Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

11 апр 2025

КАНТ ДИАБЕТИНЕ ПАЙДАЛУУ ДАРЫ ЧӨПТӨР

Кайсыл ооруга чалдыкпаңыз ал дарт сөзсүз бир канча органдарыбызды жабыркатат. Ага ичкен дарыларыбыз да кошумча… Сиздин корооңузда өсүп турган бир эле чөп, бир канча ооруңузга дабаа болуусу мүмкүн. Элдик дарыгер Ташбү Каразакова кант диабети жөнүндө айтып берет.
Кант диабетинин негизги белгилери
Кандын курамында канттын көлөмү жогорулап кеткен учурда бейтап дарыгердин көзөмөлүндө болбосо ал адам эң биринчи жүрөктөн инфаркт алат, экинчиден, эки бөйрөк иштебей акырында заара чыгара албай калууга жетет. Эгер жеңилирээк формасы болсо кол, буттун оорушу, көздүн начарлашы башталат. Мындан сырткары уйку без, боор органдары да жабыркайт.
Кант диабетинин башталышы панкреатит оорусу. Панкреатитке чалдыккандан баштап майлуу, куурулган, камыр тамактардан баш тартып, жеңил тамактанууга өтүү зарыл. Көп кыймылдап, жашылча-жемиштерди көп жеш керек.
Ооруга чалдыккандардын көбү маани бербеген нерселер
Диабетиктер бутун кыскан бут кийим кийүүсү туура эмес. Сөзсүз түрдө бут кийим кенен жана жалпак тамандуу болуусу керек.
Бир жерин кесип алуудан сактануусу зарыл. Диабетиктердин кесилген жери сакаюусу кыйынга турат. Эгер кесип алган болсо чырмооктун жалбырагын же бака жалбыракты жанчып ошол жерге басуу керек. Эгер кыш мезгили болсо алоэни кесип былжыр жерин басыңыз. Ушул чөптөр кесилген жердин бат бүтүшүнө жардам берет.
Алакан менен буттун таманын бат-бат укалап тургула. Себеби ички органдардын негизги точкалары таман менен алаканда болот. Алакан менен таманды укалаган сайын ички органдын иштөө функциясы жакшырат.
Диетаны катуу кармашы керек. Майлуу, куурулган, камыр тамактардан, таттуулардан жана коон, жүзүм жегенден баш тарткан оң. Буларды жеген сайын кандын курамында канттын көлөмү көбөйө берет. Канттын деңгээлин түшүрүүчү дарыларды көп ичпестен, канттын деңгээлин көтөрбөй турган тамактарды көп жеш керек. Ачууга алдырбай, капа болгонго жол бербегиле. Нервди сактап, тынч жашоого аракет кылуу зарыл.
Тамак рациону
Диабетиктер күнүнө аз-аздан 5-6 жолу тамактанып туруусу керек.
Малина, кулпунай көп жегиле. Составында инсулин бар.
Топинамбурдун 2 даанасын алып чийки түрүндө салат кылып жесе, уйку бездин иштөө функциясын жакшыртат.
Гречканы сууга бышырып, айран кошуп ичсе, боордун, уйку бездин ишин алдыга жылдырып турат.
Кандагыканттынөлчөмүннормагакелтирүүүчүнтөмөнкүчөптөрдүколдонуңуз
Кант диабетине чалдыккан адамдын каны коюлуп, кан айлануу, тамак сиңирүү системи начарлайт. Мындай абалда бейтап бат-баттан суусай берет. Кайра-кайра суу иче бергендин ордуна канттын деңгээлин нормага алып келүүчү дары чөптөрдүн чайын ичсе көп жактан пайда алып келет.
Чалкандын же малинанын жалбырагын таза жууп, көлөкөгө кургатып, пахтадан жасалган материалга сактап, 2 аш кашык майдаланган жалбыракты 200 грамм сууга демдеп ичсе суусаганы азаят.
Ак төө буурчактан (фасоль) 3-4 даана алып, жууп, үстүнө 100 грамм суу куюп, бетин жаап коесуз. Эртең менен фасолду жеп суусун ичип алыңыз.
10 күн-1 даана чийки жумуртканы жарып, ага бир даана лимондун ширесин аралаштырып ичүү керек.
1 жылда 1 жолу 17 күн 4-5 пиязды туурап 1литр банкага салып үстүнө кайнатылып муздатылган сууну куят. Аны тамакка чейин 20 мүнөт мурун 1 күндө 3 маал 70 граммдан ичет.
15 -20 даана жаңгактын дан тосмолорун 200 грамм сууга акырын отто кайнатып, 1 күндө 3 бөлүккө бөлүп 10 күн ичиңиз.
Мандариндин кабыгын чай кылып, сулунун суусун, ышкындын түбүн кайнатып ичүү керек.
Тыттын жалбырагын, бака жалбыракты, койчу баштыкты кургатып, ар биринен бирдей өлчөмдө алып сууга акырын отто кайнатып, тамакка чейин 1 күндө 3 маал 50 граммдан ичет.
Диабетиктерөмүрбоюичипжүрүүчүчөптөр
Уй беденин гүлү кан тамырлардын ичиндеги холестеринди тазалайт. Эритроцит менен гемоглобинди нормада сактап турат. Бул чөптү чай ордуна колдонуп 7 ай калтырбай ичип 5 ай тыныгуу жасаш керек. Кийинки жылы дагы 7 ай ичип 5 ай тыныгуу жасайт. Ошентип бул процессти жыл сайын кайталап турат.
Эрменди бир жылда 4 ай 10 күн ичип 10 күн эс алдырып турат. Эрменди ичкенден кийин 4 ай 15 күн ичип 10 күн эс алдырып чатыраш чөбүнүн процессин баштоо керек. Бул эки чөп боорду жакшы сактайт. Бөйрөктүн ооруга чалдыгып калышынын алдын алат. Диабетиктердин ичи өтө берет же катып калат. Ошол жагдайды нормага келтирип турат. Тамак сиңирүү системасына катышкан органдардын баарынын иштөө функцияларын нормалдаштырып турат. Иммунитетти жогорулатып, бруцеллез, кургак учук, сарык ооруларынын алдын алат.
Даярдоо:
Бир литрлик банкага бир чымчым эрменди салып, үстүнө кайнатылып, бир аз табы кайткан сууну куйсак көк чайдай болуп өңү чыгат. Тамакка чейин 100 граммдан ичип туруу керек.
Ал эми чатырашты бир чымчымдан көбүрөөк алып бир литр сууга салып акырын отто, идиштин капкагын ачпай дымдап кайнатабыз. Суюктуктун өңү кара чайдай кочкул кызыл болуп чыгат. Муну тамактан кийин 200 граммдан 3 маал ичүү керек.
Диабетиктер ушул үч чөптү диета кармоо менен бирге калтырбай ичип турса канттын нормасы калыбында болуп, суусабай, көрүүсү, эске тутуму жакшырып, иммунитети көтөрүлүп, дени сак жүрө беришет. Бул чөптөрдүн башка органдарга эч кандай зыяны жок.
Урматтуу окурмандар, сиздерге элдик дарыгерден пайдалуу кеңештерди бердик. Бул чөптөрдү колдонууда эринбей дарыгердин өзүнөн дагы бир ирет кеңеш алып коюшуңуздарды суранабыз.
#ПайдалууКеңештер.

КАНТ ДИАБЕТИНЕ ПАЙДАЛУУ ДАРЫ ЧӨПТӨР  - 986899150165

Комментарии 2

Марат Маматжанов
Марат Маматжанов
👍
11 апр 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Динара Тажиева
    Динара Тажиева
    👍👍👍
    12 апр 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Смотрите любимое новогоднее кино в ОК!
    Собрали лучшее для вас 🧡
    Выбрать фильм
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 26 989Фото 21 913Видео 1 630Участники 39 049
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 26 989
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться