1-БӨЛҮМ
Жазуучу, акын Аскаров Чынтемирдин «Сүйүү баяны», «Белгисиз кыздын махабаты»
аттуу прозалык китептери окуучулар тарабынан жылуу кабыл алынган.
«Атаман уурулардын тагдыры» повестинде ата-эненин тарбиясын көрбөгөн жаш
баланын уурулук жолуна кандайча түшүп, аягы оор трагедия менен бүткөнүн автор
ишенимдүү берген. Бул китепти колуна кармап окуган ар бир окурман аягына
чыкканча ынтаа менен окууруна ишеним бар
1-БӨЛҮМ
Атаман уурулардын тагдыры
(повесть)
Кубандык үйдүн астындагы секичеде куш жаздыкты чыканагына коюп, тээ бир
убакта үйрөнгөн «Алмашым» деген ырдын обонун сызылта ышкырып, эч нерседен
капарсыз, көңүлү бир башкача кушубак болуп отурду. Аялы арыраакта эле казанга эт
салып бүлкүлдөтө бышырып отурат. Чиркин, бул дүйнө кээде оттон алып чокко салса,
кээде жылдызыңды жаркыратып рахатка балкытып коет. Кубандык дал ошол жан
дүйнөсүн балкытып рахатка кабылып отурганы бекеринен эмес. Көптөн бери коркунуч
коштолгон уурулук иштерден алыстай түштү. Анын үстүнө «бөрү» достору «Ден
соолугуңузду чыңдап алыңыз. Карачы Карасай жайлоосу жердин бейиши турбайбы.
Биз деле азырынча иш жүргүзүп, кезек-кезек келип кол берип турабыз»,– деген.
Айрыкча тынч жашоо сергектентип жибердиби айтоор жүрөк оорусу да кармабай
шайдооттоно түштү. Ошондо кайнатасы Алыкенин сөзү кулагына жаңырып жаткандай
болду: «Адам келечегин карап жашайт. Ал эми ууруда келечек жок. Эгер буга чейин
уурулук кылсаң, мындан ары таштасаң да жаман эмес. Тынч жашоонун өзү чоң
дөөлөт» деген. Анан өзүнүн айткандарын эстеди: «Эгер тигилерден аман-эсен кутулуп
кетсем, эл катарына кошулуп, ак мээнет менен жашоого аракеттенем». Бирок
кайнатасынын астында берген убадасын аткарбай келет. Канчалык «бөрүлөр» уюмунан
чыккысы келген менен аларга чечкиндүү эч нерсе айталбады. Атаман катары сыйлап,
бөжөңдөп кулдук уруп турушканына жүрөгү жумшара түшүп, дагы иштеп турайынчы,
убакыт өзү көрсөтөр деп тим болот.
Кечээ жакында эле Казакстандан Желмаян келип он миң доллар акча таштап
кетти. Алар апкелген акчаларды Кубандык сейфге салат да, каякка жумшаарын ойлоно
баштайт. Кадыр баркы алыска кетип түндүгүнөн акча куюлуп турган убакта секичеде
отуруп «Алмашым» ды сызылта ышкырынып отурганы ушундан.
Мына Төөкуш да машинасын айдап келип калды. Ал чалкалап жаткан
Кубандыкка келип салам берип, салынган төшөктүн үстүнө отурду.
– Кандай Төөм? Эми келдиңби? Эмнеге кечиктиң?!. Кубандыктын ачуусу
келгенин көрүп, Төө бозоро түштү. Мындайда андан жакшылык күтүүгө болбойт.
Каяша кылдың дегенче жарык дүйнө менен кош айтыша бер. Бычагын кынынан
сууруйт да атып калат. Ошол жерде эле жан бересиң. Бирок көңүлү куунак отурган
Кубандык анчалык катуу ишке кете албады.
– Кечириңиз,– деди Төөкуш,– Он беш топозду саткандан кийин сиздин кайда
экениңизди билбей калдык. Акча деген акча. Суудай агылып кете берет экен.
Чөнтөгүбүз жукарганда гана кайрадан чогултканыбыз ушу болду,– деп акча салган
сумканы Кубандыкка жылдырды.
– Бул канча?
– Үч жүз миң.
– Бали, түгөл апкелген турбайсыңбы! Мына жүз миңин силер, үчөөңөр бөлүп
алгыла, – деп бир таңгак акчаны Төөкушка ыргытты. Төөкуш жүз миңин кайрып берет
деп ойлонгон эмес. Акчаны кеч апкелгенине күнөөлүүдөй болуп башын шылкыйтып
отурган. Эми бозоргон жүзүнө кызыл кирип, Кубандык менен чер жазыша сүйлөшүп
отурду.Чынтемир Аскаров Атаман уурулардын тагдыры
3
Алардын күлкүлөрү калың чыгып, көңүлдүү отурушкандыктарына Зейне да
курсант. Ошондонбу оттун башында күйпөлөктөп жүргөнү менен ал да бир нерселерди
болор болбос үн чыгарып ырдап коет.
Төөкуш тамакка аярлабай, чай ичери менен кетип калды. Кубандык баятан бери
жанында ойноп жаткан эки жашар баласына эми гана көңүл буруп, колтугунан көтөрө
сала алдына отургузду. Аталык мээрими агылып «Менин балапаным, менин
орунбасарым, менин алтын туягым» деп элжиреп эзилип кетти. Зейне муну көрүп
жылмайып күлдү да:
– Көбүрөөк эркелете бербесеңчи акеси. Кийин эрке болуп, гулиган болуп
чыкпасын. Анда шорубуз шорподой кайнаганы ошол. Өзүбүзгө атылып балээ болот.
– Эй жаман катын, сен эмнени билесиң. Балаң шок болсун, шок болбосо жок
болсун дээр эле агам. Ошол сыңарындай шок болгону жакшы. Эч кимге жемин
жегизбей, кайра бирөөнүн жемин тартып алат!
– Сөзүмдү жактырбай кызарып-татарып алыпсың да, койдум эми, койдум,– деди
Зейне.
Тамак жеп бүткөндөн кийин Зейне идиш аягын жууп жатканы менен улам көз
кырын салып күйөөсүн карап коет. Бат эле баласын эсинен чыгарып ойлуу отурду
Кубандык. Ооба, ойлуу эле. Кудай таалам бул жаркылдаган, кайгы капага кабагым
кашым дебеген жарына качан жана кайдан жолукканын бир баштан ойлоп жатты...
...Мындан мурдараак жылдары ээн жайылып жүргөн аттардын төртөөн кармап,
он беш топозду айдап кетишкен. Анын жиги билинбей акчага карк болушкан эле. Азыр
жакшылап санап көрүшсө андан бери беш жылдай убакыт өтүптүр. Кынуу алган топ
кайрадан баягы жерге келишти. Аттар да, топоздор да жер ооштурган менен
Жайыктөрдүн беткейинде мурдагыдан аз эмес малдар ээсиз жайылып жүрүптүр.
Такшалган уурулар бат эле төрт атты кармап, жыйырма баш топоздорду айдап
жөнөштү. Артынан кууган куугунчулар жок ыраса оңтойлуу болду бейм, шашылбай
айдашып ире-ширеде Суусамыр жайлоосуна жете келишти. Бийик тоонун аркы белине
малдарды таштап коюп, кылда чокудан өздөрү жай алышты.
Жайдын түнү айтса айтпаса да укмуш! Тоо гүлдөрүнүн жыты айдарым соккон
жел менен келип мурдуңдан өрдөп жан сергитет. Жол жүрүп чарчанып калган төртөө
күн көтөрүлө бергенде гана уйкудан турушту. Тура калып аттарды карашты. Аттар
тушалуу эле. Алыс кетпей ордунан козголо элек топоздордун жанында оттоп
жүрүшүптүр. Көңүлдөрү куунак бар тамактарын ортого коюп жеп, ичип отурушту.
Чындыгында мындан ары бара турган жери эки сааттык эле жол. Аерге жетсе эле
малдар союлат да, машинага жүктөлүп Ош базарына кирип барышат. Бирок үч уктаса
түшкө кирбеген иш. Жылга менен өткөн жолдо милициянын машинасы токтоп турат.
– Изибизге түшкөн экен шүмшүктөр! – деп Кубандык ызырынып алды.
Машинадан пагондору бар алтоо түшүп эки жакты карап турушат.
– Эмне кылабыз Атаман? Кармала турган жерибиз ушер экен го,– деп Төөкуш
алаңдады.
– Акмаксың Төөкуш! Төрт тарабың тең куула болуп турса кармалган жерибиз
ушу дейсиң!
– Машинадан алты адам түшпөдүбү. Баардыгында тең курал бар. Бизди аяп
коебу. Көрүп калса эле баарыбызды чымчык аткандай торойтот.
– Жүрөгү жок айба-ан! Мындай иштерди башыңдан өткөргөн жок белең?
Былжырабай малдарды айда. Жылгадагы карагандын түбүнө барып мени күткүлө. Мен
буларды алаксытып турайын.Чынтемир Аскаров Атаман уурулардын тагдыры
7
– Менин багар кагар кишилерим жок Бишкекке келгем. Келгеним жакшы
болуптур. Өзүмө ылайыктуу жумуш таап алдым. Эч кимге кор эмесмин. Өзүм менен
өзүммүн.
– Окугуң келеби? Менин атамдын агартуу Министерствосунда досу бар. Ал сага
жардам берет.
– Кантип окуйм. Мен быйыл он биринчи класста окушум керек эле. Зоңкоюп 7-
класска барып отуруп калсам балдардын баары күлөт ко. Эми тагдырымдан көрдүм.
Ага баш ийбеске арга жок.
– Аның да туура. Бирок окусаң жакшы болот эле го,– деп тим болду кыз.
Экөө тамак ичип бүтөр менен орундарынан турушуп сыртка чыгышты. Кыздан
«үйүң шаарда туруп кафеден эмнеге тамактанып жатасың?» деп сурайын деп сурай
алган жок. Акчасы көп бай адамдын кызы го деп койду ичинен.
Жайдын ыссык күнүнөнбү кыз төшү ачык, жеңи жок кыска көйнөк кийип
алыптыр. Жаңыдан толо баштаган «эки алмасынын» чети Кубандыктын көзүнө илине
калып, кызыктыра коет. Андан да эки бутунун сан жагын айтпайсыңбы. Сүттөй аппак.
Адам баласы сулуулукка ушунчалык куштар боло тургандыгын эми сезди. Кубандык
кыздын өңүнө жараша мүчөсү төп келип турганынанбы айтоор өзүнөн өзү ага
тартылып баратты. Кыз болсо эч нерседен капарсыз катарлаша басып Кубандыктын
суроолоруна жооп берип тим болот.
Экөө аялдамага келишти. Арыраакта эле бал муздак сатылып жатыптыр.
– Нур, жүрчү бирден бал муздак жейли,– деп Кубандык Нурдун колтугунан
кармай калды.
– Койчу. Жөн эле койчу. Башка күнү жээрбиз,– деп Нур кетенчиктеди. Ага
Кубандык болбоду. Камоктогу аялдан бирден эмес экиден балмуздак алып столдо
отурган Нурга алып келип берди.
– Сүйлөшүп отурайынчы деп атайы экиден алдым. Анткени бүгүн сени көрүп
отурсам, эртең таппай калам да.
– Эмнеге? мектебимди айттым го. Аерде адашып жүрсөң мен өзүм эле таап
алам.
Кыздын тамашөкөй сөзүнө Кубандык каткырып күлүп калды. Ага кошулуп кыз
да күлдү. Деги ачык да, шайыр да экен. Кубандык бала болуп чоңойгону мындай
жагымдуу мүнөз кызды биринчи ирет жолуктурушу. Анын үстүнө кыз жандап ага
кызыгуусун артканы эми гана болуп отурбайбы. Бакытты издеп тапсам экен. Бакытка
жетсем экен дечүмүн. Бакытың жакшы адам менен сүйлөшүп кумардан чыкканың
турбайбы. Карачы бул кыз мага канча кубанычты тартуулап отурат деп ичинен
ойлонуп отурду. Кыз мындай ойлордон алыс болчу. Окуган классташтарындай көрүп,
жылуу мамиледе болуп отурду.
– Кетели,– деди кыз ордунан козголуп. Кубандык да ордунан туруп, экөө
аялдаманы көздөй бет алышты.
– Үйүңө чейин узатып коеюн.
– Жо-ок. Атам маршрутка айдайт. Тамагың ичип ушул жерде туруп тур деген.
Баятан бери эки айланып койгон болуш керек. Азыр мени ойлоп үкү-түкү болуп
келаткандыр. Мени урушса сени көрсөтөм, ушу күнөөлүү деп. Макулсуңбу?..
– Макулмун. Урсаңыз мени уруңуз. Нурга тийбеңиз деп башымды тосуп берем.
Экөө тегерегиндеги элдерге карабай күлүп калышты. Анан ак түстүү маршрутка келип
дал кыз турган жерге келип токтоду.Чынтемир Аскаров Атаман уурулардын тагдыры
8
– Кайда жүрөсүң! – деген атасынын ачуулуу үнү чыкты.
– Кайда болмок элем. Классташым жолугуп калды. Бал муздак жеп отуруп
калдык. Классташым титиги турган бала.
Атасы башын шылкыйтып турган Кубандыкты көрдү. Сениби дегендей
сөөмөйүн кеседи. Бирок Кубандык аны оюна да алган жок. Машина жүрүп баратканда
кыздын кол булгалап айнек жакта турганын көрүп, жооп кылгандай чөнтөгүндөгү бет
арчысын алып булгалап калганга үлгүрдү.
Кубандык үчүн бул күн укмуштуудай сонун күн болду. Аны түнү менен
элестеткен менен бүтпөстөй. Эртең жолугар бекем. Табар бекем. Мен таба албай
калсам издээр бекен. Адашып кетсең өзүм таап алам дебеди беле. Мектебине барсам
танапис убагындабы, тарарыңдабы мени таап алар деген ойлор менен төшөгүндө бат
эле уктап кетти.
Эртеси таң атып ата электе жумушка жөнөдү. Дал ушул маалда эт базарында
кыймыл күчөйт. Бирөөлөр машинасы менен кире албай жатканда тачкачан балдарды
жалдай салат. Кээлери өзүн бай көрсөткүсү келип элүү сом же жүз сомун суна калып
«Ушу жетеби?» деп калат. Мындай эки-үч киши болсо эле жетишет. Бир эки сааттын
ичинде эле жарым күндүк акчаны таап алганың.
Эрте келгени жакшы болгон. Сырттан базардын ичине үч кишинин этин ташып
бир заматтын ортосунда үч жүз сом акча таап алды. Автовокзалдан Ош базарына чейин
эки кишинин жүгүн ташыды. Анын бирөө майда акча калбаганын айтып 200 сомун
бере койду. Арадан бир саат өтүп өтпөй дагы жүз сом таап, эрте эле үйүн көздөй
жөнөдү. Жуунуп-тазаланып, чекчээ кийинип эми жолугар бекем деген ой менен көчөгө
чыкты. Тандап жүрүп кымбаттыгына карабай бир букет гүл сатып алып, кыз айткан
мектептин астында турду. Гүл кармап корооздонуп турган баланы көрө калышкан
кыздар, шыңк этип күлүшүп жанынан басып өтүшөт. Карачы эрте келип алганын.
Балдар мектептен чуулдап чыга баштады, Топураган балдар, кыздар дал түбүнөн
өтүп, адам көрбөй калгансып таңдана карап калышат.
Жарым сааттай убакыт өттү. Эми мектептин алдынан бирин серин гана
окуучулар чыгып калды. Кыз дале жок. Кубандыктын кабагы карыш түшүп, катуу
ызаланып турду. «Эмнеге аны күтөм? Анчалык ал ким экен? деген ой башына келип
кетүүгө камынды. Ошол учурда экинчи этаждагы ачык айнектен:
– Кубандык-ык! Токтой тур. Мен баратам,– деген кыздын үнүн укту. Негедир
жүрөгү жарыла жаздап сүйүнүп кетти.
– Мени көпкө күттүңбү? – деди кыз. Кубандыкка жакындай бергенде.
– Ооба. Эч нерсе эмес. Кечке чейин болсо да күтмөкмүн. Келгениң жакшы
болду. Эмесе бул гүлдү ыргытууга аргасыз болот элем да. Сага арнагам. Ме, алагой. –
Ой-и-и-й укмуш гүл го. Мындай белекке арналган гүлдү биринчи алышым. Чо-оң
рахмат! Барарым менен вазага салып коем. Көргөн сайын сени эстеп жүрөм.
– Ошо эстей, элестей жүрсүн деп алып келдим да. Экөө катарлаша басып
аялдамага келишти. Кубандыктын түк жанынан чыккысы келбей турганын кыз
түшүндү. Бирок кыз ачка эле. Аны кантип айтат. Кыз намысы бардык нерседен кымбат
эмеспи.
– Макул десең жакын жерде ашкана бар. Тамагы да даамдуу,– деди Кубандык
Нурдун колтугунан кармап.
– Кетейинчи, үйдөгүлөр күтүп калат,– деди Нур кетенчиктеп. Ага Кубандык
болбой, акыры ашкана жакка алып жөнөдү.Чынтемир Аскаров Атаман уурулардын тагдыры
9
Экөө андан ары сейилдеп Алатоо аянтынын тегерегиндеги фонтандардын бирин
да койбой кыдырышты. Кыздын сулуулугу, адамга өтө ынак мамилеси Кубандыкты
мында да таң калтырды. Жүзүнө, жакасы ачык көйнөгүнүн чекесинен баш багып турган
«эки алмасына», сүттөй аппак балтырларына азыр да кызыга карап келатты. Айтоор
кароодон тоер эмес. Кечке чейин болсо алып жүргүсү келди Нурду. Бирок Нурдун ата-
энеси урушаарын сезип ичинен аяды.
– Кетесиңби Нур?
– Бая эле кетким келген. Сен таарынып калабы деп жүрүм. Атамдын жини
кайнап жаткандыр. Анын үстүнө кечээ сени классташым деп көрсөтө салганымды кара.
– Айтпай эле койсоң болмок. Азыртан жигит жандаса кийин эмне деген адам
болот деп ойлошу мүмкүн.
– Ооба да. Эми руксат бер, кетейин. Экөө кол алышып коштошушту.
Бул күн да укмуштуудай сонун күн болду. Чалдар бейишти укмуштуудай
жыргал жашоо деп тигил дүйнөдөгү жашоо жөнүндө сөз кылышат. Тирүүңдө көрбөгөн
бейишти өлгөндөн кийин эмне кереги бар? Мына менин бүгүнкү күнүм бейиш эмей
эмне? Төбөмдөн акча куюлуп, чалкалап жатып жеп ичкен эле бейишпи? Жок, ой
максаттарым орундалып, көңүлүм куунак, кайгы капасыз, эл катары жашаганым
бейиш. Мен ошондой турмушту куруп алышым керек деп ойлонду Кубандык.
Эртеси баягы эле көйгөй башталды. Кыжы-кыйма базардан бир жеринен экинчи
жерине жүк ташып, түшкө маал чарчап, тачкасынын жанына отура кетти. Чылымын
тартып, үч, төрт күндөн бери Нурду тосуп чыкпаганына капалана түштү. Бирок бүгүн
көбүрөөк акча таап алсам, эртең сөзсүз барам деп ойлонду.
Жаңы эле ордунан туруп тачкага колу жеткенде, ары жактан Нур көрүнүп
калды. Шөлбүрөгөн, кир кийимдери менен тургандыктан кыздан жүзүн жашырып,
тачканы таштай базардан чыгып кетти. «Тачка болбой жерге кирсин» деп жерге бир
түкүрүнүп алды да, таза кийимдерин кийинип кайра базарга келди. Тачкасын өз ордуна
коюп базарды түрө кыдырган менен кызды көрө албады. «Жок, бул иш мага ылайык
болбой калды,– деди ичинен,– башка жерге иштешим керек. Бирок кантип, кайдан
табам? Вот мендеги проблема.
Эртеси дагы гүл алып мектептин астынан кызды тосту. Чыгар маалын жакшы
билип калыптыр. Талдын далдаасында туруп, ал келатканда чыга калды. Нур жадырап
жайнап анын жанына келди. Гүлдү колуна тапшырып:
– Көптөн бери кол бошобой калып келе албай калдым, кечир,– деп күнөөлүүдөй
башын шылкыйтты.
– Бул гүлдү бекер алгансың,– деди Нур,– бая күнкү берген гүлүң соолубай ошо
бойдон турат. Бул ашыкча го.
– Мейли ашык боло берсин. Мен сага жакшы жерде иштейм дебедим беле. Гүл
мага кеп эмес. Бул гана эмес. Сен экөөбүз кафеден тамактанайлы деп келбедимби,–
деди.
– Жөн эле акчаны корото бербечи Кубантай. Андан көрө жөн эле сүйлөшүп,
бирге басканыбыз артык. Кубандык ага болгон жок. Нурду акыры макулдатып кафеге
киргизип кымбат баа тамактардан алып келип астына койду. Нур, «жапжаш болуп
туруп мынча акчаларды кайдан табар экен» деп ойлоду. Бул күнү бир сааттай бирге
басып жүрүшүп бат эле коштошушту.
Күндөр өтө берди. Кубандык түшкө чейин иштейт да түштөн кийин ишин
токтотуп коет. Алтынчы жана базар күндөрү Нур базарга келип калабы деп такыр
иштебейт.Бирок күндө Нурду тосуп чыгып, эки аялдамага чейин жеткирип, автобускаЧынтемир Аскаров Атаман уурулардын тагдыры
10
түшүрөт да, өзү калып калат. Экөө тең бул кандай ысык сезим экенине түшүнүшпөй
бири биринин көңүлүн калтырбай жүргөнү жүргөн. Нур класстагы окуяларды айтып
берсе, Кубандык оюнан бир нерселерди чыгарып Нурду күлдүрүү менен убара. Нур
Кубандыктын айткандарын көңүл коюп угуп «Чын элеби?» дей берет. «Чын, мага
ишенбейсиңби, көргөндөрүмдү айтып жатпаймынбы» деп ишендире кетет. Кечээги
айткандарын бүгүн кайталабай, улам жаңы, улам кызыктуу окуяларды айта кетет.
– Бир күнү Ош базарына такси менен баратсам жолдон бир аксакал киши түшүп
калды. Таксис машинаны ушунчалык ылдам айдайт дейсиң светофорго келгенде
дөңгөлөктү чыйылдатып жатып зорго токтотту. Муну көрүп отурган аксакал киши:
– Балам, жай айдасаң боло,– десе тигил шофер:
– Коркпоңуз аксакал, жай эле айдап баратам,– деген. Ошонун ортосунда
светофорго жете келип шофер негедир алаңдап, тормозун катуу басып калды. Машина
алдыдагы МАЗды сүзө жаздап токтоп, аксакал жактагы эшик ачылып кетти. Чал
асфальтка катуу түшүп, эки үч ирет оодарылып барып жатып калды. Чал өлүп калдыбы
деп баарыбыздын көздөрүбүз алайып кетти. Шофер биринчи жетип, көмкөрөсүнөн
жаткан чалды оодарып бетине суу чачты. Чал эс учун жыйнап, шоферду карап калды.
Шофердун жаны чыгып титирейт. «Кечир ата, кечир!» деп жалдырап жатса, чал
ордунан турду да шоферду өпкүлөй кетти.
– Сенин машинаңдан, сенен айланайын, мына жүз сом, алагой. Ыраса кылган
турбайсыңбы, укпай жүргөн кулагым шаңкайып ачылып калды,– десе аң-таң болуп
калыптырбыз. Анан сен да жолдуу бала экенсиң деп мага элүү сом бере салды.
– Байкуш чалдын элүү сомун албай эле койбойсуңбу,– деди Нур.
– Болбой койсо эмне кылам. Алдым да Ош базарында дайыма ырдап отурган
сокур кишини билесиң го, ошонун колуна карматсам.
– Оу бул чоң акча го,– деп сүйүнгөнүн айтпа.
– Абдан туура кылгансың. Кайрымдуу, боорукер болуу кандай жакшы,– деди
Нур.
– Ошол эле күнү дагы бир окуя болду. Айтып берейинби. Тажаган жоксуңбу? –
деди Кубандык.
– Эмнеге тажайын, айтсаң.
– Ош базарында кыдырып жүрсөм эки бала мушташайын деп жакалашып
туруптур. Мен судья боло калдым.
– Менин бетимдеги сыстоок жараны көрүп турасыңбы,– деди биринчиси,– бетке
тийбейсиң.
– Мен сыстооктон кур дейсиңби,– деп экинчиси желкесин көрсөттү,– бирөө эмес
үчөө. Сен да жарага тийбейсиң.
Экөө мушташып жатыр, мушташып жатыр, жара да эстеринен чыгып кетти.
Бирөө беттеги сыстоокту жара койсо мен сенден каламынбы деп тигиниси
желкесиндеги жараны мыжып салды. Жарага колдору тийген сайын жандары
көздөрүнө көрүнүп чыңырганын айтпа. Акыры экөө тең чарчап да, кыйналып да калган
окшойт ары жакка барып сууга жуунушуп отуруп калышты. Бирин бири карашып
ачууланышпай эле каткырып күлүп жатат. Көрсө сыстоок жараларын мушташканда
жарып салып ириңдерин кетирип тыштаптыр. Жарадан кутулуп каткырып күлгөндөрү
ошондон экен.
– Койчу, ушу кантип чын болсун,– дейт Нур
Уландысы бар....
Урматтуу окурмандар ушул чыгарманы окугансыздарбы?арабыздагы окурман агабыздын суранычы менен кайталанып чыгууда... кызыктуу болсо комментарий жазып класс басып колдоп кетиңиздер...


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 15
3тон кн эле 7 өтүп кеттиби
Админге да терен ыраазычылык.
Эки дуйнонун бактылуулугун коргуло, уй булоолук бакыт каалайм.
Калеминердин сыясы очпосун.