Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

29 окт 2024

• Апа, мени менен сүйлөшкөндү жакшы көргөнүңдү айтчы.

Мен чоңоюп, өзүмдүн кызыктуу адам экенимди билейин.
• Апа, мага ыйлаганы, ачууланганы, кайгырганы, сүйүнгөнү тыюу салбачы. Өзүң ачык болуп, сезимдериңди көрсөтүп, катаңды мойнуңа алчы. Мен чоңоюп, менде баары жайында экенин билейин.
• Апа, менде эмне болуп жатканын байкачы. Мен башка адамдар менен эмоционалдык жакындыкка жөндөмдүү болуп чоңойойун.
• Апа, мен кыйналганда, жаңылганда, ойлорум ишке ашпай калганда мени сооротчу. Жазалоонун ордуна сооротчу. Чоңоюп, өзүмдү да, башкаларды да колдой алайын.
• Апа, менден эмнени жакшы көрөөрүмдү сурачы, менин муктаждыктарымды жана кызыкчылыктарымды эске алчы. Мен чоңойуп - өзүмө жана башкаларга кам көрө алайын.
• Апа, сага “жок” деп айтууга, кээде сени менен макул болбоого, каршылык көрсөтүүгө уруксат берчи. Мен чоңоюп, “жок” деп айта алайын.
• Апа, мага эркиндик берчи, мени дайым башкарганды, текшергенди токтотчу. Ошондо мен жоопкерчиликтүү болуп чоңойом.
• Апа, мага сезимдер жөнүндө айтып берчи. Мен чоңоюп, өзүмдү түшүнөйүн.
• Апа, сен жакшы көргөн нерселердин баарын жакшы көрбөөгө, сен каалагандын баарын каалабоого, кээде сен каалагандай болбоого уруксат берчи. Мен чоңойуп - чыныгы каалоолорумду түшүнөйүн.
• Апа, мени чоң адамдардай болууга шаштырбачы, балалыгымды жашайын. Мага алсыз, кичинекей, муктаж болууга уруксат берчи, чоңойгондо өз алдынча болойун.
• Апа, мени болгонумдай жакшы көрчү. Мен чоңоюп, өзүмдү баалуу сезейин.
• Апа, бала кезимде жанымда болчу. Чоңойгондо жалгыздыктан кыйналбайын.
• Жана дагы бир нерсе, мени бат-баттан кучактап турчу, суранам.
Сен канткенде да, сени дайым жакшы көргөн, сага дайым муктаж болгон, сени дүйнөнүн эң сулуу апасы катары көргөн сенин балакайың…🤍

• Апа, мени менен сүйлөшкөндү жакшы көргөнүңдү айтчы. - 981297505365

Комментарии 6

Жөнөкөй Айым
Жөнөкөй Айым
Фото
29 окт 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Лимон🍋 Лимон 🍋
    ❤️
    29 окт 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Фатима Танабаева
    Фатима Танабаева
    🎁
    29 окт 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Рахат Тургамбаева
    Рахат Тургамбаева
    Соонун создор кулакка синирип алчу!
    29 окт 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Минура Бердибекова
    Минура Бердибекова
    🥺🤢
    29 окт 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жыпаркул Кулова
    Жыпаркул Кулова
    Эне балдарына эч качан жамандык каалабайт азыр көпчүлүк жаштар өз алдынча болгусу келет анда бүт баардык жактан өздөрүн камсыздасын.Эне баласы курсагы ток ушубой кырсыктан тышкары болсо экен деп баласына эскерте берип өзү кайгы тартып оорукчан болуп тез картайып атпайбы.Балам балалуу болгондо көрөөрсүн дегенди эстегиле.
    9 ноя 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 27 343Фото 22 353Видео 1 632Участники 39 627
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 27 343
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться