Кийиндир ыраазы болосуң
Чынында тарбия бул жашоодогу атанын уулуна берчү мурасы.
Кудайдан коркпогон, жана акыретиңди эстетпегендер менен дос болбо. Эгер дос болуп калсаң, аларга эскерт, алар өздөрү баш тартмайынча аларды таштаба. Дос досту жаман жолдон алып чыгат.
Кудайдан башка эч кимден коркпо. Жумуштан чыгып кетүүдөн, адамдар менен мамиле токтотуудан, акыйкатты бетке айтуу менен жаман көрүнүүдөн. Дайыма кудайга таян.
Адал жумуштан эч качан уялба. Жаккан жумуш деген болбойт, кылган жумушуңду чырайлуу жаса. Оңой иш же акча деп ашказанга арам тамак салба. Тамакка олуттуу кара. Эмне жесең ошондой адамсың.
Көйгөйгө тике кара. Жоопгерчиликтүү бол. Каталарды моюнга ала бил. Сурагандан уялба, үйрөн, оку, өздөштүр. Иштеген жериңе адал бол.
Бир гана кудай менен эсептеш. Кыяматта сен үчүн суракты эч ким бербейт. Элдин, ата-эненин, башканын көңүлү кудайдан кийин. Кудайга таянсаң баары сени жакшы көрөт.
Динди өзүңө ылайыктаба.
Кудай менен партнер болбо. Бул өкүмүң жакты аны аткарам, бул өкүмүң жакпады аны аткарбайм,- дебе. Динге толук бойдон жабыш. Жана аны үйрөнүү үчүн күч үрө.
Дайыма сергек бол. Пайдасыз иш жана сөздөрдөн оолак жүр. Маанисиз күлө бербе. Көбүрөөк акырет тууралуу ойлон. Өмүр кыска. Сооп жыйнагоо аракеттен. Жаштыгыңды туура пайдалан. Оор кырдалдардан качпа. Дайыма ыңгайсыз учурларда жүр. Конфликтерди чеч. Эр жүрөк бол. Көкүрөк жана ээкти бийик карма. Душманга көзүнө кара. Так жана даана сүйлө. Кагазга ороп тайсалдаба.
Бир гана кудайга таян. Аракетти токтотпо. Мамиледе так бол. Сапарда күйүмдүү бол. Доско мээримдүү, тууганга жумшак бол. Аялыңа таяныч, балаңа үлгү бол. Сөз ташыба. Сапаттарыңды курчут.
Акыбалыңа жараша убада бер. Көп ант ичпе. Кыздар көп аурадан кач. Дайыма коомдук жайлардан аларга орун бошот. Бутуңдун 10 жеринен сынган болсо да. Кыздарыңа жана аялыңа ошондой эле апаңа коргон бол. Аларды бак.
Тыңда. Эч качан никеге чейин убактыңды кыз менен жүрүүгө жана анын көңүлүн алууга коротпо. Бул жөн гана көңүл ачуучу оюн-зоок. Алар бири- бирибизди жакындан тааныйбыз демиш болуп зына кылып жүрө беришет. Эркеги алдагысы келет, кызы алдангысы келет.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4