Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

11 мар 2025

БАКЫТТЫН АЧКЫЧЫ

Энеси бар бала да, баласы жакшы эне да эч качан эрте карыбайт. Кудрети күчтүү Кудай да: "Бейиш энеңдин таманынын астында" дебеди беле?
Демек, апаңдын ар бир баскан кадамы сен үчүн бейиш. Бейишти өз көзүң менен көргүң келеби? Анда апаңа чын жүрөгүң менен кызмат кыл, Батасын ал. Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эр көгөрөт.
Тегирмендин ташындай салмак менен айланган дүйнө да бир ордунда турбайт. Сени аярлуу алаканына салып чоңойткон апаң да картаят. Сенин каш-кабагыңды гана карап калат. Аялыңа эмес, эң биринчи апаңа көңүл бур. Себеби "БЕРЕКЕНИН туткасы" энеңдин колунда турат.
Он сегиз миң ааламдын дидары энеңдин бир кубанганына жетпейт. Жылуу сүйлө, эмне берсең да күлүп бер. Ар бир барганыңда кооз көйнөк кийгиз, колуна алтын, күмүш так. Энеңдин жакшы касиеттерин айтып, көңүлүн көкөлөт, балача кубандыр.
Курбулары менен бирге эс алдырууга тырыш. Аңгемесин айтып, ичтеги черин таркатсын. Жакшы ресторанга стол жай. Жаны менен денесин сергите турган мончосун уюштур. Концертке жиберип, алдыңкы катардан орун алып бер, сезими чалкып толкундансын. Ааламдагы эң акылдуу, боорукер баланын энеси экенин сезсин.
Бүгүнкү толуп жаткан коучтар менен психологдор “БАКТЫЛУУЛУК АЧКЫЧЫ” деген темада ар кандай айла-амалдарды айтып, элдин башын айландырып, чөнтөктөрүн кагууда.
Эсиңизде болсун "Бакыттын ачкычы" ата-эненин ыраазычылыгында. "Бейиштин ачкычы" эненин таманынын астында. Кош ачкычты да, сиз бир гана ата-эненизге чын дилден кызмат кылуу менен гана аласыз.
Ата-эненин батасы - жабык эшикти ачып, өчкөн шамды кайра жандырат. Жер бетинде энелердин ыразычылыгы, алардын аруу, аппак, таза ниети чечпеген маселе жок. Андыктан башыңа кыйынчылык түшүп калса, ата-энеңизден кечирим сураңыз. «Мен үчүн Жараткандан тилек тилечи, апа!» «Мен үчүн Жараткандан сурачы, ата!» деп алардын ак батасына муктаж экениңизди эстерине салып туруңуз. Жана өзүңүз да тамыры жок дарак гүлдөбөй турган сыяктуу, ата-энеңиздин ыраазычылыгын албай, женишке жете албай турганыңызды эсиңизден чыгарбаңыз, батадан багың "жанат" бир тууганым...

БАКЫТТЫН АЧКЫЧЫ - 985850384725

Комментарии 11

Ырысбу Саликулова
Ырысбу Саликулова
11 мар 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Патма Касымбаева
    Патма Касымбаева
    Эн туура ар бир ата эне балдарына жакшылык гана каалайт,бирок улгайганда балдарынан конул буруусуна иуктаж.
    11 мар 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Парпиева Гулнура
    Парпиева Гулнура
    🎁🎁
    11 мар 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Орозалиева 1976
    Орозалиева 1976
    💋
    11 мар 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гулнара Жусупова
    Гулнара Жусупова
    🎁🎁🎁
    11 мар 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Кыргыз Кызы 🇰🇬
    Кыргыз Кызы 🇰🇬
    11 мар 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Бакыт Утуров
    Бакыт Утуров
    Ата - апа бейишта жашоонун маңызы апа - ата да ата апа жоок жашоо манызсыз Жоокта арман дүйнө тирүү болгондого
    11 мар 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Ajarkul Kaparovna
    Ajarkul Kaparovna
    👍👍🙏💐💐💐🎁🎁💐💐💐
    11 мар 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гуля Арзыматова
    Гуля Арзыматова
    ❤️
    11 мар 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    G B
    G B
    12 мар 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жөнөкөй Айым
    Жөнөкөй Айым
    👍🏻👍🏻👍🏻
    23 мар 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Смотрите любимое новогоднее кино в ОК!
    Собрали лучшее для вас 🧡
    Выбрать фильм
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 27 041Фото 21 994Видео 1 630Участники 39 147
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 27 041
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться