Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

11 авг

ТААН

13-БӨЛҮМ
Тоолуу айыл. Түн бир оокум. Жай айы болгондуктан түнкү үп, үлп эткен желге зарыктырган маал. Эл кызуу уйкуда болгон менен Сырдыбай карыя уктабай күрс-күрс жөтөлүп, сыртта отурат. Мурункусунан картая түшкөн. Көптөн бери жөтөлүп айыкпай, бир топ эттен түшүп шапая, ыраңы да керсары тартып турат. Кичине басса демигет да, бат эле алсырап отуруп калат. Баштагыдай айыл аралап келгенге күч-кубаты да жок. Азыр да Карагаттын уйкусу бузулбасын деп ыкшып жөтөлүп, сыртта отурат. Канчалык акырын жөтөлгөнгө аракет кылса да, караңгалгыр жөтөл ансайын күчөп, түнкү караңгылыкты жарып жаңырып жатты.
— Таята, жылуу суу алып келдим, жутуп алыңызчы.
Карагат уйкусу ачылбай, кесе сунду. Сырдыбай Карагатты жалт карап, кеседеги сууну жутту да:
— Кудай жалгасын, кызым, уйкуңду буздум окшойт. Бул караңгалгыр жөтөл түнү кыйнап жатпайбы?
— Табып чакырталыбы, таята?
— Ой, жок, балам, жакшы болуп калам. Сен кирип, уктай гой, каралдым.
— Сизди жалгыз таштаппы?
— Мен таза абада бир аз отура турайын, анан жатам. Кире гой, укта, жарыгым.
— Дагы суу куюп келип берейинби, таята?
— Макул, алып кел, кызым.
Карагат Бакберген кеткенден бери дагы чоңоюп, токтолуп, сүйкүмдүү кыз болгон. Мүнөзү токтоо, ар бир сөздү маанилүү сүйлөйт. Тыкан, кош өрүм чачы, бир байлам жоолугу жарашып турат. Мүнөзү шайыр, бирок кээде көңүлсүз ойлонуп калса, Сырдыбайдын жүрөгү тыз дей түшөт. «Каап, кызымдын көңүлү Бакбергенге түшүп калган экен. Көзүндөгү нур айтып турбайбы? Кайдасың, Бакберген? Бир кайрылып кел, уулум. Кызымдын жүрөгүн жаралаба”
— Таята, суу алып келип койдум. Сиз да уктаңыз ээ.
Сырдыбай ичиндеги ойду Карагат билип алгандай шашып калды:
— Ии, макул, кызым. Ак жалгасын, каралдым. Өмүрүң суудай узун, суудай таза болсун.
Ал кесени алды да, Карагатка карап, бара бер деп ишаарат кылды. Карыя көзүн тоо тарапка кадап, түнөрүп турган түндү тыңшап отурду. Убакыттын унчукпаган ыргактары ушул түндө дем алып,күү чалып тургансыды. «Ар бир түн өзүнчө бир тараза. Ар бир күн эртеңки жашоонун өкүмү. Пенденин көңүлүндө калкып жүргөн үмүт менен максат, тилек бир күнү алыстап, кайра жакындайт. Эң татаалы жүрөккө тунжуроонун уюшу. Кечиккен сүйүү, жоопсуз жол кароо, күтүү өтө оор. Унутулбас сүйүүнүн дарысы жок, бул айыкпас жара. Атаганат, колумдан келээр иш болсочу. Кызымды сумсайтпай, Бакбергенди таап келбейт белем…» — деген ойдо отурат. Аңгыча жанындагы өсүп турган талдын жалбырагы кыймылдагандай добуш угулду. Карыя көзүн жүлжүйтө карап калды.
— Көздүн да курчу кетиптир… Эх, карылык ай…
Колундагы кеседеги сууну жутмакчы болгондо, жанына бир нерсе учуп келип конгондой болду. Карыя суусун коё салып:
— Эй, жаныбарым, сен каяктан келе калдың? Жакшылыктын жарчысы боло гөр! Кел-кел, кош келдиң, азаматым! — деп билегин тосту. Бул Бакбергендин тааны болчу! Таан тили болсо көп нерсени айтып, Сырдыбай карыяны кубантмак. Бирок тили жок болсо да, акылдуу. Ал чоочуркабай, Сырдыбайдын билегине конду. Карыя аны сылап-сыйпап, кубанып алды.
— Оо, Кудай, тилегимди бере көр. Бул жакшы жышаан. Жакшылыктан белги боло көр, жакшы кабар алып келдиңби таан!
Аны коштогондой “каа-каа” деп үн чыгарган таан ары-бери учуп, кайра карыянын билегине конуп жатты. Таандын үнүн уккан Карагат үйдөн чуркап чыкты:
— Таята, таан келдиби? Каяктан келди?
— Билбейм, кызым. Заматта эле пайда болуп калды го.
— Бул баякы таанбы? Же башкабы?
Таан: «Мен ошолмун» дегендей “каа-каа” деп канатын каккылап, Карагаттын мүрүсүнө конду. Карагат коркуп кетти эле, карыя ага:
— Коркпо, кызым, коркпо. Бул адамга үйүр өскөн тура. Андан көрө үйдөгү буудайдан бер, өзүңө үйүр болсун.
Карагат таанды учуруп албайын деп бир жак мүрүсүн кыйшайта үйгө жөнөдү эле, таан андан мурда учуп, үйгө кирди да, баякы Бакберген жаткан жерге конуп алды. Карагат ага карап:
— Эмне, сен да сагындыңбы? Мен да сагындым…
“Каа, каа!” деп үй жаңыртып жооп берген таанга Карагат:
— Опей, кантет… Чүш, чүүш, таятам укса уят. Бул экөөбүздүн ортобузлагы сыр болсун, — деп жанына бир ууч буудай төктү. Аны түшүнгөндөй таан да үн салбай калды. Сырдыбай карыя бул сөздөрдү укту да, жылмайып алды.
«Эх, жаштык ай, жаштык…
Адам баласынын жүрөгүндө дайыма жашап, колго карматпаган, көзгө көрүнбөй учуп кете турган мезгил тура. Анын жытын сиңирип каласың, бирок ошол жыт да убакыт өткөн сайын алыстап кете берет экен. Жаштык үмүт, максат, баёлук сезим, тынчыбаган уйгу-туйгу ой. Бирок эң бейкапар чакта, оюңда эч нерсе жок тунук мезгилде келчү үмүт, адам анын баркын билген мезгилде тээ алыста калат экен. Мен да жаш болгом. Сезимдер толкун болуп жүрөккө батпай, сөздөн муң, көздөн нур аккан күндөр болгон. Ошол маалда убакыт чексиз, түгөнбөөчүдөй көрүнчү. “Кийин көрөрбүз”, “балабыз, али жашпыз” деп койчубуз. Көрсө жаштык күтө билбеген, токтолбой жарышка түшкөн аргымак аттай тентек учур тура. Азыр ойлосом, адам жаштыкта өзүнүн келечегин, эртеңин билбей калат экен. Тамыры бар, топуракта туруп эле учуп кеткиси келет. Узак жолго, белгисиз жакка, атүгүл өз тагдырынан алыстай качкысы келет. Анан жүрөк жараланып, көз караш өзгөрүп, бир мээнет чырмаганда гана, ошол кездин ыйыктыгын түшүнүү өтө кеч экен да. Жаштыкта ката кетирген убак да бооот. Бирок каталардын айрымдары өмүр бою айыкпайт. Айрым каталар бактылуулукка жетелейт. Жаштык сүйүү адамга түбөлүк өкүнүч салып кетиши да мүмкүн. Менин азыр түшүнгөнүм жаштык кыска, бирок анын сабагы түбөлүк. Кимде-ким жаштыкта жүрөгүн таза сактап, бирөөнүн үмүтүн жерге таштабай жашаса, тоскоолдук, кыйынчылыкка чыдаса, ошол адам чыныгы сүйүүдөн жаралган бакытты татып өтөт. Жаштык алоолонгон от. Ал сага жарык, жылуулук да берет, ьаркына жетпесең өзүңдү күйгүзүп да кетет. Ошондуктан жаштыгыңда жаңылбасаң экен эрке кызым. Тандооң туура болсо экен. Көзүмдүн тирүүсүндө арзыганың менен кол кармашканыңды көрсөм экен…»
Сырдыбай карыя атып бараткан таңды карап:
— Оо, Жараткан Кудай! Ушул таңды көргөзгөнүңө миң шүгүр кыламын. Таң менен бирге жакшылык кошо атсын, ар күн менен ырыс, дөөлөт келсин. Балдарыма өмүр бер, таштай сабыр бер. Бул таң менен кошо күн туусун, ай туусун, жылдыздар көбөйсүн, жамандык жолобосун. Ата-бабанын арбактары колдоп турсун. Эзелки элдин салты менен көчүбүз аман, журтубуз аман, элибиз аман болуп, жалпы журтуьузна
ырыс, береке эртеңки күндө ээрчишип келсин.
Жашоо — узак жол,
Жол — жомок,
Жомок — жөрөлгө,
Жөрөлгө — жашоонун ыйык изи. Ошол изден адашпай басканга насип кыл, оо Жараткан…
Эчкинин жашындай жашым калды, көзүмдүн тирүүсүндө аманатымды арзыганына буюр! Кызыма бак бер, Бакбергенди өзүбүзгө кайтар!
Таң аппак атып калганда, карыя Жаратканга жалынып тилек кылып турган кезде, таан учуп келип анын мүрүсүнө конду. Жапжалгыз түндө жаратылыштын бир жандыгы адамга жолукканы – бул жөн гана кокустандык эмес эле, бул табияттын тили менен айтылган кабардай туюлду. Сырдыбай карыя үчүн бул таан кадимки куш эмес, убакыттын элчисидей, аң-сезим менен жүрөктүн ортосундагы көпүрөдөй сезилди. Карыя батасынан соң таанды колуна алып, канат-куйругун сылап отуруп, таандын куйругуна жабышкан качанкы каткан ылайга көзү чалдыкты.
— Бул аймактын топурагы эмес, ак топурак экен! Ак топурак чөл тарапта болот эле. Бакберген чөлдө жүрөбү? — деди.
Ак топурак актык, тазалык, тагдырдын дагы бир сыноосу катары көрүнүп, Бакбергенден келген бир кабар сыяктуу үмүтү жанданды. Анын оюн туура дегендей, “каа, каа” деп үн салды таан. Бул үн бирөөгө кудуретсиз сезилсе да, карыянын жан дүйнөсүн жанданткан жооп болчу. Кээде үнсүз турмуштан да маанилүү жоопту табияттын үнү берет эмеспи. Карыя таанды үн-сөзү сылап, тээ алысты карады. Алыс жакта адамдын үмүтү, тагдыры, балким өкүнүчү жашынган. Алыстан үмүт чоң, алыстан сагынычтуу, кубанычтуу кабарлар келет эмеспи.
Таан үйгө учуп кирип-чыгып, “каа, каа” деп Карагатка бир нерсе түшүндүрө албай жаткансыды. Кээде канаттуунун тилин түшүнүү үчүн акыл жетишсиз, бирок жүрөк менен укса болот. Карагат эмне кылышты билбей, акыры бир нерсе оюна түшө калып, куржунун аңтарып өзүнүн мурунку күмүш сөйкөсүн таап чыкты. Бул сөйкө жөн гана зер буюм эмес, жүрөктүн жарымы, сагынычтын белгиси. Анын бирөөсүн таандын бутуна байлаганда, жибек жипке үмүтү, сагынычы, саламы, сыры кошо байлангандай сезилди.
Таан “каа, каа” деп пыр эте учуп чыгып кетти. Анын учушу бул кабар эмес, үмүттүн жолго чыккан учуру эле.
— Бакберген чөл тарапта экен, кызым, — деди карыя, бул сөздүн артында ишеним да, интуиция да, күтүү да бар эле.
— Ким айтты, таята?
— Ким айтмак эле… таандын учканынан байкадым. Күн батыш жакка учту да, демек, Бакберген ошол жакта. Бир күн кабары келет, кызым.
Карагат батыш тарапты карап муңайып алды. Батыш — батып бараткан күндүн тараптары. Ал бүтүп бараткан бир доор, бирок ошол эле учурда башка бир үмүттүн эшигин ачып турган багыт. Карыя да батыш тарапты карап, күбүрөнүп бата кылды. Анткени адам бул жашоодо өз баласынын жетпеген үмүтүнө тилек тилеген менен жан эмеспи.
Уландысы бар
Кундузбү Маматова
Куку

ТААН - 990387092821

Комментарии 2

Каныкей 👑
Каныкей 👑
❤️
12 авг
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жаз Гулу
    2 сен
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    А за кого болеете вы?
    Смотрите матч против Реал Мадрида
    Перейти
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 26 943Фото 21 855Видео 1 626Участники 38 943
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 26 943
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться