Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

30 мая 2025

ЖАКШЫ АЯЛ КАНДАЙ БОЛОТ?

Бул сөздү айткандар да, кыялдангандар да көп. Керек болсо “жакшы аял мындай булуш керек, тигиндей болуш керек” деп акыл айткандар да четтен табылат. Чындыгында жакшы аял кандай болуш керек?
Албетте, бул суроого миңдеген жооп табылат. Бирок ар бир адам өзгөчө кайталагыс жан экени маалым.
Ар бир эле адамдын жакшы сапаттары менен бирге жаман да жактары болушу мыйзамдуу көрүнүш. Үй-бүлөнүн бекем болушу да эки жактын кулк-мүнөзүнө байланыштуу, өзгөчө аялзатына. Ошол себептен “сүйүктүү жар, жакшы келин, мээримдүү эне” аталып, коломтоңуздун бекем болуусуна таасирин тийгизүүчү төмөнкү кеңештерди сунуштайбыз.
Жакшы аял бул:
1. Ызы-чуу салбайт. Күйөөсүнө ар дайым жекирип, урушуп, ызы-чуу сала берген аялдардан эркек киши качат. Ар дайым кулак мээсин жей бергенде эркектерди чарчатып жиберишет. Мындай учурда кээ бир эркектер кол көтөрүүгө чейин барышат. Ортодогу карым-катнаштар соолуй түшөт.
2. Арызданбайт. Күйөөсүнө “сен мындайсын, сен тигиндейсиң” деп күңүлдөй берген аялдар да эркек кишинин көңүлүн калтырып, “сага эч качан жакпаймын” деп кол шилтеп басып кетет.
3. Ушак айтпайт. Аялзаты өздөрүнчө жалгыз калган убактарда бала бакырасына чейин ушак кылып отурганды жактыргандар да бар. Жолдошуңузду башкаларга жамандап аброй таппайсыз. Муну билип калган күйөөңүздүн шагы сынып, сизге деген сезими салкындап калуусу ыктымал.
4. Сыйлабай койбойт. Эркек киши эң алды менен аялынын өзүн сыйлаганын каалайт. Алардын түшүнүгү боюнча “сыйлайса демек мени жакшы көрөт” деген түшүнүк калыпташкан. Сыйлоо анын сөзүн угуу, акылын тыңдоо, сүйлөп жатканда сөзүн бөлбөө, маанилүү чечим кабылдаганда күйөөңүздүн пикирин биринчи орунга коюу дегенди билдирет.
5. Башкаларды күйөөсүнөн жогору койбойт. Эркек киши үй-бүлөнүн башчысы, ошондуктан аял “кожоюн” деген сөздү ар дайым эсинен чыгарбашы керек. Аялдын курбуларын, карьерасын, туугандарын күйөөсүнөн артык көрүүсү үйдө түшүнбөстүктөр, уруш-талаш келип чыгат. Ар бир күйөө жылуу мамиле, жайдары мүнөз, балдарына мээримин төккөн, колу ачык, күйөөсүнүн айтканын уккан, акылдашкан адамы жана сырдашы боло билген аялдарды жактырышаарын эстен чыгарбаңыздар.
Фарида Жумакадырова

ЖАКШЫ АЯЛ КАНДАЙ БОЛОТ? - 988577071445

Комментарии 4

🌺НурБахДанНур 💫💫💫💫
🌺НурБахДанНур 💫💫💫💫
Чыныгы эр жигиттин жанында эң жаман аял дагы жакшы болууга аракет жасайт,аялдан айрымасы жок алжыган эркектин жанында периште дагы касиетин жоготот.
30 мая 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Guli ☘️
    Guli ☘️
    Жакшы аялдын артында кучтуу эркек болушу керек.Аял эркеги жакшы болсо эркелейт,жаман болсо темселейт.так что эркектен зависит.
    30 мая 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Сайра ❤❤❤👍 ❤❤
    Сайра ❤❤❤👍 ❤❤
    Сыйлы билбеген эркектер жок эмес сыйлап баш ийип журуп тигинтип атылып куйондун колунан олуп жатышат так что аялга дагы эркеке дагы кудайым ыйман берсин ❤️ туура аялдардан да бар сыйлы билбеген кечке куйосун киши ордуна санабаган тили заар аялдарда жок эмес
    31 мая 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Батма Назарбаева
    Батма Назарбаева
    Жакшы аял 26 майда каза болгон. Ал азыр жердин астында жатат. Себеби жакшы болгон, арызданбаган туугандарына, каяша айтпаган куйосуно. Оз кайгысын ичине жуткан. Арты эмне болду?
    7 июн 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Смотрите любимое новогоднее кино в ОК!
    Собрали лучшее для вас 🧡
    Выбрать фильм
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 27 019Фото 21 959Видео 1 630Участники 39 104
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 27 019
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться