Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

6 янв 2025

#ТАРБИЯ..

Байыркы кездерден бери эле адамзат үйгө келе турган байлыктын агымын көбөйтө турган жөнөкөй сунуштарды карманган. Аялзаты үчүн маанилүү болгон мындай жөнөкөй сунуштамалар азыркы заманбап дүйнөдө да актуалдуулугун жоготпой келет. Анда үйүңүзгө байлыктын энергиясын алып келет (!) деген төмөнкү эрежелерге көз чаптырып көрүңүз.
1-эреже
Эң биринчи кезекте кире беришти таза кармаңыз. Кыргыздарда да “эшигин көрүп төрүнө өт” деп айтылат. Үйдүн кире беришинде эски-уску бут кийимдердин үйүлүп жатканы, таштанды, шыпырынды толуп калганы жаңы энергияга жол ачпайт экен. Эшигинин алдын таза кармай албаган адамдын жолу жабык болору айтылат.
2-эреже
Ар бир аткан таңда төшөгүңүздү жыйганды, эгерде уктоочу керебетте болсо иреттеп, үстүнө атайын жабууну жаап койгонду унутпаңыз! Кыргыздарда чоң энелерибиз “жыйылбаган төшөккө шайтан ойнойт” деп коюшкан. Андай болсо да, мындай болсо да чачык турган уктоочу бөлмөнүн энергиясы чарчап-чаалыгууну жана ооруну чакырат (!) деп коюшат.
3-эреже
Уктаар маалда ашканаңыз кандай абалда экенин текшерип көрүңүз. Ашканага жуулбаган кир идиш-аякты, тамак-аштын калдыгын калтырбай тазалап уктаган туура экен. Мунун баары адамдын уйкусунун толук канышына таасир берерин энергетика жаатындагы адистер белгилеп келишет.
4-эреже
Айрыкча көңүлдү ашкана үстөлүнө буруңуз. Уктай турган маалда анын үстүн таптаза кылып жыйнап койгонуңуз жакшы. Болгону жаңы бышкан жемиштер менен гүлдү дасторконго калтырууга болот.
5-эреже
Мүмкүнчүлүк болсо үйүңүз ар дайым таза болсун. Ал жакшы желдетилген жана гүл жыттанган абалда болсо, андан да сонун. Үйүңүздүн абалы жалпы психологиялык абалыңыздан кабар берип турат. Эгерде ийгиликтүү жана өсүп-өнгөн адам болом десеңиз, бакубат жашоодо жашайм десеңиз, турак жайды ар дайым таза кармоо керек болот. Тазалык – бул үйгө байлык келүүдөгү эң башкы эреже экен.
А.Нышанованын баракчасынан

#ТАРБИЯ.. - 983655032405

Комментарии 6

гулзада убрахимова
гулзада убрахимова
Эн туура телефон коруп окугандар ушул теманы окуса экен сабак бп калаар
6 янв 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    🌹Удача🌹 ❤️всегда с тобой ❤️
    🌹Удача🌹 ❤️всегда с тобой ❤️
    Соонун❤️😍🥰
    6 янв 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Ajarkul Kaparovna
    Ajarkul Kaparovna
    🎁
    6 янв 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Нуржамал Турусбекова
    Нуржамал Турусбекова
    Жакшы кенеш❤️
    6 янв 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айбийке Бакыт кызы
    Айбийке Бакыт кызы
    Мен бала кезде тайнем кечинде очоктун алдын кышында печканын алдын тазалап жат кызым периштелер конот деп айтканы азыр кунго чейин кулагыма жанырып турат ар дайым жатаар маалында тазалап анан жатамын тазалыкты олло суйомун уй тазалаган менин эн жакшы коргон жумуштарыма кирет.
    6 янв 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Умут Бекмаматова
    Умут Бекмаматова
    Эн туура айтыныз 🎁
    7 янв 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Рецепты куличей на любой вкус!
    Ищите вдохновение в новом разделе
    Перейти
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 28 001Фото 23 153Видео 1 633Участники 40 752
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 28 001
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться