагы. Кандай жетишет билбейм..., - деп Наргиза эже мени жылмайа карап.
- Азамат кыз да биздин Кыз жибек. Кандай бактылуу жигит үйлөнөт болду экен сага,- деп дайыма шыпшыңдап сүйлөгөн Самат жалмаңдай мага карап. Жактыра бербегеним билет болчу байкуш. Өзү айтып өзү уяла түштү. Эч ким унчукпай койду.
- Иштесе жакшы ал өзү үчүн иштейт. Эл бергенди берет . эч ким ашыкча да эмес кем да эмес
- Баарың эле стипендия аласыңар....мен...
- А сен кыздарга азыраак чурка. Бирин сүй болду. Сен болсо....
- Жүрсө жүрө берсин ...ал өзүнүн иши го....- десе бирөө
- Туура айтат сүйсө бирин сүйсүн...кыздар оюнчук бекен ага. Сени жазалаш керек...- деп атырылып чыга калды Сардал. Аны сары кыз деп койушат. Чындап эле көздөрү жашылтым болуп, сары кыз эле. Башкача сулуу эле да.
Койчу ошол күнү ызылдай отуруп көптө тарадык. Кийинки сапар мен келбедим. Атайын эле. Эмнегедир келгим келбеди. Талашкан маселебиз талашкан боюнча чечилбей калып кеткен эле. Сиздин сөзүңүздү угалы деп калганбыз.
Күндөрдөн бир күнү ,,Тез жардамда" иштеген жериме сиз келип калдыңыз. Таң калдым. Утурлай басып уялдым. Жер карадым. Акырын гана,
- Келиңиз , - дедим.
- Кандайсың, көрүнбөй кеттиң...,- дединиз башка бирөөгө кайрылып жаткандай башка жакты карай. Мен эки жакты карап койуп, күлкүм келди. Айланада эч ким жок болчу бизден башка.
- Жумуш, окуу деп... кол тийбей эле...
- Мен тиги ооруканага, бир таанышты көргөнү келген элем...Жолугуп койойунчу деп эле...
- Ии...мен иштеген жеримди билет турбайсызбы...
- Кызыккан адамыңды албетте билесиң да...- дале эки жакты карап сүйлөп. Менин жөн эле каткырып күлгум келди. А мен болсо сизден көз албайт элем. Ушул адатымдан кээде уялып кетем кээде. Эмнегедир жүзүңүз албыра түшту. Кыз бала мен албырбай сиз.... Уят эле дедим өзүмдү анан жемелеп, сиз кеткенден кийин. ,,Он биринчи май күнү жолугушалы жердештер сен албетте баргын" деп кеткенсиз. ,, Сиз барсаңыз барам" деп купуя айттым ичимден. Себеби сиз келбесеңиз мен үчүн баары кызыксыздай боло бере турган. Көп сүйлөбөсөңүз да сиздин сүрүңүз баарын ордуна койуп койчу.
Ошол күн келишин чыдамсыздык менен кутүп, шашып бардым. Өзүм сүйгөн кыпкызыл көйнөгүмдү кийип, чачымды экиге бөлүп өрүп, алдыма таштап,өзгөчө эле болуп бараткандаймын. Чындыгында ушул көйнөгумдү кийип, ушундай жүрүшүмдү көргөн адамдар көңул бурбаганы болбойт эле. Аябай жарашчу да. Сизге да жагат бекен деген ой жок эмес эле ошондо.
Бири койуп бири келе берди жердештер. Ары беркини сүйлөшүп койуп отурабыз баарыбыз. Сиз жоксуз.
- Баарыңар чогулгула, мени күткүлө, сүйлөшө турган сөз бар деген экен Аманбай аке, өзү жокко...- деп Эрлан,- мен сыртка чыгып келейинчи деп туруп жөнөп калды. Ордунан туруп эшикти карай басканда эле эшик ачылып, кармаган аппак гүлдөрүнөн өзү көрүнбөй бирөө кирип келсе токтоп калды. Бул сиз элеңиз. Качан гана гүлдү жүзүңүздөн бурганыңызда баарыбыз ордубуздан тура калдык.
- Оо- уууу......- деп гүлгө таңдангандар болду. Эми эле үзүлгөнү билинип турган аппак розалар эле. Гүлдөрдүн жүзүндө шүудүрүмү кете элек экен.
- Эмне болду экен десе гүл терип жүргөн турбайсызбы.
Баары менен саламдашып жатып, сиз
- Ооба, өзүм аралап жүрүп, тандап кестирип келдим. Бир орус аялдын гүл багынан,- дедиңиз
- Сонун гүлдөр экен, жөн эле баарыбыздын маанайыбызды ачып жиберди.
- Каап кичине келбей турбайсызбы. Мен эми эле жөнөдүм эле. Мен да барып алып келмекмин.
- Күттурүп койдум...кечирип койгула...
Баарыбыз кыргыз үйдүн ичинде отургандай төгөрөк столго жайгашып отурдак. Бул жөнөкөй эле ашкана бирок жасалгасы ошондой эле да. Кереге ууктардын сүрөту тартылган, кыргыз үйдн ичин элестеткен көрүнүшү кооз жер.
- Аманчылык боло берсин ини- карындаштарым. Өткөндө силердин бир сунушуңарды угуп, ыраазы болдум. Рахмат силерге. Бирок менин бир сунушум бар. Баарыбыз эле ар айда туулганбыз. Ошон үчүн ошол силер айткан сунушту туулган кундөргө жумшайлы. Маакулбу, каршы эмессиңерби?
- Туура айтасыз, ошентсек да болчудай.
- Туулган күндү гана топтолуп өткөрүп койолу. Менимче болсо керек ошол. Ошол себептен силерди колдосо керек деп бүгүн мен шашылыш топтолгула дедим. Себеби....,- дедиңиз да ордуңуздан туруп жана эле алып келген гүлүңуздү колго алып,- бүгүн, жок эртең биздин кызыбыз Кызжибектин туулган күнү экен, бир күн эрте куттуктап койолу,- деп отурган ордуңуздан айланып мен тарапка келе жаттыңыз. Мен бүткөн бойум калчылдай, толкунданып кеттим. Жүзүм да кызарып кетти окшойт. Денем ичимден чыккан жалынга алоолонуп жанып жаткандай болду. Мен туруп араң бир кадам койгонумда жетип келдиңиз.
- Туулган күнүң куттуу болсун Кызжибек.
- Рахмат.....- дедим үнүм калтырагандай. Бирок көзүмдү сизден албай.
- Кечиресиң....- деп туруп калдыңыз. Мен таң калдым.
- Кандай гүлдү жактырат элең....?
- Ак, аппак.....,- деп башка сөз айта албай жалдырап сизди эле тиктеп.
- Билгендей алыптырмын, кут болсун...- деп мени бир жалт карап чочуп кеттиңиз да,
- Ой ыйлап атасыңбы,,,? Бүгүн сен ыйлай турган күн эмес...- акырын бир манжаңыз менен эми кылгырып аккан көз жашымды аарчып койдуңуз да баса бердиниз.
- Аманбай аке эмнеге ыйлаба дейсиз ыйлап төрөлгөн да....,- деди баягы эле жалжаңдаган Самат.
- Эртең ыйлайт Самат- деп койдуңуз отуруп жатып. Баары куттуктап жатышты.
- Биз өзгөчө кылабыз туулган күндү. Ошол адамдын өмүр бою эсинде кала турган кылып.
- Кантип аке.
- Туулган күндүн ээси эч нерсе кылбасын, жасанып келе берсин ошол
- Туура. Болду эми ушинтебиз. Жакшы эч ким чыгаша тартпайт дагы көңүлү көтөрүлөт. Эң жакшы пикир.
- Аманбай аке кыпкызыл гул алып келсеңиз болмок экен. Кызжибек кызарып кетти болбой эле. Кызыл гүл менен кызыл гүл болуп калмак.
- Кызжибек ак гулдү жакшы көрөт турбайбы.
Жердештериме эмне айтаарымды билбей, толкунданганымданбы же өткөнүм эсиме түшүп өксүгум жаңырганынанбы "баа" деп эле жарылып ыйлагым келип тургам. Гүлдөрдү бекем кучактаганча улам куттуктоо сөздөр айтылса калтырап ,, рахмат"деген сөздөн башка сөз айтууга жарабадым. Айта албадым. Мен чындап эле кайра төрөлгөндөй, сөздү эми үйрөнө тургандай, ички дүйнөм бопбош эле.
( уландысы бар )
Урматтуу окурмандар бул чыгарма 3 бөлүмдөн турат, кызыктуу болсо уланталы?

СҮЙҮҮМ   СИМВОЛУ  - 5388794380117

Комментарии 9

Ajarkul Kaparovna
Ajarkul Kaparovna
27 авг
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гулнар Абдыкеримова
    Жакшы аңгеме экен уланталы
    27 авг
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Баатырбек Орозов
    Баатырбек Орозов
    🎁🎁🎁
    27 авг
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Света Абдыбачаева
    Света Абдыбачаева
    🎁🎁
    27 авг
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гулгаакы Макелеева
    Гулгаакы Макелеева
    27 авг
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гулбайра Осконкулова
    Гулбайра Осконкулова
    Мен тушунбоодум
    28 авг
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Назарова Апизахан
    Назарова Апизахан
    28 авг
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Saltanat abayildaeva
    Saltanat abayildaeva
    🎁🎁
    28 авг
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Бактыгул Алиевна
    Бактыгул Алиевна
    Улантабыз💐
    29 авг
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 26 918Фото 21 830Видео 1 626Участники 38 889
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 26 918
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться