-Айланайын кызым, балам менен байланыштырып койчу.
Улам келип, ден соолугун сурап, төшөк-жуурканын кымтылай жапкан медайым келинге,карыя суроолуу карады. Көздөрү жашылдана,муңайым тиктеп, дем алуусу оорлоп, сүйлөгөн сөздөрү да даана угулбай, үнү каргылданып калган.
-Ии ата, азыр, телефонумду алып келе калайын.
Медайым шыпылдай басып, сыртка чыгып кетти.
-Менде уулумдун номуру да жок эле.... Силерде болсо керек, ээ?
Карыя, чыгып кеткен медайымдын артынан кыйкырымыш этти. Оор дем ала күрсүнүп алды. “Кудурети күчтүү Кудай! Жанымды кыйнабай, алчу болсоң эртерээк алып кетчи,”- деди ичинен: “Мени сагынып, эстей турган деле эч ким жок. Өлсөм, ыйлаганга деле жан чыкпайт го! Сөөгүм айылыма жетээр бекен?!” Тиштери түшүп, кемшейип калган ээгин бүлкүлдөтүп, ый аралаш үшкүрүп алды.
-Ии ата, азыр, телефонумду алып келе калайын.
Медайым шыпылдай басып, сыртка чыгып кетти.
-Менде уулумдун номуру да жок эле.... Силерде болсо керек, ээ?
Карыя, чыгып кеткен медайымдын артынан кыйкырымыш этти. Оор дем ала күрсүнүп алды. “Кудурети күчтүү Кудай! Жанымды кыйнабай, алчу болсоң эртерээк алып кетчи,”- деди ичинен: “Мени сагынып, эстей турган деле эч ким жок. Өлсөм, ыйлаганга деле жан чыкпайт го! Сөөгүм айылыма жетээр бекен?!” Тиштери түшүп, кемшейип калган ээгин бүлкүлдөтүп, ый аралаш үшкүрүп алды.
-Ата, телефонду алып келдим, чала берейинби?
Медайымдын кирип келип, жанында турганын байкабаган карыя, нымдалышкан көзүн калчылдаган колдору менен аарчый, “мейли”-дегендей карады.
-Номурун билесиң да,ээ?-деди,күнөөлүү кишидей.
-Ооба,ата. Мына номерин терип койдум, гудок кетип жатат,- деп, телефонду карыянын кулагына жакындатты.
Телефонду үмүттүү тыңшаган карыя:
-Кызым, эч ким жооп бербейт го... Убара кылып койдум окшойт... Рахмат, айланайын... - деп, көкүрөгүндөгү ыйын жашыра, акырын гана кобурады.
-Анда, ананыраак дагы чалып көрөйүн. Мүмкүн өзү деле чалып калгысы бардыр. Телефонумдун номери түштү да,- деди, медайым.
-Мейли, кызым... Ал кургур дагы...
Сөзүнүн аягына чыкпай, дубал тиктеди. Эмне себеп менен, кандайча бул абышканын карылар үйүнө түшүп калганынан кабардар медайым, боор ооруй улуттунуп, сыртка чыгып кетти.
ХХХХХХХХХХХХХХ
Кемпиринин сөөгүн жаңы эле ээсине тапшырып, кайгынын чеңгелинен чыга албай турган кезинде, уулу атасына мындай сунуш менен кайрылган.
-Ата,- деген ал: - Бул үйдө жалгыз калмак белең?! Биз менен шаарга бар, чогуу-чаран жашай беребиз. Бул үйдү болсо, саталы. Эми бул айылда кала турган ким бар эле? Акчасын мен бир керекке жаратам...
-Эмнени дөөрүп турасың?- деген карыя: - Сен менен кошулуп батирлеп жүрөйүнбү?! Өз үйүң болсо да... А бул үйдү сатпайм-этпейм. Канча жылдап ушул үйдө жашадык. Апаң экөөбүздүн өмүрүбүз айылда эле өтпөдүбү. Өсөөрүм калган жок, өлөөрүм калды... Ушул жерде эле жашайм. Азыр болбосо, кийин карыганыңда айылга кайтаарсың?
-Эми ата, үйдү сатпасаң мейли. Бирок, жалгыз кантип оокат кыласың? Ана, кызың да кетет күйөөсүн ээрчип... Жакын жерде болсо бир жөн. Ата-бабаң тааныбаган жерде жүрөт, эптеп оокатын кылып... Же эмне, алар менен кеткиң барбы?!
-Эч кимиң менен кетпейм-этпейм, - деди корсулдап, сүрдүү сүйлөп: - Апаңдын тирүүсүндө кызыңды бизге бер десек, караманча көнбөй койдуң эле. Эми, ойлонуп көрөөрсүң... Мага анчалык эле жаның ооруп турса, неберемди калтырып кет. Экөөбүз сонун эле оокат кылабыз...
-Ата, кызык экенсиң! Шаардагы мектебин таштап, ушул караңгы айылыңарга келсинби?!
-Аай бала! Караңгы деп... Сен кайдан чыктың эле?! Ушул жерде төрөлүп-өсүп, ушул жерден билим алып... Туулган жерден айлангыр десе! Уу, атаңдын оозун урайындын баласы! Эми эле кыйын болуп кеттиңби? Же, эмне, шаарда жашасаң эле билимдүү, илимдүү болуп калдыңбы?! Ана, уулуң деле ушул жерде өсүп-чоңоюп, билим алып, чет өлкөңдө жүрөт го! Алыска жибербей эле кой дегенге көнбөй коюп... Чоң энесине да топурак салганга жарабай калды...
-Кандай, жарабай калды? Укпаса... Айтпасак, кантип билмек эле?!
-Укпаса деп... Кабар айттырбасаң билбейт да!
-Ал келгенде эле эмне, апам тириле калмак беле. Ишине тоскоол болмоюн дебедикпи...
-Ишине деп... Бул жерде эле иштесе болбойт беле?! Же ал жакта бирөө колуна акча салып берип жатыптырбы? ! Акчанын аркасынан томолонуп жүрсөңөр да жарыбай койдуңар! Жашың кыркка келсе да, бир чычкак улагың жок, атаңдын оозун урайын... Мен өлсөм, союш алганга жарыбай куурайсың го?!
-Э-эй, болдучу ата, каяктагынын баарын козгойсуң да турасың! Айылыңан кеткиң келбейби, кала бер! Өзүңө өзүң союш даярдай берээрсиң! Неберемди калтырат экен деп үмүт кылбай эле кой. Эч кандай калтырбайм. Же биз менен кетесиң... Же жалгыз сокуюп отура бер...
Ошону менен сөз бүткөн. Айласы жоктон уулун ээрчип шаарга келе берген. Ошондон кийин айылына бир да каттай алган жок. Чогуу жашагандан кийин билген уулунун кандай адам болгонун. Келининин ким экенин... “Суроо-сопкуту жок, айылдагы үйдү сатып жибериптир, куураган бала... Анын акчасын керекке жаратса да мейли эле...Ээгине ата сакалы өссө да, мээсине акыл кирген эмес экен да?! Кумар деген балекет, акыл-эсин, тулку боюн, жүрөгүнөн бери ээлеп алган турбайбы! ”
Карыя уулун ойлой сай-сөөгү сыздады. Кемпирин эстей: “Мени таштап кетип калбадыңбы. .. Ала кетсең эмне... Өмүр бою бирге болдук эле...Өлсөк да чогуу болобуз дечү элем... Түбү түшкөн дүнүйө ай!”- деп, буулуккан тамагын оңдой, кызыл өңгөчүн тарта оор дем алып койду.
Жашап өткөн өмүрүн көз алдына элестете, дубал тиктеген боюнча ойлуу жатты...
ХХХХХХХХХХХХХХХХ
-Колхозбек! Кайдасың? Жүрү талаага... Биз барганча эч нерсе калбай калат.
Курсагына кичине эле ысык тамак кирсе, бүт дүйнөнү унута, көңүлү көтөрүлүп ойноп кетет Колхозбек. Апасынын үнүн угаар замат тызылдап жүгүрүп келип, апасынын бутунан кучактай калды. -Апа, бүгүн дагы машак теребизби?- деди тултуңдай.
-Тербегендечи. .. Антпесек, ачка калбайбызбы. Бас, эркелей бербей. Сен эми, чоң жигит болбодуңбу.
Ичинен согушка наалат айта, жүрөгү ооруп турганын билгизбей, уулун эркелете сүйлөп, чачынан сылап койду.
-Апа, мен чоңойгондо сизди талаага жибербейм. Өзүм эле, машак көөп терип келем... Үйдө наныбыз көөп болот ээ? - деп, жолдо катар апасынын колунан коё бербей, божурап бара жатты: - Атам да келет... Апа, атам кандай?.. Мен аны тааныбайм да ээ?.. Мен аны ата дейм да ээ? Эркелеп,ата мээримин көрбөсө да, көөдөнү көксөп, балалык кыялында атасынын бар экенине сыймыктанат.
Атасын Колхозбек элестете албай калган. Жаңы эле там-туң басып, кызыгы чыгып турган маалда, согуш башталып, атасы биринчи чакырык менен согушка аттанган. Жапжаш, күлгүндөй жигиттер биринен сала бири жоого каршы аттанып, күн алыс айыл элдерине “кара кагаз” келип турган кез. “Баланча курман болуптур,”- деген сөз чагылгандай тез тарайт. Майданда жүргөндөрдөн кат-кабар күтүп, почточуну үмүттүү карашат. Майып болуп келгендерди бардыгы кубана тосуп алышат.
“Майып болсо да, багы бар экен, эл-жерине аман келди,”- дешет сүйүнүшүп. Андай үй-бүлөлөр аз гана санда...
Терген машактарын үйгө алып келишет да, тазалап, сапырып, кол тегирменге салышат. Кичинекей кол баштыкка салып илип коёт. Андан нан жасайт, апасы. Баштыктагы талкандан апасына көрсөтпөй, сугуна жечү Колхозбек. Тегерегин жал-жал карап, батыраак жутуп жиберүүгө ашыкчу. Апасы көрүп калса уруш угаарын билет. Кээде апасы ыйлайт. “Талкан жеп койсом эле ыйлай берет,”- деп ойлойт, Колхозбек. Апасынын талканга эмес, бул жашоого таарынып, согушка наалат айтып, күйөөсүн сагынып ыйлап турганын кайдан билет.
-Ыйлабаңызчы, апа. Экинчи талкан уурдабайм, - дейт апасынын бетинен сылай, күнөөлүү башын жерге салып...
ХХХХХХХХХХ
Күрс-күрс жөтөлүп, төркү бөлмөдө жаткан энесине чай жуткузуп, Жийде оозгу бөлмөгө жаңы эле чыккан.Көздөрү жайнап, беттери тамылжый кошуна келин кирип келди.
-Жийде, - деди шыбырай: - Сен уктуңбу?.. Гитлер жеңилиптир. .. Элдер бири-бирине сүйүнчүлөп жүрүшөт...Жийде уккан кулагына ишенбегендей, нес боло түштү. Тамга жөлөнгөн боюнча, үн-сөзсүз телмирип турду да, шалдырай жерге отура кетти. Эки бетин алаканы менен жаба калып, ыйлап жиберди.
-Эмне ыйлайсың? Кубанбайсыңбы? .. Кызык го...
Кошуна келин Жийдени колтуктан ала өйдө тургузду да:
-Буюрса, күйөөң келет... Сага “кара кагаз” келген жок да.- деди жооткото.
-Ооба... Ооба... Келет... Колхозбегим кайда жүрөт? Ананайыным. .. Ошонун бактысына атабыз келет. Сөзсүз келет. Мен апама айтайын. Ал да сүйүнүп калсын, бечара. Уулун күтүп жүрүп, байкуш, карып да кетти...
Экөөнүн сөздөрүнө түшүнө албай, жалдырап, улам бирин карап турган Колхозбек апасынын этегинен тарткылап: “Апа, ыйлабаңызчы, ” - дегенинде гана Жийде уулун байкап: “Секетим, атаң буюрса, жакында келип калат,”- деди чачынан эркелете сылап.
Атасы азыр эле күлүп-жайнап кирип келчүдөй кубанган Колхозбек, так секире сыртка жүгүрдү:
-Ура-а! Атам келет! Ура-а!
Ошол сүйүнүчтүү кабардан кийин канча күндөр, айлар, жылдар өтпөдү дейсиң! Жийде үмүтүн үзбөй күтө берди. “Баланча келиптир,”- дегенди угаар менен Колхозбегин ээрчитип алып, жүгүрүп жөнөйт. “Сапарды көрдүңбү?” Биринчи эле суроосу Сапар болот. “Жок... Көргөн жокмун,”-дейт кай бири. Кээси суроосун жоопсуз калтырышат.
Бул кандуу согушта жабыр тартпаган үй-бүлө деле калган жок. Атасыз өскөн жетимдер, күйөөсүз калган жесирлер, эмчеги сыздап, зар какшаган канчалаган энелер калды. Согуштан кийинки жылдары элдин жашоосу оор болду. Бир канча айылда бир гана мектеп боло турган. Колхозбек да өзү теңдүү балдар менен кошуна айылга барып окуду. Жаздын күнү ылайга батып, кыштын кыраан чилдесинде кар жиреп эмне деген азаптарды көрүп окуду. Бирок ошол кездеги адамдардын пейили азыркы жыргал жашоонун шорпосун таткандардан бир кыйла айырмаланып турчу. Келечекке болгон үмүт, бири-бирине бир туугандай мамиле, карыларды сыйлоо...
Колхозбек мектепте да жакшы окуп, үйдүн жалгыз эркеги катары көп түйшүктү мойнуна алды. Ал кездин идеологиясынын күчтүүлүгү!
! Жалпы эл келечекке болгон үмүтү менен жашады. “Эл үчүн, Ата-Мекен үчүн”- деген ураан ар бир инсандын жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алган эле. “Биз келечекте Коммунизм курабыз!”- дегенге чын ниеттери менен ишенишчү. А, азырчы?!
ХХХХХХХХХХХХХХХХХ
Сексенинчи жылдардын аягында:”Коммунизм курабыз!”- деген ураандын чындыгына эл ишенбей калды. Көпчүлүк коммунисттер партбилеттерин ыргытып
, Коммунисттик идеология ичтен жеген диндин бир түрү деп чыгышты. Бир кезде карапайым элди дин менен башкарып келген болсо, ошол кез Коммунисттик идеология менен баш ийдирип турган. Колхозбек да, өмүр бою ишенип, туу тутуп келген нерселердин баары жөн гана утопия экенине көзү жеткенде, упчусун тарттырып жиберген жаш баладай томсоро түштү. Совет мезгили ыдырап, эл алапайын таппай карайлап калды.
Канча жылдап Москванын буйругу менен жашап келген он беш республиканын арасында Кыргызстан да бар эмес беле... Ансыз кандай болоор экен дегендей, жаңы гана өз алдынчалыкка жеткен жаш мамлекеттин келечегине ишенип-ишенбей, карапайым калк мүңкүрөй түштү. Бир заматта колхоз-совхоздор жоюлуп, завод-фабрикалар жабыла баштады. Элдин көбү жумушсуз калышты. Базар экономикасы күч алды... Эптеп жан багыштын айласы менен көпчүлүк шаарга агыла баштаган кез.
Совет кездеги көзгө көрүнбөгөн, болсо да жаап-жашырылып, “биз - совет эли, капиталист эмеспиз”-деп көмүскөдө болгон,байлык, мансап талашуу ачыкка чыкты. Көпчүлүк эл мал-жанын сатып, кедейленип бара жатса, базар экономикасын туура түшүнгөн кээ бири мал көбөйтүп, жеке чарбачылыкка өтүштү. Мамлекеттик мүлк деген түшүнүк жоголуп, жеке менчикке, башкача айтканда колдорунда барлардын, же көзү жеттиктердин карамагына өтүп кетти. Бай, кедей деген ачык эле билине баштады. Бир кезде жашыруун, элге жок нерселер катары көрүнгөн сойкулук, паракорлук, көчө таптамай, алып-жутмай деген терс көрүнүштөр жаандан кийинки козу карындай жайнап чыкты. Демократия десе эле, ажылдап сүйлөгөндөрдүн заманы болуп, чыгармачыл чөйрөдө да цензуранын күнү бүтүп, кыскача айтканда өз билемчелик катуу күчкө кирди...
Колхозбек калың катмардын ортосу болду. Бай болуп кетпесе да, мал-жанын сактап кала алды. Жер иштетип, мал багып, үй-бүлөөсүн жер караткан жок. Колхозбек жалгыз уулун бөтөнчө эркелетип өстүрдү. “Мен атасыз өсүп, кандай гана кыйынчылыктарды башыман өткөрбөдүм. Эми уулум эч нерседен кем болбосо экен,”- деп жатса-турса уулунун келечегин ойлоор эле.Билинбей жылдар учуп, уулу эрезеге жеткен кезде гана туура эмес тарбия бергенин, эми кеч болуп калганын түшүндү да: “Аттиң!”- деп ээрдин тиштеп отуруп калды. Колунан эч нерсе келбесе да, корсулдап катуу сүйлөп, көкүрөк көтөрүп мактанган уулу Колхозбектин сөзүн сөз дебей калган... Уулунун мерез мүнөзү кемпиринин көзү барында көп билинбеген. .. Баарын шаарга алар менен чогуу келгенден кийин билди...
Өмүр бою айылда жашаган Колхозбекке шаарда оор болду. Кылаарга иш таппай кайсалап, кайда басып, кандай кылыштын амалын билбей,күндөр кылымдардай созулду. Айылда жүргөндөгүдөй, таң кылайып атканда көзү умачтай ачылат да, дубал тиктеп жата берет. Кемпирин бөтөнчө сагынчу болду... Таң атпай уйларын сааган кеусу


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 20