Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

26 сен 2024

ТӨРТ УУЛДУН ОКУЯСЫ

Дүйнөдөн Атанын көзү өткөнү өтө кыйын экен . Таш түшкөн жеринде оор дешет .
Айрандай уюп жаткан бир айылдагы бир үйдүн Атасы дүйнөдөн кайтыш болуп , аялы менен төрт уулу калды .Бул жоготуу Асман айланып түшкөндөй , чынар терек кулагандай бир бүлөөнүн эсин оодарып койду . Үйдүн чоң уулу бул жоготуудан соң тез эле чоңойо түшкөнсүдү . Шаарга барып окууга тапшырып , соң адам болом деген үмүттөрү бар эле . Атасы өлгөн соң үч иниси менен апасын таштай албай бир үйдүн тиргилигин мойнуна алды . Короодо калган он койдун башын курап айылда калды . Айылда кайсы кара жумуш болсо башында ошол болуп , инилерин бой жеткизди , окутту , чокутту . Убакыт деген учкан куш эмеспи . Убара менен жүрүп жыйырма жыл өтүп кетти . Инилерин эч нерседен кем кылбайм деп жүрүп чачтарын ак аралап калгыча өзү тиргиликтен артта калганын сезбей калды . Өзүн эмес өзгөнү ойлогон инсандар ушундай болот экен . Тек гана кээде аялы турмушуна наалынып калат . Ошентип Апасы да оо дүйнө салды . Үнүрөйгөн үй калды .
Шаардан инилери келиндер менен конок болуп келе турганын айтып кабар жиберишти . Кабарды уккан аялы от алып кетти . Ичинде кандай сезимдер бар белгисиз айтор айтылбай турган сөздөр айтылып кетти .
- Үйдүн чоңу деп жүрүп , ушу инилерим деп жүрүп жыйырма жыл өттү . Жок дегенде бутуңду артып жүргөнгө жаман машина албадык . Башпаанек кылган үйүбүздүн кебетеси бул . Жок дегенде инилериң эртерээк айтып койбойт . Аларга койгонго дасторконго эч нерсе жок . Бул деген өмүр . Мен башта айтканмын . Шаарга көчүп кетели . Үй салалы деп . Ушул дагы өмүрбү?
-. Ой Катын болду эми . Токтот сөзүңдү . Мындан жыйырма жыл мурун кара тумандын арасында калган күндөрдү билесиңби ? Ошол кара тумандын арасында кай тарапка басаарды билбей калдык . Жалгыз Апам менен бир туугандарыма өмүрүмдү курман чалбасам азыр инилеримдин күнү эмне болот эле ? Өмүр ушул боюнча бүтүп кетмек беле ? Кудайдын бизге арнап койгон сыйы бардыр .
Инилери келиндери үйгө кирип келишти . Кучакташып көрүшүп дасторкон үстүнө отурушту . Өздөрү ала келген таттуулар менен дасторкон көркүнө чыга түштү . Чай ичилип бүткөн соң бир иниси соз баштады .
- Айланайын менин чоң агам , алтындай жеңем . Биз үчүн өмүр арнап , ушул айылдан шаарга көчпөй отурдуңуздар. Бизди эр жетилтип окуттуңуздар. Сиздерге таазим кылам . Сиздерге сыйым бар . Шаардан төрт бөлмөлүү үй алып , докмент кагазын сиздин атыңызга жаздырдым . Мынакей ачкычы .
Аганын көзүнөн жаш кылгырып , сүйүнүп отурду . Жеңеси да бир бурчта ыйлап жатты .
Дагы бир иниси соз баштады
- Менин сизге сыйым бар . Унаа алып берүүгө чогулткан акчам бар эле . Ошону кабыл алыңыз . Менден кичүү иним унаа алганын угуп акчасын эле алып келдим - деп акча сунду .
Кичүү иниси
- Иий ага айтып койдуңуз да . Эми кызыгы болбой калды да .
Баары күлүп агасын куттуктап жатышты .
Ушул кезде агасы менен жеңеси көздөрүнөн эле эмес жүрөгүнөн да сүйүнүчтөн ыйлап жатышты . Алар дүйнө мүлккө бир заматта бөлөнүп калганына эмес , бир туугандарынын адамдык касиеттерге кенелип өскөнүнө сүйүнүп ыйлап жатышты .
#сабак

ТӨРТ УУЛДУН ОКУЯСЫ - 980078990165

Комментарии 36

Аскар И
Аскар И
26 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жаныл Жетиген кызы
    Жаныл Жетиген кызы
    26 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Неля Кулова
    Неля Кулова
    Ушундай ыймандуу балдар коп болсун🤲🤲🤲
    26 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Гулкайыр Боконова
    Гулкайыр Боконова
    Бир туугандардын аялдары жакшы экен, аял жаман болсо бир туугандар алыстап кетишет. Келиндерге нысап, ыйман берсин.
    27 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Адилбек Тагаев
    Адилбек Тагаев
    Жакынды алыс кылган да
    Алысты жакын кылган да аял
    Аялдарга
    Аллахым ыйман ынсап берсин
    Аялдары жакшы үчүн бир туугандар ынтымак
    Аялдары жаман болсо бир бирине душман болушмак
    27 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Не Важный
    Атин ушундай боорукер ,акылдуу уулдар бар бекен,аялдары ыймандуу келиндер бар бекен же жомокбу.Азыркы заманда инилери агасына эмес,Ата энени жакшылыгын билбегендер,келиндери,авысын эмес,кайненеге ызаат кылбагандар бар,эгер ушундай уулдар болсо ,чын дилимден алкыш айтып ,таазим кылаар элем
    27 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жанна Ахматовна
    Жанна Ахматовна
    Соонунго.Ушундай бир туугандар коп болсо.❤️❤️❤️
    27 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айгуль Ахмедова
    Айгуль Ахмедова
    😍😍
    28 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Туголбай Заиров
    Туголбай Заиров
    Эээээ Чыныгы жомок экен
    28 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жыпар  Тезекбаева
    Жыпар Тезекбаева
    28 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жыпар  Тезекбаева
    Жыпар Тезекбаева
    Бир тууганы бар Адам кандай жакшы Бир туугандар аман эсен болгула
    28 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Монус Жолдошовна
    Монус Жолдошовна
    Ушундай бир туугандар бар болсун кооп болсун арабызда Аминь!!!!❤️❤️
    30 сен 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    А З  Т
    А З Т
    3 окт 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    А З  Т
    А З Т
    3 окт 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    А З  Т
    А З Т
    3 окт 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    А З  Т
    А З Т
    3 окт 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Нургуль Акылбек кызы
    Нургуль Акылбек кызы
    Инилерине дагы рахмат акесинин мээнетин баалашканына
    5 окт 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Базаргул Ормонова
    Базаргул Ормонова
    Ушундай инилер бар го ошого макул болгон келиндер бар бекен
    5 окт 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айжан Эсенбаева
    Айжан Эсенбаева
    Баардык биртуугандарга ушундай ынтымак бер.
    9 окт 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Венера Омуркулова
    Венера Омуркулова
    ❤️
    9 янв 2025
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Смотрите любимое новогоднее кино в ОК!
    Собрали лучшее для вас 🧡
    Выбрать фильм
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 27 019Фото 21 959Видео 1 630Участники 39 105
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 27 019
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться