
Аял-күйөө айырмачылыктар сүйлөшүү муктаждыктарында да билинет. Аялдардын эркектерге караганда көбүрөөк сүйлөөсү илимий жактан далилденген. Айрыкча, аялдардын сүйлөө мүмкүнчүлүгү да көп. Себеби, аялдардын мээсинин эки тарабында да сүйлөө борборлору бар. Эркектердин сүйлөө борбору сол тарабында гана жайгашкан.
Ал эми жубайлардын ортосундагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири; эркекке караганда аялынын көп сүйлөшү. Жубайлар бири-биринин жаратылыштарын түшүнүп, ошого жараша мамиле жасашса бул проблеманын чечилиши кыйын эмес
.Аялдар, унутпаңыздар!
Ооба, күйөөңүз сиздин өмүрлүк жолдошуңуз. Бирок ал аял эмес, эркек. Аны менен курбу кызыңыз менен сүйлөшкөндөй эртеден-кечке, бир канча саат маектешүүнү күтпөңүз! Ар бир айткан темаңызга кызыгып, көңүл буруу менен угат деп ойлобоңуз. Себеби, эркектер үчүн маектешүү кыздардагыдай маанилүү эмес.Эркек киши менен сүйлөшкөндө төмөнкүлөрдү эске алыңыз... Бул 17 кеңешти эске алган аялзаты баарлашууда болуп көрбөгөндөй ийгиликтүү болот!
1. Эркектер үчүн сүйлөшүүнүн аялдардагыдай көп максаты жок. Эркектер көбүнчө эки учурда гана сүйлөшөт. Биринчи- маалымат берүү, экинчи- күчүн сездирүү. Күйөөңүз сүйлөй турган нерсе сөз, биринчиден кайсы бир темада маалымат берүү үчүн айтылат. Сиз билүүгө тийиш болгон бирдеме болсо ошону айтат.
Дагы бири эркектер үчүн өздөрүнүн күчтүүлүгүн айтып берүү маанилүү. Жумушу, унаасы, же, жактырган футбол командасынын артыкчылыктарын, өзүнүн акылдуулугу, кайсы бир темадагы билимдүүлүгүн, ийгиликтерин айтып берүүнү жактырышат. Эркек мына ушул темаларда ырахаттануу менен сүйлөп берет.
2. Күйөөңүздү сүйлөтөм деп кыйнабаңыз. Бирдеме айткыңыз келип атканын билдирип, “Мени уга аласыңбы”- деп сүйлөшүн эмес, сизди угушун сураңыз. Эркек өзүнө басымды сезбесе, сиз сүйлөп баштаган кезде ортоңуздарда маек башталып кетет.
3. Эркектин маанайы пас болсо, аны сүйлөткөнгө эч аракет жасабаңыз. Бул жерде да эске алыңыз. Ал сиз сыяктуу эмес, карама-каршы жыныстагы адам- эркек. Аялдар ачууланганда сүйлөп атып тынчтанат, эркектер бир канча убакытка чейин сүйлөгүсү келбей калышат. Алгач унчукпай калып, бир топко чейин жагдайды ичинде ойлонуп, маселени чечүүгө аракет кылышат.Ошондуктан унчукпай калганда ага жабышып эле сага не болду деп сурай бербеңиз. Жөн коюңуз...Түшүнөм, сиз аялсыз, бардык нерсеге кызыгасыз. Эмне болгонун билгиңиз келип турат. Бирок, минтсеңиз, күйөөңүз ачуусун сизден чыгарышы мүмкүн. Сабыр, сабыр, сабыр... Дүйнө сыноо... Аллахтан бекем сабыр сураңыз.Эгер сиз сабыр этип, аны жөн койсоңуз, дартын сизге тезирээк айтып берүү мүмкүндүгү жогорулайт. Бирок, сурай берсеңиз, айтам дегенин да айтпай коюшу мүмкүн. Сиз сүйлөгүңүз келген менен, ал сүйлөгүсү келбей аткандыр. Сыйлай билиңиз.
4. Күйөөңүздү суроо берип, сүйлөгөнгө мажбурлабаңыз. Аялдар үчүн суроо берүү маектешүүнүн башаты. Бирок, эркектер суроо бергенди жактырбайт. Суроо сураганда өздөрүн суракка алынгандай сезишет.
5. Күйөөңүз телевизор көрүп атканда, же компьютерде отурганда, же кайсы бир иш менен алектенип атканда аны менен сүйлөшүүгө аракет жасабаңыз. Сизди угушун да күтпөңүз. Эркектердин мээсинин эки жарым шарынын ортосундагы байланыш аялдарга караганда ичке болгондугу үчүн, эркектер бир учурда бир канча ишти жасоодо кыйналып калышат. Ал бир нерсе менен алектенип атканда суроо берсеңиз, сизге жооп бербейт. Бул өзгөчөлүгүн билип алыңыз да, “күйөөм мени баалабайт, мага көңүл бурбайт, мени укпайт” -деп кайгыра бербеңиз.Устара менен сакалын оңдоп же дагы башка ушул сыяктуу көңүл бурууну талап кылган иш жасап жатканда такыр эле сүйлөбөңүз.
6. Үн катуу чыгып турган, ызы-чуу бар жерлерде сүйлөгөнгө аракет кылбаңыз. Мисалы телевизор коюлуп турганда, же балдарыңыз чуркап ойноп атканда. Себеби, эркектер сүйлөшүп атканда башка нерселерге тез алагды болуп кетет. Күйөөңүз менен сүйлөшкүңүз келсе, балдарыңызды бөлмөсүнө жөнөтүп, тынч атмосфераны камсыздаңыз...
7. Күйөөңүз менен сүйлөшүп жатканда бир тема бүтпөй туруп, экинчи темага өтүп кетпеңиз. Аялдар бир нерсени айтып жатып эле, же угуп жатканда башка темаларга опоңой кирип кетип, кайра мурунку темасына кайтып келип уланта беришет. Эркектер сүйлөшүп жаткан теманы бүтүрбөй туруп, башка темага өткүсү келишпейт. Мисалы күйөөңүз бүгүн болуп өткөн окуяны айтып атканда, сиз паркта же балаңыздын мектебинде болгон бир окуяны айтып баштасаңыз күйөөңүз мени укпайсың деп ачууланышы мүмкүн. Ошол эле темада айта тургандарыңыз болсо да анын сөзүн кеспеңиз. Эркектер айтайын деген сөзүн унутуп коюшу да мүмкүн.
8. Сүйлөп атканда көп майдалап түшүндүрбөңүз. Эркектердин мээси жыйынтыкка багытталган. Жыйынтыкка жетүүдөгү процесс аларды кызыктырбайт. Ошондуктан, айтып берип аткан теманы узартып, майда-чүйдөлөргө бөлсөңүз башы чаташып, качан аягына жетет деп чыдамсыздана баштайт.Мисалы көйнөк алдыңыз. “Сүйүктүүм, көйнөк алдым, кандай экен? Жактыбы?” деген гана сүйлөмдү айтканыңыз жетиштүү. Үйдөн чыккандан баштап көйнөк алганга чейинки бардык окуяларды, көйнөктүн сиз көргөн башка түрлөрүн, арзандатууларды башка курбуларыңыз менен сүйлөшкөнүңүз туура.
9. Сүйлөп атканда үнүңүздүн тонуна көңүл буруңуз. Үнүңүздүн тону ага жагымсыздык жаратпасын. Мен кыйынмын дегиси келген аялдар күйөөсүнө үнүн көтөрүп катачылык кетирет. Бул да ортоңуздардагы мамиленин начарлашына себеп болот.
10. Эч качан күйөөңүздү урушкандай сүйлөбөңүз. Сүйлөгөнүңүз жаман болсо, дүйнөнүн сулуусу болсоңуз да сиздин сулуулугуңуз анын көзүнө көрүнбөйт. Сизди желмогуздай көрүп калат.Урушкансып чукчуңдап сүйлөсөңүз, сизди жана сиздин муктаждыктарыңызды да экинчи планга калтырышына себепчи болосуз. Бакырып-өкүрүп, урушуп сүйлөгөндү токтотсоңуз; жумшак, сүйкүмдүүаял болсоңуз, проблемаларды чечүүңүз да жеңил болот.
11. Эркекке өзүнүн жоопкерчиликтерин улам кайталап эстете бербеңиз. Кайра-кайра сүйлөнүп атып, күйөөңүздүн өзүн күнөөлүү сезишин камсыздап, аны жакшы жакка өзгөртөм деп ойлобоңуз. Антүүнүн эч пайдасы жок. Кайталап атып сиз күйөөңүздү ачууландырасыз же, көңүл кош болушун камсыздайсыз. Сиздин сүйлөнгөндөрүңүздү укпоонун жолдорун издеп баштайт. Мисалы: гезит, телевизор, компьютер...ж.б. Айрыкча бул көрүнүш сизге да жаман таасир этет. Бир канча убакыттан кийин кайталай бергенди токтотуп, өзүңүздү айласыз, бечара сезип баштайсыз.
12. “Мени дайым капа кыласың” дегендей сөздөр менен сезимдериңизди айта бербеңиз.. Эркектердин мээси чындыктарга жана фактыларга негизделгендиги үчүн, создөрдү да ошого жараша кабыл алат. Сиз кечке арыздана берсеңиз, сизди кесир деп ойлоп калышы мүмкүн.13. Каалаганыңызга жетүүнүн жолу уруш чыгаруу эмес: жакшы сөздөр менен айтуу жана назик, жумшак суроо. Какшыктоо, чукуп сүйлөө, ачуусуна тийүү туура эмес. Күйөөңүздөн бирдеме сураганда көңүл бурушуңуз керек болгон нерселер төмөнкүчө:Cүйлөөгө ылайыктуу убакытты күтүңүз: күйөөңүз чарчап келгенде, ачууланган учурда, башка нерсеге көңүл коюп жасап атканда андан эчтеке сурабаңыз. Бир аз сабырдуу болуп, күтө туруӊуз.Туура сөздөрдү колдонуңуз. Буйрук бергендей сүйлөбөңүз. Мажбур түрдө жасайсың дегендей сүйлөөнү жок кылыӊыз. Жумшак тил менен сураныңыз.Кепти узартпаңыз. Кыска жана нуска айтыңыз. Сөз узарып кетсе, таасири аз болот. Эмне үчүн көйнөк алгыңыз келгенин айтуу үчүн, өзүнчө бир аңгеме айтуунун кажети жок. Сөзүңүз узарса, аны көндүрүү кыйындашат. Жок деп коюшу жеңил болот.Кыйыр түрдө сүйлөбөңүз. Бир нерселерди кыйытып айтпаңыз. Ачык, так болуңуз. Эмне кааласаңыз, ошону назик тил менен айтыңыз.
14. Аялдар эркектерди кыйытып айткан сөздөрдү билет, түшүнөт деп ойлошот. Бирок, эркектер андай эмес. Күйөөңүз менен сүйлөшкөндө кыйытып айткандан жана ишараттагандан мүмкүн болушунча алыс болуңуз. “Кийин мени түшүнбөйт” деп өзүңүз жөн жерден капа болосуз.Эч качан кыйытып сүйлөбөңүз. Мисалы, кафеге же ресторанга баргыңыз келип атат. Муну айтуу үчүн “Канчадан бери кафеден тамак жей элекпиз” деген; “Камкор күйөө эмессиң, мени ойлоп тамактануу үчүн бир жакка алып барбайсың, мага көңүл бурбайсың” деген маанини берип калат.Мындай кыйытып айткандын ордуна “Бүгүн кечинде кафеден бирдеме жегим келип атат. Сага ыңгайлуу болсо, барып келелиби?” дегениңиз жакшы натыйжага алып келет. Ал күнү бош эмес, же баргысы келбей аткан болсо, “жок” дегенине албууттанбасаңыз, жакынкы убакта сиздин сөзүңүздү эстеп, тамакка алып барып келет.
15. Эркектер кыска-нуска сүйлөшөт. Аялдарга караганда сүйлөмдөрү да кыска. Айта турганын айтат, жыйынтыгына жетет. Эркектердин эмне айткысы келгенин тушүнүү оңой. Сиз да сүйлөгөндө ашыкча узун сүйлөм менен түшүндүрбөңүз.
16. Унаа менен бир жакка баратканда, бара турган даректи жолдогулардан суроого мажбурлабаңыз. Аялдар үчүн бирөөгө суроо менен кайрылуу катардагы иш болгон менен, эркектер үчүн оор болушу мүмкүн. Балким, дагы бир аз ары-бери айдап убарачылык тартат, бирок, кам санабаңыз, жоголбойсуз. Бир аз сабыр кылыңыз. Унчукпай отурсаңыз, бара турган жерге жеткирсе керек. Антпесеңиз, сапарыңыздарды урушуп атып улантасыздар.
17-Күйөөңүздү шылдыңдабаңыз, мазактабаңыз, басынтпаңыз, сүйлөгөндө бетине караңыз. Ага сөзүңүз менен, аракеттериңиз менен канчалык сыйлаганыңызды, маани берээриңизди сездириңиз. Аны таарынта турган сөздөрдөн алыс болуңуз. Керек болсо, туура эмес айтып алган сөздөр үчүн кечирим сурап коюу да жакшы.
#25

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10
Акылдуу аялдар окубаса да оздору билет....
Бирок жакшы жазылган ..
Кошулат элем.
Балдарымдын атасынын мактанып суйлогон созу бар болчуу,досторуна.,,Силердин аялынар тил кайтарганы учун таяк жесе, менин аялым унчукпаганы учун таяк жейт"- деген.
Ал откон чак болуп калды мен учун.
Балдарымдын атасы деген наам менен калды.
Мен аны кечирдим да, ансыз жашоомду улантым,окунбойм .....
Адамды адамдык касиети учун жакшы коруп сыйлап жургулочу кийген кийими учун эмес сырты жалтырак ичи калтырак деген макал так азыркы учурга топ келип жатат
Айласыздан жашап жаткандыгын билдирет жоолук болбогондо жолго чыгарып салмак аялы ал учун пустое место
Заман ушундай деп Европаны туурап кеткенибис болбос....
Биз мусульман экенибизди унутпашыбыз керек.
21- кылымда ар ким оз каалоосундай кийингенге акысы бар....бирок чегинде болушу керек.