Аллах Таала айтты:ٌ
«Биз Лукманга даанышмандык бердик (жана): «Аллахка шүгүр кыл! (деп айттык). Эгерде ким шүгүр кылса, анда албетте, ал өзү үчүн шүгүр кылат. Ал эми ким шүгүр кылбаса, анда албетте Аллах (ал нерселерден) Беймуктаж, Мактоого татыктуу».
(Лукман сүрөөсү, 12-аят)
Дээрлик аалымдардын көпчүлүгү "Лукманды пайгамбар эмес, даанышман салих адам болгон" деп айтышкан. Ибну Аббас, радыяллаху анху, айтат: «Лукман эфиопиялык жыгач уста кул болгон».
Мужахид, рахимахуллах, айтат: «Лукман салих кул адам болгон, бирок Пайгамбар болгон эмес».
Бул кабарлар жана башка дагы кабарларда Лукмандын пайгамбар эместиги ачык-айкын айтылган. Ошондой эле бул кабарларда анын кул адам болгону айтылат. Аллах таала пайгамбарлыкты кул адамдарга берген эмес.
Ал эми кыргыздарда Лукманды "Улукман" деген ат менен да кездештиребиз.
Аллах таала айтты: «Биз Лукманга даанышмандык бердик».
(Лукман сүрөөсү, 12-аят)
Аллах таала даанышмандыкты Өзү каалаган адамына гана берет. Аллах таала айтты:
«(Аллах) каалаган пендесине даанышмандык берет. Кимге даанышмандык берилген болсо, анда ага көптөгөн жакшылыктар берилиптир».
(Бакара сүрөөсү, 269-аят)
Аллах таала Лукманды даанышман пенделеринен кылуусу ал үчүн улуу урмат. Анын аты жана даанышмандыгы Кыяматка чейин Куранда окула берет. Аллах анын байлыгын, улутун жана эл арасындагы кадыр-баркын айтып баяндаган жок, бирок Аллах таала бизге анын даанышмандыгын айтып баяндады. Анткени адамдар даанышмандык менен гана Аллахтын алдында бири-биринен менен айырмаланып турушат. Аллах таала айтты:
«Аллах силердин араңардагы ыймандуулар менен илимдүүлөрдү бийик даражаларга көтөрүп коёт».
Илимдүүлөр — алар Аллахтын алдында даражасы бийик адамдар жана башка адамдардын арасында урматтуу адамдар. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан:
«Аллах кимге жакшылык кааласа, анда аны динди түшүнүүчүлөрдөн кылып коёт».
(Сахих Бухари, 71)
Мусулман бир тууган! Аллах таала Өзү каалаганына илим берет. Бирок илим алууга өзүң аракет кылышың керек. Үйдө отуруп алып эле "мага качан Аллах илим берет?" деп отура бербе. Сахабалардын жана аалымдардын өмүр баяндарына карап көрсөк, анда алар илим алуу үчүн канчалык аракеттерди кылгандары белгилүү. Алардын кээ бирлери бир хадис үйрөнүш үчүн айлап-жылдап сапар кылып, жол жүрүшкөн. Аллахка шүгүр! Азыр илим алуунун жолдору өтө жеңил. Окуу жайлар өтө көп, ал жактан илим алса болот. Же болбосо китептер, макалалар, дисктер, ошондой эле интернетте илим үйрөткөн сайттар бар. Эч болбоду дегенде ар бирибизде телефон бар, мына ушуларды колдонуу менен да илим алса болот. Азыркы заманда илим алуу өтө жеңил болуп калды, жада калса алдыбызга илим өзү келет, бирок ошону да көптөгөн адамдар окубай, үйрөнбөй жүрүшөт. Аллах берген бул жакшылыктар үчүн биз сөзсүз суралабыз.
Лукманга даанышмандык берилгенин билдик. Ал эми даанышмандыкты биз да үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгүбүз барбы? Албетте бар. Аллах таала бул үммөткө жакшылык кылып Өз Пайгамбарын жөнөттү. Ал бизге Куранды жана даанышмандыкты үйрөтүп кетти. Аллах таала айтты:ٍ
«Чындыгында, Аллах момундарга чоң жакшылык кылды. Анткени өздөрүнүн арасынан, аларга Аллахтын аяттарын окуп бере турган, аларды (күнөөлөрдөн) тазалай турган жана Китеп менен даанышмандыкты үйрөтө турган Элчини жиберди. Алар мындан мурун анык адашууда болушкан».
(Алу Имран сүрөөсү, 164-аят)
Курандан кийин даанышмандыкты үйрөтө турган Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа салламдын сүннөтү. Кимде-ким Куран-сүннөттү үйрөнүп, ага ой жүгүртүп, Куран менен сүннөттө келген өкүм буйруктарды жана даанышмандыкты иш жүзүндө аткарып жана башкаларга даават кылса, анда ал даанышмандыкка жеткен болот.
Аллах Лукмандын даанышмандыгын бир эле сүрөөдө айткан. Ал эми бизге болсо толук Куран менен сүннөттү берди. Бул эң чоң жакшылык жана эң улуу пазилет.
Аллах таала айтты: «Биз Лукманга даанышмандык бердик».
Аяттагы «...бердик» деген сөздүн мааниси, илимди жана даанышмандыкты Аллах таала гана берет. Ошондуктан аалымдар жана илим алып жүргөндөр ар дайым бул пазилетти өзүнөн эмес Аллахтан деп билүүлөрү жана айтуулары керек. Аллах каалаганына гана илим үйрөтөт. Аллах таала айтты:َ
«Аллах силерди энеңердин курсагынан чыгарды. Силер (ал кезде) эч нерсе билбейт элеңер. Анан силерге кулак, көз жана жүрөктөрдү берди. Балким, шүгүр кылаарсыңар?!»
(Нахл сүрөөсү, 78-аят)
Аллах таала башка бир аятта Пайгамбарына мындай деп айткан:
«Аллах сага Китепти жана даанышмандыкты түшүрдү. Ошондой эле билбеген нерселериңди үйрөттү. Аллахтын сага (берген) пазилети улук».
(Ниса сүрөөсү, 113-аят)
Өз күчүм менен акылым менен илим алдым деп айтууга болбойт.
Илимди өзүм алдым деген Каарундун сөзүн Аллах таала мындай деп баяндайт:
«(Каарун) айтты: «Бул (байлыктар) өзүмдүн илимим себептүү берилген». (Касас сүрөөсү, 78-аят)
Мындай кылуу илимдин унутулушуна жана берекенин кетишине себеп болот.
Аллах таала айтты:
«Аллахка шүгүр кыл!».
(Лукман сүрөөсү, 12-аят)
Аллах таала Лукманды бул жакшылык үчүн шүгүр кылышка буйруду. Ошондой эле ар бир адам ага келген бардык жакшылык Аллахтан экенин билүүсү керек. "Мен илим талап кылдым, илим алыш үчүн алыска бардым, Куранды мен жаттадым" деп айтпасын. Ага келген жакшылыктардын баарысы Аллахтан экенин билсин. Аллах таала айтты:ٌ
«(Эй, Мухаммад, сен аларга) айткын: «Чындыгында, пазилет Аллахтын колунда. Аны Өзү каалаган адамдарга берет».
(Аалу Имран сүрөөсү, 73-аят)
Юсуф пайгамбар абактагы эки жолдошуна айткандай айтуу керек. Ал жөнүндө Аллах таала айтат:
«Бул – мага Раббим үйрөткөн касиет». (Юсуф сүрөөсү, 37-аят)
Аллах таала башка аятта айтат:ٌ
«Аллахтан корккула! Аллах силерге үйрөтөт».
(Бакара сүрөөсү 282-аят)
Аллахтан коркуп, такыба болуу илимдин жугушунун себептеринен. Мына ошондуктан өзүнө-өзү суктануудан жана бирөөгө көрүнүш үчүн кылгандан сак болуш керек. Булар илимдин кабыл болбошуна себеп болгон иштер. Ал эми адам алган илими үчүн Аллахка шүгүр кылса, ал илиминин көбөйүшүнө жана берекелүү болушуна себеп болот. Аллах таала айтты:
«Эгер (Менин нээматыма) шүгүр кылсаңар, анда силерге(нээматты) сөзсүз көбөйтөмүн. Ал эми шүгүр кылбасаңар (билип койгула), чынында Менин азабым катаал».
(Ибрахим сүрөөсү, 7-аят)
ИЛИМ НЭЭМАТЫНА ШҮГҮР КЫЛУУ ТӨМӨНКҮ ИШ-АРАКЕТТЕР МЕНЕН БОЛОТ
1. Жүрөк менен шүгүр кылуу
Аллахтын пазилетин, Аллахка болгон муктаждыгын жана кедейлигин сезүү. Анткени энебиздин ичинен эч нерсе билбей чыкканбыз. Андан кийин Аллах бизге көптөгөн нерселерди үйрөттү. Аллах таала айтты:
«Ырайымдуу Зат. Куранды үйрөттү, инсанды жаратты, (жана) ага сөздү үйрөттү».
(Рахман сүрөөсү, 1-4-аяттар)
2. Тил менен шүгүр кылуу
Дайыма "Аллах үйрөттү, Куранды жаттоом Аллахтын пазилети" деген сымал сөздөрдү айтып жүрүү керек. Аллах таала Юсуф, алейхи салам, жөнүндө мындай деген:
«Бул – мага Раббим үйрөткөн касиет». (Юсуф сүрөөсү, 37-аят)
Бирок ушуларды айтып жатып өзүн мактоодон этият болуш керек. Өзүн мактоо ниетинде айтса, анда риякерлик болуп калат.
3. Үйрөнгөн илимин башкаларга үйрөтүү жана илиминин негизинде даават кылуу.
Мына ушинтип шүгүр кылса, адамга эки дүйнөдө тең пайдасы тийет. Бул дүйнөдө илими көбөйөт, жакшы иштерди кылуусу жеңил болот, ошондой эле Аллахка жакын болуп, динде бекем болот. Ал эми Акыретте болсо көптөгөн соопторго ээ болот.
▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁
ИсламОнлайнKG


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3