Предыдущая публикация
Бакыт Үйү

Бакыт Үйү

12 авг 2024

БОЙРОКТУ ТАЗАЛАГАНДЫ БИЛЕСИЗБИ?

Ден соолук менен сулуулукту өз колубуз менен жасайлы
Бөйрөк оорусу кимдерди көп тооруйт?
Бөйрөк оорусу өтө эле арык, узун бойлуу адамдарга көп жармашат. Мындай адамдарда бөйрөктү калыптагыдай абалда кармап турууга жардам берүүчү май капсуласы жакшы өөрчүгөн эмес. Демек, бөйрөктүн ылдый түшүп калуу коркунучу бар.
Бөйрөк оорусунун ар кандай түрлөрү менен эркектерге караганда аялдар көбүрөөк оорушат. Бул аялдын организминин физикалык жана анатомиялык өзгөчөлүгү менен түшүндүрүлөт. Көпчүлүк учурда бөйрөктүн ишинин бузулушу аял кош бойлуу кезинде башталат.
Орто жаштагы жана андан өткөн эркектер да бөйрөк оорулары менен көп жабыркашат.
Эгерде кимде-ким тиш жана тамак ооруларын өз маалында дарылатпаса, бул адамдарда бөйрөк ооруларына чалдыгуу коркунучу жогору болот. Анткени, кариес, тамактын сезгенүүсү бөйрөк ооруларын чакырат. Бул инфекциялардын козгоочулары кан аркылуу бүт организмди айланып жүрө беришет да, анан дал ушул бөйрөктөргө барып "отурукташып" калышат. Өзгөчө ангина коркунучтуу - ал өтүшүп кеткенде бөйрөк катуу жабыркашы мүмкүн.
Эмгекчилдерге караганда жалкоолор бөйрөк ооруларына көп чалдыгышат. Анткени, көп кыймылдоо зат алмашууну, бөйрөктөрдүн жашоосун жакшыртат. Канчалык көп кыймылдасаңыз бөйрөктөр кан менен ошончолук жакшы камсыз болуп, заара көп бөлүнүп чыгат. Андыктан, жалкоолорго караганда эмгекчилдердин бөйрөгүндө таштын пайда болушу аз болот, болсо да жаш курагы жогорулап калганда пайда боло баштайт.
Бөйрөктүн абалын зааранын түсү аркылуу аныктоо
Эгерде заараңыз кызыл, кызгылтым түстө болуп, тунук болбой киргилтим тартып турса, анда заараңызда кан болушу ыктымал. Бул инфекциядан же заара бөлүп чыгаруучу системадагы шишиктен кабар берет. Тезинен дарыгерге жөнөңүз!
Эгерде заара ток сары түстө болсо, анда тынчсыздануунун кажети жок. Эгер суюктукту аз ичсеңиз заара түсүн ушинтип өзгөртөт.
Кочкул-күрөң түстөгү заара гепатиттин белгиси.
Кээде заара жашыл же көгүш түскө ээ болуп калышы мүмкүн. Мындан чочулоонун кажети жок. Болгону ошол учурда сиз курамына боёктор кошулган жасалма азыктар менен тамактангансыз.
Ал эми калыптагыдай зааранын түсү ачык сары болууга тийиш. Бирок ичкен суюктугуңуздун өлчөмүнө жараша өзгөрүлүп тура берет. Тактап айтканда, суюктукту канчалык көп ичсеңиз заараңыздын түсү ошончолук ачык болот да, аз ичкен сайын кочкул тартып кете берет.
Эгерде бөйрөктөрүңүз ооруса...
эки көзүңүздүн астында "мүшөкчө" пайда болуп калат;
бир суткадагы заараңыздын өлчөмү азаят;
дааратканага тез-тез барасыз, бирок, аз-аздан гана заара бөлүнүп чыгат;
заара ушатуу ачышуу менен коштолот;
заара тунук болбой, киргилт болуп чыгат;
көздүн көрүүсү начарлай баштайт.
Мындай учурларда тезинен дарыгерге көрүнүү зарыл. Ал эми бөйрөктөрүңүздү мындай абалга жеткирбөө үчүн аларды маал-маалы менен тазалап туруу сунуш кылынат.
Бөйрөктү үй шартында тазалоо
Бөйрөк - организмге зыяндуу заттарды жолотпой, аны тазалап туруучу фильтр. Ошондой эле бөйрөктөрдүн жардамы менен зат алмашуу туура жүрөт, жалпы организм ичиндеги тең салмактуулук сакталат жана жаңы эритроциттердин пайда болуу процесси жүрөт. Бирок, төмөнкү бөйрөктөрдү үй шартында тазалоо ыкмалары курч кармаган жана өнөкөт бөйрөк оорулары жокторго гана сунушталат.
Дарбыздын жардамы менен
Бөйрөктөгү таштардан арылуунун эң жагымдуу жана жөнөкөй ыкмасы. Бул ыкманы жыл сайын дарбыз жакшы бышкан маалда колдонсоңуз болот. Ал үчүн бир нече даана дарбыз жана кара нан сатып аласыз. Бул азыктар менен бир жума бою тамактанасыз. Дарбыз тамактын да, суусундуктун да ролун аткарат, ал эми нанды өтө ачка болуп кеткенде жейсиз. Мындай диета алсыздыкты, жүрөктүн оорушун чакырышы мүмкүн. Заара болсо киргилт тартып кетет - булардын баары бөйрөктөн кумдардын чыгып жаткандыгынын белгиси.
Бөйрөктөр кечинде активдүү иштейт. Андыктан, күн сайын кечинде мындай ыкманы колдонсоңуз болот: жылуу суу толтурулган ваннага отуруп, ошол эле калыбыңызда ашказаныңызга батышынча дарбыз жейсиз. Жылуу суу заара бөлүп чыгаруучу жолдорду кеңейтет, ал эми дарбыз болсо бөйрөктөгү кум менен кичинекей таштардын заара аркылуу сыртка тез чыгышын шарттайт.
Ит мурундун жардамы менен
Ит мурундун курамындагы заттар бөйрөктөгү таштарды майда кумга айландырып жибергенге жөндөмдүү. Андыктан, бул ыкмада ит мурундун маңызын пайдаланасыз. Маңыз мындайча жасалат: ит мурундун 2 чоң кашык мөмөсүнүн үстүнө 1 стакан (200 грамм) суу куюп, 15 мүнөт кайнатасыз. Муздагыча күтө турасыз да, андан кийин тундуруп аласыз. Маңыздын түсү канчалык кочкул болсо, анда пайдалуу заттар ошончолук көп болот. Стакандагы маңызды тең үчкө бөлүп, эртең менен биринчи бөлүгүн, түштө экинчи бөлүгүн, кечинде үчүнчү бөлүгүн ичесиз. Бөйрөктү ит мурун менен тазалоо мөөнөтүнүн узактыгы - 2 жума.
Жашылча ширелеринин
жардамы менен
Бөйрөктү тазалоого жайында бадыраң ширеси, күзүндө ашкабак ширеси жардамга келет. Бир стакан ширени тамактанууга жарым саат калганда бир күндө 3 жолудан ичишиңиз керек. Бул эки жашылчанын ширесин аралаштырып ичсеңиз да болот.
Алманын жардамы менен
Алма диетасы 3 күнгө эсептелинген. Эртең мененки тамактын ордуна 1 стакан алма ширесин ичесиз да, анан ортолорунда эки сааттан тыныгуу кылып күн бою 2 стакандан ичесиз. Бул 3 күн ичинде алма ширесинен башка эч нерсе жебешиңиз да, ичпешиңиз да керек.
Карагаттын жардамы менен
Карагаттын бир нече даана жалбырагын таза жууп, үстүнө 0,5 л кайнак суу куясыз. 15-20 мүнөт демделип тургандан кийин жалбырактарды сыгып, ыргытып жибересиз. Алынган маңызды отко коюп, дээрлик кайнаганга чейин ысытасыз. Анын үстүнө 2 чоң кашык жаңы же кургатылган карагаттын мөмөсүн салып, дагы демдеп коёсуз. Андан соң маңызды жарым стакандан иче бересиз. Бул диетаны колдонуунун чеги жок, карагаттын маңызынын организмге эч кандай зыяны жок, тескерисинче, ал ден соолукту бекемдейт.#пайдалуу
Ылайым эле оорубаңыздар 🤲
Окуп жана бөлүшүңүз мүмкүн кимдир бирөөгө кереги тиет
🖋️Авторун жазбай калышыптыр,кечиресиздер, бөлүшүп койдук...

БОЙРОКТУ ТАЗАЛАГАНДЫ БИЛЕСИЗБИ? - 978328651605

Комментарии 3

Эрматов Эрматов
Ассалам алейкум туура Узун адамдар Жана кыймылсыз адамдар дегени тура айттылыптыр бирок жумушун кечке уктамай болсо эмне кыл дейсинер
19 авг 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айчурок Эргешова
    Айчурок Эргешова
    Соонун жазыптыр.
    20 авг 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Мухаммед Максымбеков
    Мухаммед Максымбеков
    Слишком көп нерсени жазбай сөздүн кыскасын жана ачыгын жазсаңар болмок целый китеп жазбай Автор КЫСКА НУСКА жазышты үйрөн.
    22 авг 2024
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    Бакыт Үйү

    Бакыт Үйү

    ЛентаТемы 28 015Фото 23 175Видео 1 633Участники 40 797
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 28 015
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться